Демилгелер Демократиялык башкаруу Экс-президенттик институт

31.03.2019

Роза Отунбаева: Санариптештирүү жагынан өтө олуттуу иш жүргүзүү керек

КР экс-президенти Роза Отунбаева менен бул интервью 2019-жылдын 25-мартында  Бешинчи каналдын эфирине чыккан. Санариптештирүү азыркы коомдордун бардык тармактарына кирди, Кыргызстанда болсо чиновниктер жаңыдан гана кыймылдап жатат дейт Роза Исаковна. Онлайн-режимде өлкөнүн калкынын 5%ы гана, ал эми дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө 90%дан ашыгы төлөмдөрдү жүргүзүп жатат. Финансылык жол-жоболордун ачыктыгын арттыруу үчүн өкмөт ушул жагынан иш жүргүзүүгө ...
28.03.2019

КР Экс-президенти Р.И. Отунбаева 2019 - Азия жана Тынч океан регионун туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун форумунун ишине катышып жатат

КР Экс-президенти Р.И. Отунбаева 2019 – Азия жана Тынч океан регионун туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун форумунун ишине катышууда, ал 26-29-мартта Бангкокто өтүп жатат.   Форумда БУУнун Башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммед, Таиланддын тышкы иштер министри Д.Прамудвинай, ушул региондогу өлкөлөрдүн башка министрлери сөз сүйлөдү. Р.Отунбаева кадыр-барктуу инсандардан турган, милдети БУУ ЭСКАТОнун (Азия жана Тынч океан региону боюнча БУУнун ...
22.03.2019

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева Чыгаан айымдар үчүн Кувейт сыйлыгына ээ болду

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева Кувейт мамлекетиндеги "Дүйнөдөгү чыгаан аялдар үчүн Кувейт Премиясы" сыйлыгына татыктуу болду. Чыгаан Айымдар үчүн Кувейт Сыйлыгы (ЧАКС) Кувейт мамлекеттик жана жеке сектордук, жарандык коом жашоосунун сапатынын өнүгүүсүнө чыгаан айымдардын кошкон салымын баса белгилейт. ЧАКС чыгаан айымдарды гана сыйлоо менен ...
06.03.2019

Отунбаева: жалаң эркектерди дайындаган өкмөт башчыга нааразыбыз (видео)

Кыргызстанда жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындалбай жатат. Мындай сын 6-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева көп учурда Кыргызстандын жүзүп көрсөтүп, желегин аялдар көтөрүп жатканын белгиледи:   - Аймактык диалогдо кара түндөй болуп отурган эркектерди көрүп чочуп да кеттик. Эркек парламент келген учурда да мындай эмес эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат ...
04.03.2019

КР экс-Президенти Роза Отунбаева балдарга китеп окуп берди

2019-жылдын 1-март күнү Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы китепканада Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева балдарга китеп окуп берди. Р.Отунбаева окуп берген Ч.Айтматовдун “Балалыгым” чыгармасы, С Жусуевдин ырлары, “Балерина” жана “Кыргызстанды кыдырабыз” китептери балдарда чоң кызыгууну жаратты. Ар бир китеп тегерегинде алар менен баарлашуу болду. С.Жусуевдин “Шаар тартиби” ырынын бүгүнкү күндөгү маанисине чогуу ...
16.02.2019

Роза Отунбаева: Капчыгы калыңдардын көзүн кызарткан тарыхый жайлар

Биз Кыргызстанда жашагандар, өз өлкөбүзгө, шаарыбызга, айылыбызга болгон сүйүүбүздү, алардын көрүнүшүн жакшыртууга кошкон салымыбызды көрсөткөнгө сараңбыз. Өзүнүн жашап турган жерин, көчөсүн, шаарын бьютификациялоо, сөзмө сөз айтканда, «кооздондуруу» ишин көптөгөн өлкөлөрдө жигердүүлүк жана кылдат табит менен жасашат жана анын баары бизге көздү кубандыргыдай кооз, камкордук менен каралганын байкоого болот. Талаш жок, бизде деле анча-мынча иштер жасалып ...
26.01.2019

Роза Отунбаева: Креативдүү индустрия музейлерден башталат

Туризм өлкөнүн ички дүң продукциясына 5 пайыздык киреше алып келет, бул чек эмес, башталышы десек туура болчудай. Бийликтин “Ачык асман” жөнүндөгү чечими да буга кол кабыш кылмакчы: кыймылдардын интенсивдүүлүгү көбөйөт, адамдардын, жүктөрдүн ички жана эл аралык каттоолору күчөйт. Бүгүн эле Кыргызстан: кышкысын жана жайкысын кыска мөөнөттүү эс алууну, трекингдерди жана хайкингдерди (узун жана кыска багыттуу жөө туризми), лыжа туризмин сунуштаган ар ...
17.12.2018

Роза Отунбаева: Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнө Кыргызстанды тааныйт

Дүйнө көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын эскесалып жатат, ал 12-декабрда 90 жашка чыкмак. Кыргыз Республикасынын Экс-президент Роза Отунбаева аны автор катары гана эмес, ошондой эле дипломат катары таанычу. «МИР» телеканалына эксклюзивдүү интервьюсунда ал Айтматов менен өзүнүн биринчи жолугушуусу жөнүндө жана жазуучу жеке ал үчүн жана бүткүл Кыргызстан үчүн ким болуп калгандыгы жөнүндө айтып берди.
16.12.2018

Кыргызстандын Экс-президенти Р.И.Отунбаева Гуанчжоуда Imperial Springs эл аралык форумунун ишине катышты

2018-жылдагы Imperial Springs эл аралык форуму 10-декабрдан 11-декабрга чейин Гуанчжоуда өттү.   Мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн мурдагы кырк башчысы, эл аралык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле 80ден ашык эксперттер жана бизнестин лидерлери ар түрдүү маселелерди талкуулоо үчүн Империал Спрингсге чогулду. Быйылкы жылы Кытайдын реформаларынын жана ачыктыгынын 40 жылдыгы белгиленип жаткандыктан, форумдун темасы «Реформа, ачыктык жана өз ара пайдалуу кызматташтык» ...
15.12.2018

Кыргызстандына Экс-президенти Роза Отунбаева Пекинде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгынын урматындагы салтанаттуу кечеге катышты

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Рашид Алимов кыргыз жана совет жазуучусу Чыңгыз Айтматовду кылымдын кубулушу, доордун күзгүсү, цивилизациялардын жана маданияттардын кеңири диалогунун жарчысы деп атады. Бул жөнүндө ал Пекинде прозаиктин туулган күнүнүн 90 жылдыгынын урматындагы салтанаттуу кечеде айтты, деп билдирет ТАСС.   «Жаш советтик журналист жана жазуучу Чыңгыз Айтматов күтүүсүздөн кылымдын кубулушуна тез өсүп ...
08.12.2018

Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы тынчтык үчүн билим берүү жана туруктуу билим берүү боюнча Институтунун Жетектөөчү кеңешинин жылдык жыйналышынын ишине катышты

2018-жылдын 7-8-декабрында КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы тынчтык үчүн билим берүү жана туруктуу билим берүү боюнча Институтунун Жетектөөчү кеңешинин жылдык жыйналышынын ишине катышты.   Институт Туруктуу өнүгүүнүн 17 глобалдык максатынын бирине жетишүүдө, атап айтканда, сапаттуу билим алуу үчүн жаңы педагогикалык өбөлгөлөрдү жана методологияларды түзүүдө БУУга мүчө өлкөлөргө жардам берүүнү өзүнүн милдети атары ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»