Демилгелер Демократиялык башкаруу Экс-президенттик институт

28.05.2015

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Корея Республикасына визити

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева 2015-жылдын 27-майында Сеулда Кореянын алдыңкы Ханкук университетинде Кыргызстандагы экономикалык жана демократиялык өнүгүүнүн маселелери жана көйгөйлөрү жөнүндө лекция окуду.   Ошондой эле ал 2015-жылдын 19-22-майында Инчон шаарында Глобалдык билим берүү Форумуна катышты, анда 2015-2030-жылдардагы мезгилде дүйнөдө билим берүүнү өнүктүрүүнүн багыттары иштелип чыкты.   Кыргыз Республикасынын ...
27.05.2015

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаеванын Кореяда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушуусу болуп өттү

2015-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Исаковна Отунбаеванын Кореяда жашап жаткан кыргызстандыктар менен жолугушуусу болуп өттү.   Жолугушууга эмгек мигранттарынын жана студенттердин өкүлдөрү, Кореянын жарандарына турмушка чыккан аялдар, ошондой эле «Биримдик» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү катышты.   Роза Отунбаева Кореянын Инчхон шаарында (19-22-майда) өткөн Дүйнөлүк ...
17.04.2015

КР экс-Президенти Р.Отунбаева ишсапар менен Нарын облусуна барды

Нарын облусуна жумушчу ишсапардын алкагында КР экс-Президенти Роза Отунбаева 2015-жылдын 16-апрелинде Эмгекчил айылындагы мектепке барды, ал жерде мектеп тамак-ашын уюштуруу менен таанышты, ошол эле айылдагы балдар бакчасына барды, администрация жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин кампусунун курулуш аянтында болду.   Андан соң облустук мамлекеттик администрацияда Р.Отунбаеванын айыл ...
17.04.2015

Роза Отунбаева Нарын жана Ысык-Көл облустарына барды

Роза Отунбаева Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул жөнүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун басма сөз кызматы билдирет.   Алсак, 16-апрелде экс-президент Нарын облусунда болду. Ал жерде ал, биринчи кезекте, балдар жөнүндө сөз сүйлөдү, анткени туугандары жана чоң энелери менен жашаган балдар – Кыргызстан үчүн катардагы көрүнүш. Мындайлар Нарын облусунда да көп. Отунбаева нарындыктарды балдар ...
17.04.2015

Жумушчу ишсапардын жүрүшүндө КР экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын Ысык-Көл облусунун активи менен жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн, 17-апрелде, КР экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын балдарды наристе курактан тартып өөрчүтүү, облустун балдарын мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жакшыртуу жана арттыруу маселелери боюнча Ысык-Көл облусунун активи, мектеп директорлору, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү НПОлордун лидерлери менен жолугушуусу болуп өттү. Балдарды наристе курактан тартып өөрчүтүүнүн маанилүүлүгү, балдардын ...
17.04.2015

Р.Отунбаева Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлик органдарына жайыттарда жайкы балдар бакчаларын уюштурууну сунуш кылды

Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева 17-апрелде Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул жөнүндө Turmush кабарчысы билдирет.   Жолугушууда Р.Отунбаева жергиликтүү бийлик органдарына жайыттарда жайкы балдар бакчаларын уюштурууну сунуш кылды.   Ал өткөн жылы бүткүл өлкө боюнча жайыттарда 35 балдар бакчасы ачылганын айтып берди. Үстүбүздөгү жылы 100 балдар бакчасын ачуу пландаштырылып жатат. «Мындай балдар бакчалары малчылардын ...
09.04.2015

Роза Отунбаеванын «Ханс Зайдель Фондунун» президенти Урсула Мэннле менен жолугушуусу болуп өттү

Жакында, 2015-жылдын 8-апрелинде, саат 19.00дө Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын «Ханс Зайдель Фондунун» президенти Урсула Мэннле менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу учурунда өлкөнү өнүктүрүү маселелери жана эки фонддун кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.   Маалымдама. «Ханс Зайдель Фонду» 1967-жылы негизделген. Ал немецтик саясий фонд болуп саналат, ал өзүнүн максатын «Демократиянын, тынчтыктын жана өнүгүүнүн ...
08.04.2015

Отунбаева: Биз тандаган жолубуздан кайтпашыбыз керек

Дүйнө коомчулугу Кыргызстандагы Апрел ыңкылабы жана анын жыйынтыктарына карата кандай көз карашта? Кыргызстанда 2010-жылкы окуялардын кийин түптөлгөн парламенттик башкаруу канчалык калыптана алды жана анын келечеги кандай? Экс-президент Роза Отунбаева ушул жана башка суроолордун тегерегинде “Азаттыкка” маек курду.Айзада Касмалиева жана Улан АсаналиевАзаттык
08.04.2015

Роза Отунбаева: «Сабырдуу, рационалдуу жашашыбыз керек»

Кыргызстандын мурдакы президенти Роза Отунбаева апрель революциясы аталган окуялардын беш жылдыгынын алдында Би-Би-Сиге маек куруп, кыргыз коомун өткөн окуяларды дүйнө менен салыштырып карап, цивилизацияга жарашкан эл катары рационалдуу болууга чакырды. Би-Би-Си: Кыргыз эли акыйкат коомду курууну макcат кылып, эки революцияны баштан өткөрүп жиберди. Бүгүнкү коомдук-саясий абалды карап туруп, революция көздөгөн максаттар ушундай эле деп айта ...
07.04.2015

Президент Алмазбек Атамбаев: «7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан!»

Бүгүн, 2015-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында өткөрүлгөн Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына арналган расмий иш-чарага катышты.   Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана ...
06.04.2015

Р.И.Отунбаеванын Кризистерди четтетүү боюнча эл аралык топтун Президенти Жан-Мари Гуенно менен жолугушуусу болду

Бүгүн, 2015-жылдын 6-апрелинде 16-00дө Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын Кыргызстанда жумушчу визит менен жүргөн Кризистерди четтетүү боюнча эл аралык топтун Президенти Жан-Мари Гуенно менен жолугушуусу болду. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын басма сөз кызматы т.0772 85 57 10  

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»