Фонд Жылдык отчеттор 2015-жылдын отчету

Кымбаттуу достор, урматтуу өнөктөр! 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун командасына көрүнүктүү, кызыктуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга, бир кыйла асыл жана пайдалуу иштерди жасоого мүмкүндүк берген 2015-жыл аяктады. Жыл жолугушууларга, идеяларга, визиттерге жана жумушчу сапарларга өтө бай болгонуна карабастан, биз туруктуу долбоорлорубуз жагындагы иштерди улантып гана тим болбостон, ошондой эле бир нече жаңы долбоорлорду баштадык. Көңүлдүн борборунда – билим берүүнү өнүктүрүү жана балдарды кенже кезинен өөрчүтүү, экологиялык тарбиялоо, маданиятты өнүктүрүү, кыз-келиндердин потенциалын арттыруу, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерди бириктирүү.

Өз өнөктөрүбүз жана досторубуз менен бирге биз бул иш өзүнчө маселеде же тармакта кырдаалды өзгөртүп же жакшырта алат деп ишенебиз.

2015-жылдын июлунда өткөн мекендештердин «Мекендештер» Форумун даярдоонун алкагында жолугушуулардын биринде Кыргызстан жана ар бирибиз – кыргызстандыктар айрым мөөнөткө карата алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жана көрсөткүчтөргө умтулууга тийишпиз деген идея айтылды.

Биз 2020-жылга карата бардык балдарды балдар бакчалары менен камтуу жагындагы кырдаалды өзгөртө алабызбы? Бул үчүн эмне керек? Биз китепти көп окуган улут боло алабызбы? Бул үчүн ар бирибиз эмне жасай алабыз?

Кыргызстандын негизги байлыгы – бул анын адамдары. Эгерде биз билим берүүнү өнүктүрүп, балдарыбызды – биздин келечегибизди өстүрүү үчүн шарттарды түзө алсак, биз ийгиликтүү өлкө боло алабыз. Ал эми бул келечегибиз кандай болору өлкөнүн ар бир жаранынын күч-аракеттерине байланыштуу. Биз жыл сайын ондогон адамдын өмүрүн кыйып жаткан, балдар менен аялдарга карата зомбулукту жеңе алабызбы? Бул үчүн эмне кылуу керек? Биздин Фонд ишке ашырып жаткан бардык долбоорлордун негизинде турган башкы маселелер жана принциптер ушулар. 

2015-жылы Фонд төмөнкүдөй долбоорлорду турмушка ашырды:

Үчүнчү «Билим берүү фестивалы». Координатор – Клара Исак кызы, долбоордун ассистенттери – АйзадаУргуналиева, Мария Колесникова;

• Мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча «Мектептеги сапаттуу тамак-аш – дени сак балдар» долбоору. Долбоордун координатору – Роза Кайыкова, долбоордун ассистенти – Нурзат Жээмбаева;

«Жайлоодогу балдар бакчалары: алыскы жайыттарда балдарды кенже кезинен өнүктүрүү». Долбоордун координатору – Асылбек Жоодонбеков, долбоордун ассистенти – Арстан Сагынтай уулу;

«Устат-3: ички иштер органдарында айымдардын ролун күчөтүү». Долбоордун координатору – Асель Юсупова; ассистент – Бегаим Тулегенова.

«STEM – илим жана техника чөйрөсүндө кыз-келиндердин билим деңгээлин жогорулатуу». Долбоордун координатору – Бегаим Тулегенова;

«Балалык мектеби» лекторийи: балдарды кенже кезинен өнүктүрүү методикасы. Координатор – Асель Джакыпбекова;

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт». Координатор – Айша Курманалиева;

Ачык билим берүү ресурстары: электрондук окуу китептери ар бир адамга жеткиликтүү. Долбоордун координатору – Гульзада Ургуналиева;

• Кыргызстандын этносторунун музыкалык маданияты жөнүндө «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» концерттер сериясы. Координатор – Асель Джакыпбекова;

Басма-агартуу иши

«Мекендештер» Форуму. Координатор – Алена Муховикова, ассистент – Жаннат Токторбаева.

«Discover Asia - Жаңы формат»

«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» этнографиялык көргөзмөсү

Алмашуу визиттери жана окутуу иш сапарлары.

Ар бир долбоор боюнча кең-кесири отчетту Сиз текст боюнча төмөндө таба аласыз. Бул жерде, отчетко кириш сөздө биз Фонд аткарып жаткан долбоорлордун жана демилгелердин максаттары жана алардын натыйжалары жөнүндө кыскача түшүнүк бергибиз келет.

Учурдан пайдаланып, Фонддун бардык өнөктөрүнө колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирүүгө, ошондой эле бардыгыбыз бирге, ынтымакта иштөө менен жашообузду жакшырта алабыз деген ишеничти билдирүүгө уруксат этиңиздер!

Биз силердин идеяларыңарга жана сунуштарыңарга, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкка жана жаңы идеяларга кубанычта болобуз.

Урматтоо менен,

Аткаруучу директор Догдуркуль Кендирбаева




«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2015-жылдагы ишинин кыскача резюмеси


3-Билим берүү фестивалы: Эко-фестиваль

2015-жылдын 24-апрели - К.И.Скрябин атындагы Агрардык Университет (КУАУ)

2015-жылдын 25-апрели - Бишкек шаарынын борбору

6 класс/аянтча

16000ден ашык келүүчү

150дөн ашык катышуучу уюм

80ден ашык волонтер

250дөн ашык иш-чара

2015-жылында Билим берүү фестивалы Кристенсен Фондунун жардамы менен «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоорунун алкагында өткөн. 

«ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ, ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоору

Долбоордун максаты сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү максатында четте туруп алып байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу жарандык жоопкерчиликти жана балдар менен жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында экологиялык маданият деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

2015-жыл үчүн эко-долбоордун негизги жыйынтыктары, Бишкек шаары

1. Билим кербени: Бишкек шаарынын мектептери үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» - 20 кербен, № 93, 92, 88, 87, 86, 85, 84, 82, 81, 79, 77, 73, 69 , 56, 48, 18 мектептер; 1200дөн ашык мектеп окуучусу

2. Зоологиялык музейдеги экологиялык жолугушуулар - Мектептердин алдындагы 18 лагерлерден 686 мектеп окуучусу

3. Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий - Бшкек шаарынын мектептеринин мугалимдери, директорлору жана директорлорунун орун басарлары үчүн 11 лекция (айына 1 жолу, 2015-жылдын январь-декабры)

4. «Жашыл Бишкек – мектептердин жанын жашылдандыруу» эко-акциясы - 25 мектеп, 8700дөн ашык көчөт

5. Бишкек шаарынын мектептеринин арасында макулатура чогултуу боюнча мелдештер - Бишкектин 60тан ашык мектеби катышты

6. Экология жана курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылуу темасына 16 социалдык ролик түзүлдү (www.roza.kg, festival.roza.kg сайттарында жеткиликтүү)

7. "Эко-календарь" жана "Жаш бишкектиктин эрежелери" плакаттарын иштеп чыгуу жана билим берүү мекемелеринин жана эко-долбоордун өнөктөрүнүн арасында акысыз таратуу  

 

 «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоору

2015-жылы ушул долбоордун алкагында Кыргызстандын эң алыскы бийик тоолуу аймактарында ачылган 87 балдар бакчасы дээрлик 2000 баланы кенже кезден тартып өнүктүрүү программалары менен камтыды. Жайлоодогу балдар бакчалары – булар мектепке чейинки курактагы балдар үчүн китеп окуунун, жазуунун же эсептөөнүн негиздери гана эмес, алар ошондой эле сүрөт тартуу жана аппликация, жабыштырып чаптоо жана музыка боюнча эң ар түрдүү сабактар, балдар китептерин окуу жана куурчак театрлары, оюндар жана табышмак айтуу. Бишкектин тургундары үчүн демейки жана милдеттүү деп көрүнгөн сабактар алыскы региондордун балдарына талантын жана жөндөмдөрүн эрте өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Жайлоодогу балдар бакчалары Фонддун демилгесинин жана ишинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жайыт комитеттери жана тургундардын өздөрү тараптан колдоонун натыйжасы болуп калды. Жайлоодогу балдар бакчасын ачуу үчүн сабактар өткөрүлө турган боз үй же палатка, балдарды карап, аларга музыканы же бийди үйрөтүп, аларга китеп окуп берип, буюмдарды жасоого, сүрөт тартууга үйрөтүп же жергиликтүү өсүмдүктөр менен тааныштыра турган мугалим же ата-эне талап кылынат. Бул учурда педагогдун эмгегине акы төлөө маселеси жергиликтүү бийликтердин деңгээлинде чечилиши мүмкүн, каражаттардын бир бөлүгүн балдары жайлоодогу балдар бакчаларына барып жаткан ата-энелер чогултушу мүмкүн. Эгерде сабактарды ата-энелердин өздөрү өтсө, аларга акы төлөнбөшү, акысыз болушу мүмкүн.

Бул долбоордун маанилүү этабы эң жигердүү педагогдорду жана жайлоодогу мыкты балдар бакчаларын Түркиянын мектепке чейинки билим берүү системасы менен таанышуу үчүн бул өлкөдө стимулдаштыруучу иш сапар менен сыйлоо аземи болду. Тарбиячылар үчүн бул аларды ишинин маанилүүлүгүн таануу жана андан аркы кесиптик өнүгүү жана өсүү үчүн стимул, өз ишинде түрк кесиптештеринин тажрыйбасынын элементтерин киргизүү мүмкүнчүлүгү болуп калды.

Долбоор кала берсе минималдуу финансылык колдоонун аркасы менен, жергиликтүү жамааттын ниети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же жайыт комитеттери тарабынан бир аз колдоо болсо, жайлоодогу балдар бакчаларын ачууга болоорун көрсөттү.

 

«Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартип органдарына жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүк» долбоору

«Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартип органдарына жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүк» долбоору 2015-жылдын сентябрында старт алган. «Устат-3» менторлук боюнча долбоорлордун уландысы болуп калды, мында кесиптик ийгиликтерге жетишкен насаатчылар өздөрүнүн шакирттерине тажрыйба бөлүшөт жана аларды өз кесибинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштырат. «Устат-2» долбоорунда кыздар – Бишкектин жаңы конуштарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары илимий-техникалык адистиктердин өзгөчөлүктөрү менен таанышкан. Биринчи «Устат» долбоорунда кыз-келиндер билим берүү, укук тартиби, укук, бизнес, парламентаризм жагынан лидер айымдардын жетекчилиги астында окуудан өткөн. «Устат» долбоору – бул насаатчынын жана шакирттин дээрлик жекече иши, кесипти «ичинен» көрүү, өзүнүн насаатчысын ишинде көрүү, эң пайдалуу кеңештерди жана консультацияларды угуу мүмкүнчүлүгү.

2015-жылы долбоор жогорку класстардын окуучуларынын арасында укук тартип органдарынын иши жөнүндө кесиптик багыт берүү ишине багытталган. Милиция органдарында айымдардын көбөйүшү – бул, эң ириде, зомбулуктан жабыркаган аялдардын жана балдардын укуктарын коргоонун кепилдиги. Балдарга жана аялдарга карата зомбулуктун, кыз ала качуунун көбөйүшү, кыз-келиндерди радикалдуу экстремизмге тартуу – Кыргызстан коомунун ушул актуалдуу көйгөйлөрү укук тартип органдарында милиционер аялдардын санын көбөйтүүнү талап кылат.

ИИМдеги айымдар – бул укук тартип органдарына ишенимди жогорулатуу жана милиция кызматкерлеринин статусун күчөтүү, күчтүү милиция – бул бүткүл коомдун бейпилдиги. Ошондуктан укук тартип органдарында жогорку кесипкөй милиционер аялдардын болушу ушунчалык маанилүү. Тандоо катышуучу кыз-келиндер арасында этностордун өкүлдөрү болушун эске алуу менен республиканын бардык областтарында жүргүзүлдү.

Долбоордун биринчи этабынын натыйжалары буларды көрсөтүп турат: укук тартип органдарында иштөөнү өтө көп сандагы кыздар каалайт – долбоорго катышкандардын саны пландалгандан көп болду. Долбоор 2016-жылдын мартында аяктайт. Биз долбоордун катышуучулары бир нече жылдан кийин, кесипкөй болуу менен, мыйзамды жана укук тартибин сактайт жана өздөрү иш тажрыйбасын бөлүшө алат деп үмүттөнөбүз.

  

«Балалык мектеби» лекторийи

«Балалык мектеби» лекторийи 2015-жылы жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун директорлору, ошондой эле келечекте балдар бакчасын же борборун ачууга ниеттенип жаткандар үчүн менеджмент жана билим берүүнү башкаруу боюнча белгилүү россиялык эксперт Мария Миркестин «Директорий» курсун өткөрдү. «Лекторийдин» графигиндеги башка белгилүү окуялар төмөнкүлөр болуп калды:

• балдарга китеп окуу жагынан Россиянын эң белгилүү жана инновациялык долбоорлорунун бири – «Читающий автобус - Бампер» долбоорунун жетекчиси Анна Тихомированын жана Казакстандын балдар китептерин ири басып чыгаруучулардын биринин жетекчиси Людмила Шикуланын лекциясы,

• Алматы шаарындагы Гулистан питомник паркынын жетекчиси, илимди даңазалагандыгы үчүн ЮНЕСКОнун сыйлыгы менен сыйланган Гузель Кулжабаеванын визити,

«Балалык мектеби» долбоору эмне иш кылат? Ал педагогдорго, психологдорго, педагогикалык ЖОЖдордун студенттерине, ата-энелерге балдарды кенже кезинен тартып өнүктүрүү методикалары боюнча негизги билимдерди алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Москвадагы Монтессори-педагогика эл аралык институту өткөргөн Монтессори-педагогика боюнча курс, Вальдорф педагогикасы жана балдарды музыкалык жактан эрте өнүктүрүү методикасы боюнча семинарлар, жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун директорлору үчүн тренингдер, Кытайдын, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн билим берүү системаларынын тажрыйбасын изилдөө – ушулардын бардыгы теориялык билимдерди алуу мүмкүнчүлүгүн гана бербестен, ошондой эле практикага киргизүү мүмкүнчүлүгүн ачык көрсөтөт.

Лекторийге дайыма катышкан педагогдор жана тарбиячылар тигил же бул методика боюнча сертификаттардын ээси гана болбостон, ошондой эле балдар менен өз ишинде мыкты жана инновациялык ыкмаларды колдонуу менен бир нече методикаларды салыштыра ала турган эксперттер болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстандын Монтессори-педагогдорунун көпчүлүгү өз ишинде интернетти активдүү колдоно тургандыгын белгилеп кеткибиз келет. Электрондук даректин болушу, социалдык тармактарга жигердүү катышуу, жаңы маалымат менен дайыма таанышып туруу, тренингдерге жана семинарларга катышуу, «тармакта» иштөө жана Кыргызстандагы гана эмес, ошондой эле башка өлкөлөрдөгү – Россиядагы, Украинадагы, Казакстандагы кесиптештер менен баарлашуу, ошондой эле ата-энелер менен баарлашуу жана кайчы байланыш – ушулардын бардыгы изденген жана өнүгүп жаткан, өзгөрүүлөрдөн коркпогон адам катары тарбиячынын, педагогдун жаңы форматын түзөт. Дал Кыргызстандын жеке балдар бакчалары мектепке чейинки билим берүү системасында инновацияларды таратуучулар болуп калууда – жаңы билим берүү технологияларын киргизүү өз алдынча билим алуу жана дайыма өркүндөтүп туруу, балдар бакчаларынын ишинин жаңы формаларын издөө – ушулардын бардыгы тарбиячынын ишин кадыр-барктуу жана кызыктуу кылат.

 

«Айымдар техникада жана илимде» долбоору

Өзүнүн ар кандай аспекттеринде сабаттуулук темасы Фонддун көптөгөн долбоорлорунун максаты болуп калууда. Кыз-келиндердин компьютердик сабаттуулугу, алардын илимге жана техникага катышуусу – бул STEM долбоорунун максаты.

2015-жылы STEM долбоору Кыргызстандын региондорундагы мугалимдердин компьютердик сабаттуулугун күчөтүүгө багытталды. Илимдин жана технологиянын кылымында мугалим потенциалды жогорулатуу жана кесиптик жактан өнүгүү каражаттары катары компьютерди жана интернетти, электрондук почтаны жана социалдык тармактарды жигердүү пайдаланууга тийиш. Интернет маалыматтын, билимдердин булагы болуп калды, ал окууга жана иштөөгө, өнүгүүгө жана өркүндөөгө, өлкөдөгү жана анын чегинен тышкары жактардагы кесиптештери менен баарлашууга, учурдагы маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

STEM жайкы мектептеринде Нарын жана Ош областтарынын педагогдорун дал ушул жөндөмдөргө үйрөтүштү. Тренингдер Кыргызстандын бардык областтарындагы 134 мугалимди камтыды.

Долбоордун башка линиясы Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы жана Кыргызстандын областтарындагы мектептердин жогорку класстарындагы 200 окуучуну камтыды. Алар үчүн табигый-математикалык циклдин ар кандай сабактары боюнча тренингдердин сериялары, ошондой эле тармактык ЖОЖдорго экскурсиялар жана эксперттер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тренингдер окуучулардын даярдык деңгээлин жогорулатууга гана эмес, ошондой эле аларга илим жана техника жагындагы кесиптер жөнүндө түшүнүк берүүгө мүмкүндүк түздү. Окутуунун жыйынтыктары боюнча 6 окуучу кыз техникалык тармактагы ЖОЖдорго тапшырууну чечти.

Тренингдерге карата кызыгуунун өзгөрбөгөндүгү келечекте тренингдер ЖОЖдордун же мектептердин базасында туруктуу негизде жүргүзүлүшү мүмкүн деп ойлоого негиз берет.

 

«Ачык китеп» долбоору

«Маалыматтын эркиндиги» программасынын, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен турмушка ашырылып жаткан ачык билим берүү ресурстары боюнча долбоор 2015-жылы ишин улантты.

Долбоор Кыргызстанда ачык билим берүү ресурстарын алга илгерилетүү боюнча маалыматтык кампанияны жүргүзүү жагынан иш алып барды. Окуу китептери жана окуу материалдары олуттуу жана дайыма жетишпеген шарттарда электрондук он-лайн ресурстар түрүндөгү альтернатива бул маселени чечүүнүн варианттарынын бири катары каралат.

Эгерде калктын компьютер менен камсыз болушунун деңгээлин жана өзгөчө мектеп курагындагы балдар арасында компьютерлерди жана интернетти пайдалануунун деңгээлин эске алсак, мугалим да бул деңгээлге шайкеш келүүгө тийиш. Кала берсе мугалимде жөн гана электрондук почтанын болушу ага маалыматты өз учурунда алууга, ата-энелер менен кайчы байланышка ээ болууга, сабактарга даярдануу үчүн жаңы жана ар түрдүү материалдарды алууга мүмкүндүк берет. Глобалдык интернеттин жана эң жаңы компьютердик технологиялардын доорунда, анын ичинде орто билим берүү чөйрөсү үчүн мугалимден ал сабак өтүп жаткан тармактардагы билимдерди гана эмес, ошондой эле МКТ менен иштөө жөндөмдөрүнө ээ болууну талап кылат.

Ошондуктан ачык билим берүү ресурстары программасынын алкагында МКТ-жөндөмдөр боюнча тренинг өткөрүлдү, анда Бишкектин 94 мектебинен окуу бөлүмдөрүнүн башчылары электрондук почта менен иштөөнү, электрондук яшикти түзүүнү үйрөнүүгө, Google сервистин, коммуникация каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрү жана башкалар менен таанышууга мүмкүндүк алды.

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору да 2015-жылы өз ишин улантты. Жылдыздардын катышуусу менен акциялар, классиканын жана азыркы адабияттын мыкты чыгармаларын үн чыгарып окуу Кыргызстандын ооруканаларында жана китепканаларында, балдар бакчаларында жана мектептеринде, айылдарында жана шаарларында өттү. Бишкектин жаңы конуштарында китеп окуунун бир нече борбору ачылды. Китеп окуунун ролу жана китепти тандоо боюнча сунуштамалар «Читающий автобус Бампер» долбоорунун жетекчиси Анна Тихомированын жана «Шикула» казак басылмасынын жетекчиси Людмила Кирилинскаянын катышуусу менен балдарга китеп окуу боюнча семинарда чагылдырылды.

2015-жылы балдарга китеп окуу боюнча демилгени Билим берүү жана илим министрлиги, бир катар эл аралык уюмдар колдоду. Бирок балдарга китеп окууну Бишкектин китепканалары колдонгондугу баарынан көп кубандырат, аларда балдарга китеп окуу бурчтары уюштурулган, ал жерге ата-энелер балдарын алып келе алат.

 

«Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоору

Фонддун эң ири долбоорлорунун бири – «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоору. Кыргызстанда мектеп тамак-ашынын маселелерине кыйла олуттуу көңүл бурулат. Соңку 10 жылдын ичинде башталгыч мектептин балдарынын тамак-ашын уюштурууга күнүнө 1 балага 7 сом деген эсеп менен жыл сайын республикалык бюджеттен орточо 475 миллион сом бөлүнөт.

Аталган программа Кыргыз Республикасынын пилоттук мектептеринде башталгыч класстардын окуучуларынын тамак-ашынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында аны уюштурууну өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Бул долбоор «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» программасынын жалпы максаттарына жетишүү үчүн зарыл, ал «БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын 261 пилоттук мектебинде башталгыч класстардын окуучуларынын тамак-ашын уюштурууну өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү» катары баяндалат. Бул пилоттук долбоор мектеп окуучуларын толук баалуу тамак-аш менен камсыз кылат, анын наркы мамлекет мектеп тамак-ашына бөлгөн учурдагы бюджеттин чегинен чыкпайт. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду мектеп тамак-ашы программасын улуттук саясаттын контекстине интеграциялоо жагынан иш жүргүзүп, адамдардын, анын ичинде чечим кабыл алуучу адамдардын кеңири чөйрөсүнө бенефициарлардын бардык деңгээлдеринде билим берүү жана социалдык коргоо секторун өнүктүрүүнүн бир бөлүгү катары мектеп тамак-ашынын пайдасы жөнүндө маалыматтарды берет.

Долбоордун 2015-жылдагы күтүлгөн негизги натыйжасы мектеп тамак-ашы программасы жөнүндө коомчулуктун маалымдар болушун арттырууга, анын ичинде мектеп тамак-ашынын мамлекеттик программасын турмушка ашырууда жергиликтүү жамааттардын потенциалын жогорулатууга жетишүү болду.

  

 Басма-агартуу иши

2015-жылы Фонд китеп басып чыгаруу жагынан ишти баштады жана эки китепти: балдарды кенже куракта өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө япон педагогу Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» бестселлерин жана улуу кытай реформатору Дэн Сяо Пиндин өмүрү жөнүндө анын кызы Мао Мао жазган «Менин атам Дэн Сяо Пин маданий революция жылдарында» китебин басып чыгарды.

«Үч жаштан кийин кеч» китебин «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков кыргыз тилине которду. Китеп абдан түшүнүктүү тилде жазылган жана баланын мээсинин өнүгүшүнүн циклдерин кең-кесири түшүндүрөт, баланын алгачкы үч жылдык өмүрүнүн ушул мезгилинде мээсинин 70%ы өнүгөт. Бул курчап турган дүйнө менен таанышуу калыптануучу өмүрдүн дал алгачкы жылдарында баланы өнүктүрүүгө көңүл буруу канчалык маанилүү экенгиди жөнүндө айтып турат. Өнүктүрүүнү көпчүлүк ата-энелер баланы мүмкүн болушунча эрте окууга, жазууга же окууга үйрөтүү зарылчылыгы катары кабылдайт. Иш жүзүндө өнүктүрүү бала өз жөндөмдөрүн өнүктүрө ала турган жагымдуу чөйрөнү түзүүнү билдирет. Кыргыз тилиндеги «Үч жаштан кийин кеч» китеби Кыргызстандын бардык областтарында мугалимдердин жана тарбиячылардын арасында таратылды. Китептин электрондук варианты ошондой эле бардык каалагандар үчүн Фонддун сайтында жеткиликтүү.

Кытай реформатору Дэн Сяо Пин жөнүндө китеп да кыргыз тилине которулган. Китептин жарыкка чыгышын кыргыз интеллигенциясы жана илимий элита өтө оң кабыл алды.

Кыргызстан Кытай менен жалпы чек арасы бар өлкө катары өзүнүн чыгыштагы коңшусун жакшы билүүгө тийиш. «Менин атам Дэн Сяо Пин» китебинин презентациясында түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрү, региондун алда канча белгилүү саясатчыларынын өмүрү жана ишмердиги жөнүндө мыкты жана маанилүү китептерди которуу боюнча андан аркы иштин зарылчылыгы, кытай, япон, индия адабиятынын мыкты үлгүлөрү менен тааныштыруу жөнүндө бир катар сунуштар айтылды.

Башталган ишти улантуу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ кыргыз тилиндеги «Өмүрү өрнөк инсандар» китептеринин сериясын чыгармакчы. Бул китептерди Фонддон сатып алууга же заказ кылууга болот.

 

«Мекендештер» долбоору

«Мекендештер» долбоорунун максаты – бул Кыргызстанды өнүктүрүү максатында чет өлкөлөрдөгү мекендештерди жана диаспораларды бириктирүү үчүн социалдык жана коммуникациялык платформаны түзүү жана чыңдоо.

2015-жылы «Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспораларын жана мекендештердин эксперттик ростерин картирлөө» социалдык изилдөөсү жүргүзүлдү жана чет өлкөлөрдө ийгиликке жетишкен мекендештер жөнүндө китеп чыгарылды. Жасалган иш дүйнө өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктардын санынын жагдайын көрүүгө, алардын эксперттик потенциалына баа берүүгө мүмкүндүк түздү. Окурмандардын кеңири чөйрөсү үчүн жазылган китеп кыргызстандыктардын жашоо-тиричиликтин эң ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү жана дүйнөнүн эң ар башка өлкөлөрүндөгү турмуштук ийгиликтеринин тарыхын билдирет.

2015-жыл ошондой эле 2016-жылдын августунда Ош шаарында өтө тарган кийинки «Мекендештер» форумун даярдоонун жылы болуп калды.

 

Алмашуу визиттери жана окуу иш сапарлары

Алмашуу визиттеринин алкагында 2015-жылы мектептен тышкаркы уюмдардын тарбиячылары жана өкүлдөрү үчүн Кытай Эл Республикасына тааныштыруу иш сапарлары уюштурулду. Иш сапардын жүрүшүндө катышуучуларда мектептен тышкаркы кытай уюмдарынын иш тажрыйбасын көрүү мүмкүнчүлүгү болду. Кытайда билим берүүгө мамлекет тарабынан эбегейсиз зор көңүл бурулат. 

Лагердин программасы жаш катышуучуларга кытай операсы жана ашканасы менен таанышууга, дүйнөнүн эң бийик беш имаратынын катарына кирген атактуу Шанхай теле мунарасына барып, Улуу Кытай дубалына чыгып жана чоң шаарларда гана эмес, ошондой эле чет жакаларда жашаган кытайлардын турмушун көрүүгө мүмкүндүк берди. Катышуучулардын айтымына караганда, иш сапар алар үчүн дүйнөнүн чектерин кеңейтүүгө, башка маданиятты өз көзү менен көрүүгө жана алар өз мекенин – Кыргызстанды сүйө тургандыгын түшүнүүгө мүмкүндүк түздү.

2015-жылы «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун жеңүүчүлөрү – эң жигердүү педагогдор жана активисттер Түркияга барууга жана Стамбулдун балдар бакчаларынын иши менен таанышууга мүмкүнчүлүк алды.

Белгилеп кетүү керек, бул иш сапар региондордогу балдар бакчаларынын тарбиячыларына Түркиянын мектепке чейинки тарбиялоо тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Кыргызстандын чегинен тышкары жакка чыгууга сейрек мүмкүнчүлүктөрдүн бири болду.

Фонддун өкүлдөрү Москвадагы Старт-ап фестивалына катышты, ал москвалык мектептен тышкаркы билим берүү педагогдорунун тажрыйбасын көрсөттү.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Ачык дүйнө» лидерлик борбору менен кызматташтыгы 2015-жылдын башынан тартып катышуучулардын 2 тобу АКШга барып келди. Биринчи топ «Айымдар техникада жана илимде» темасы боюнча февралда Түндүк Каролина штатынын Роли шаарына барды. Экинчи топ «Бизнес менторлук» программасы боюнча мартта Миссиссиппи штатынын Джэксон шаарына барды.

2015-жылдын 8-февралынан 11-февралына чейин «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун көмөгү менен Кыргызстандын делегациясынын Түркиянын өкмөтүнүн алдындагы Чет өлкөлөрдөгү түрктөрдүн жана тууган жамааттардын иштери боюнча башкармалыгына окутуу иш сапары болуп өттү. Окутуу иш сапарынын максаты – чет өлкөлөрдөгү диаспоралар жана кыргызстандыктар менен иштөө үчүн тажрыйба алуу жана андан ары адаптациялоо.

 

Ар түрдүүлүк жана маданият

2015-жылы ЮНЕСКОнун жана ПРООНдун «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» долбоору турмушка ашырылды, ал Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө Кыргызстандын этносторунун музыкалык маданиятын сунуш кылды. Уйгурлардын, азербайжандардын, түрктөрдүн, тажиктердин, татарлардын, орустардын музыкалык аспаптары жана алардын жаңырышы, бийлери жана салттуу кийимдери, ырлары жана алардын котормосу, ошондой эле музыкалык салттары. Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын орто мектептеринин окуучулары, шаардыктар, борбордун меймандары, эл аралык корпустун өкүлдөрү концерттердин көрүүчүлөрү болуп калды. Долбоор ЖМКда кеңири чагылдырылды.

Кыргызстандын этносторунун маданияты жөнүндө балдар үчүн орус тилинде китеп басып чыгарууга даярдалып жатат.

Декабрда ЭКФ жаш бишкектиктерге кытай жомокторунун мотивдери боюнча «Лотос кыз» спектаклин сунуш кылды. Ушул кооз, кызыктуу спектаклдин оюн коюучу режиссеру Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жамал Сейдакматова болуп калды. Спектакль жаш бишкектиктерге Кытайдын маданияты, анын фольклору менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Спектаклди республиканын областтарында көрсөтүү планы бар.

 

«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» этнографиялык көргөзмөсү

2014-жылдын октябрынан тартып 2015-жылдын февралынын аягына чейин Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде өткөн «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсү 2015-жылы бир аз башка формада турне жасады.

Биринчи токтогон жер – Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, экспозиция 2015-жылдын 27-мартында көп сандаган адамдардын катышуусунда ачылды.

Көргөзмөнүн турнеси кеңири болду:

• 2015-жылдын 1-апрелинде Берлинде ачылыш аземи болду

• көргөзмө 2015-жылдын 16-майында Берлин шаарынын Лихтенберг районунда «Лира» интеграциялык коомунда ачылды

• 2015-жылдын 29-майында Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад областтык драма театрында

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Форум Мекендештер-2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»