Фонд Фонд жөнүндө

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) өзүнүн ишин 2012-жылдын январында баштаган. Фонддун негизги максаты Кыргыз Республикасынын социалдык, саясий, экономикалык жана экологиялык өнүгүшүнө көмөктөшө турган программалар менен долбоорлорду демилге кылуу жана турмушка ашыруу болуп саналат.



Фонд төмөнкүдөй негизги төрт программа боюнча демилгелерди жүргүзөт:


Келечек муундарга инвестициялоо: билим берүү, илим, маданият, көркөм өнөр, агартуу, инсанды руханий өнүктүрүү, сергек жашоо ыңгайы чөйрөсүндө, балага, энеге жана жаштарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана ага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча кампанияларга көмөктөшүү жана аларды өткөрүү.

 

«Мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоору ЮНИСЕФтин финансылык колдоосу менен 2013-жылдын февралынан тартып ноябрына чейинки мезгилде турмушка ашырылган. Долбоордун максаты балдарды мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай программалары менен камтууну арттыруу жагынан мамлекеттик саясатты жакшыртууга жана маселени чечүүгө көмөктөшүү, ошондой эле мектепке чейинки куракта китеп окуунун маанилүүлүгү жөнүндө маселени актуалдаштыруу болгон. Долбоордун алкагында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Финансы министрлигинин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өнүктүрүү артыкчылыктарын талдоо жүргүзүлдү жана мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча Жогорку Кеңеш үчүн сунуштар иштелип чыкты.


«Билим кербени» цикли «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын демилгелеринин бири болуп саналат, ал КРдагы ЮНИСЕФ менен бирдикте турмушка ашырылат. «Билим кербени» - бул иштиктүү диалог, мектепке чейинки жана башталгыч мектеп билим берүүсүн уюштуруу процессине таламдаш жана ага тартылган жактардын ортосунда балдарга эртелеп билим берүүнүн маанилүүлүгү жагынан билимдерди жана түшүнүктөрдү алмашуу, бул педагогдордун усулдук билимдеринин деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруу, балдарга эртелеп билим берүүнү жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча консультациялык кызмат көрсөтүү жана башка иштер. Мектепке чейинки жана башталгыч мектеп билим берүүсүнүн 1700дөн ашык өкүлү «Билим кербени» циклинин алкагындагы жолугушууларга катышты, алар Кыргыз Республикасынын бардык облустарында өткөрүлдү.


«Балалык мектеби» долбоору Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети менен бирдикте турмушка ашырылуучу долбоор, бул билим берүү маселелери боюнча ата-энелер, педагогдор, тарбиячылар, психологдор, студенттер үчүн ачык лекциялардын жана тренингдердин, балдарды окутуунун жана эртелеп өнүктүрүүнүн практикаларынын жана учурдагы инновациялык усулдарынын цикли. Долбоор Кыргызстандын алдыңкы методисттери гана эмес, ошондой эле Россиядан, Австриядан, Италиядан, Германиядан, ошондой эле билим берүү көрсөткүчтөрү жогору болгон башка өлкөлөрдөн чакырылган эксперттер лектор болуп сөз сүйлөй тургандыгы менен уникалдуу.


«Балалык мектебинин» алкагында Кыргызстанда педагогдор менен ата-энелер биринчи жолу Москва шаарындагы Монтессори-педагогика эл аралык институтунун сертификатын алуу менен М.Монтессори методикасы боюнча окутуунун бир жылдык курсунан өтүү мүмкүнчүлүгүн алды. 2013-2014-жылдары ошондой эле Ош жана Жалал-Абад шаарларында (250гө жакын адам) Монтессори-педагогика боюнча лекциялар өткөрүлдү.


2013-жылдын күзүндө Кыргызстандын бардык облустарынан келген 140 мектепке чейинки педагог Н.А. Зайцевдин беш күндүк автордук тренингинен өттү жана тиешелүү сертификаттарды алды. Мындан тышкары, төмөнкүдөй усулдар боюнча лекция-тренингдер өткөрүлдү: музыкалык өнүктүрүүнүн «Сонатал» (80 адам); Вена шаарынын (Австрия) илимий борборунан табигый-илимий мектептен тышкаркы билим берүү; музыкалык усулдар (80 адам): Шиничи Сузуки, Золтан Кодали, Карл Орф; балдар үчүн «Афлатун» экономикалык жана финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча лекция (80 адам); британдык орто билим берүү системасы, Вальдорф педагогикасы жана башкалар боюнча (100 адам).


«Ачык китеп» - 2014-жылдын жаңы долбоору, ал “Сорос Кыргызстан” Фондунун финансылык колдоосу менен турмушка ашырылат. Долбоордун максаты билим берүү жагынан учурдагы мамлекеттик саясаттын негизинде Кыргызстанда Ачык Билим берүү Ресурстары (АБР) жагынан стратегияларды жана саясатты түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Жаңы технологиялар билимдерди: санариптик мектеп окуу китептерин, илимий изилдөөлөрдү, укуктук маалыматты түзүү жана таратуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет.


Билим берүүнүн биринчи Фестивалы, 2013-жылдын 18-19-майы, Бишкек – балдар жана алардын ата-энелери үчүн, ошондой эле бардык каалагандар үчүн интерактивдүү аянтчалары/класстары бар шаардык эки күндүк иш-чара. Эки күндүн ичинде 8 интерактивдүү аянтчада 350дөн ашык иш-чара өткөрүлдү, аларга билим берүү чөйрөсүндө иштеген 150дөн ашык уюм катышты. Бул долбоордун максаты – коомдо билим берүүнүн баалуулугун, маанилүүлүгүн жана артыкчылыгын баарлашуу жана жаңы маалыматты алуу, бул тармактагы көйгөйлөрдү эксперттик талкуулоо үчүн коомдук платформаны берүү аркылуу кайра жаратуу. 2014-жылдан тартып Билим берүү фестивалын тематикалык өткөрүү пландаштырылып жатат. 2014 Билим берүү фестивалы илимге, техникага жана демейки экологиялык билимдерди таратууга багытталат.


«Мектеп тамак-ашы» - долбоор 2014-жылы ООНдун Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын финансылык колдоосу менен старт алган жана «КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Долбоордун максаты мамлекеттик мектеп тамак-аш саясатын ылайыкташтыруу боюнча КР Өкмөтүнө көмөктөшүү болуп эсептелет. Долбоордун алкагында бир катар изилдөөлөрдү, КРда мектеп тамак-ашынын программасын турмушка ашыруу боюнча ЖК депутаттары менен жумушчу жолугушуулардын серияларын, жарандык коом институтунун катышуусу менен тегерек столду өткөрүү, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептердин кызматкерлери үчүн КРда мектеп тамак-ашын уюштуруунун тендердик жол-жоболоруна коомдук контролдоо механизмдерин киргизүү жөнүндө тренингдерди өткөрүү пландаштырылып жатат.


Демократиялык башкаруу: Адилеттүү жана демократиялык институттарды күчөтүү аркылуу демократиялык башкарууну жакшыртуу.


Экс-президенттик институту. Борбордук Азия өлкөлөрүндө демократиялык башкаруу тажрыйбасы боюнча лекциялардын, докладдардын, сөз сүйлөөнүн эл аралык жана региондук сериялары, аларды лидер аялдар, эл аралык кадыр-баркы бар мамлекеттик ишмерлер, КР экс-президенти Роза Отунбаева өткөрөт. Негизги максаттардын ичинде демократиялык институттарды чыңдоо жана өлкөдөгү социалдык-саясий өзгөрүүлөргө көмөктөшүү бар.


«Устат» насаатчылык долбоору. «Устат» менторлук долбоорунун максаты жаш, жөндөмдүү жана өнүгүүнү каалаган аялдардын насаатчы аял (устат) менен анын тарбиясындагы жаш адис аялдын (шакирттин) ортосундагы кызматташтык процессине жигердүү катышуусун кубаттоо аркылуу мамлекеттик жана саясий башкаруу, лидерлик жөндөмдөрдү алуу, терең ой жүгүртүү жөндөмдөрүн жакшыртуу, саясатты иштеп чыгуу тажрыйбасын алуу, саясий жана мамлекеттик курулуш маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу жагынан кыз-келиндердин потенциалын арттыруу болуп саналат.


«Устаттын» биринчи раундуна мамлекеттик башкаруунун, жеке жана банк секторунун ар кандай чөйрөлөрүндөгү 25-35 жаш курактагы, жеке жана кесиптик жактан өнүгүүгө умтулган 26 кыз катышты. Долбоордун катышуучулары жаңы нерсеге (кесиптик тренингдерге) үйрөнүү, өз алдынча өнүгүү процессин жакшыртуу, баарлашуу жөндөмдөрүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн, кызыктуу адамдар менен кызматташуу жана өзүнүн байланыштарынын чөйрөсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн алды. Долбоордун насаатчылары мамлекеттик башкаруунун 9 чөйрөсүнөн өкүлчүлүк кылды, алар: КР ЖК, Билим берүү жана илим министрлиги, КР Улуттук банкы, Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги, Менеджмент жана дизайн университети, КР Өкмөтүнүн Аппараты, Жогорку сот, КР Эсептөө палатасы.


Коомдук байкоочу кеңештер. Коомдук контролдук кылуунун ушул формасын Президент Р.Отунбаева 2011-жылы демилге кылган. Ал эми 2012-жылдын октябрында Роза Исаковна Отунбаева Кыргыз Республикасынын өкмөттүк министрликтеринин жана ведомстволорунун отчеттуулгу жана ачыктыгы боюнча коомдук байкоочу кеңештердин (КБК) координациялык кеңешинин Ардактуу төрайымы болуп шайланган. Фонд тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды, конференцияларды уюштуруу, ошондой эле өкмөттүк жана мамлекеттик институттардын ишин коомдук контролдоонун прогрессивдүү ыкмаларын туруктуу издөө аркылуу КБКнын ишин колдойт.

Алсак, 2014-жылдын январында Коомдук байкоочу кеңештердин Координациялык кеңеши менен бирдикте Бишкек шаарында «Мамлекеттин коомго отчеттуулугу жана ак ниеттүү башкарууга жарандардын катышуусу» эл аралык конференциясы өткөрүлдү. Бул конференция КБКнын ишинин үч жылдык тажрыйбасын жалпылоого, ошондой эле мамлекеттик башкаруу, коом алдында мамлекеттин отчеттуулугунун чөйрөсүн кеңейтүү жана жогорулатуу маселелеринде диалогду тереңдетүүгө багытталды. Конференцияга 250дөн ашык адам, КБК мүчөлөрү, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Президентинин Аппаратынын жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматчылар, Европа жана Азия өлкөлөрүнөн келген эл аралык эксперттер, эл аралык уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар, көзкарандысыз эксперттер жана талдоочулар катышты.


Туруктуу социалдык өсүш: Кыргыз Республикасында адамды өнүктүрүүнү жакшыртуу үчүн социалдык инновациялар жана технологияларды берүү, анын ичинде региондук кызматташтык, адамдын потенциалын өнүктүрүү, кооперативдик кыймыл, өз ара жардамдын микро-финансылык тармактары, социалдык инновациялар жана социалдык ишкерлик аркылуу экономикалык өнүгүүнү колдоо.


«Discover Asia» – бул маалыматтык-билим берүү демилгеси, анда Азиянын ар бир өлкөсү эксперттер, КРдагы элчиликтердин жана соода-экономикалык атташелердин өкүлдөрү аркылуу өкүлчүлүк кылат. Катышуучулар бизнес-мүмкүнчүлүктөр, ийгиликтүү тажрыйба жана Малайзия, Индия, Япония, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Индия, Казакстан, Корея сыяктуу өлкөлөрдүн экономикасындагы жана финансысындагы, өндүрүшүндөгү, социалдык практикасындагы ноу-хау жөнүндө билим алды.


2013-жылдын декабрынан тартып «Discover Asia» жаңы форматка ээ болду, анда эл аралык жана улуттук эксперттер актуалдуу эл аралык көйгөйлөргө өзүнүн көз карашын коомчулукка сунуш кылат, КМШнын, Бажы союзунун жана башка эл аралык региондук уюмдардын алкагында өлкөлөрдүн өнүгүшүнүн өз ара байланышындагы тынчсыздандырган маселелерди козгойт. Эксперттер Кыргызстандагы учурдагы кырдаалга жана регион менен өз ара байланыштарга өздөрүнүн көз караштарын бөлүшөт, республиканын тышкы саясатынын маселелерин чагылдырат, социалдык, экономикалык маселелерди, миграция көйгөйлөрүн талкуулайт, атап айтканда, өлкөнүн жана анын коңшуларынын алдында турган тобокелдиктерди жана көйгөйлөрдү козгойт.


«Мекендештер» форуму – бул Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик курулуш жана адам капиталын башкаруу сыяктуу баарын камтыган көйгөйлөрдүн чечилишин издөө үчүн өбөлгөлөрдүн бири. Демилге Кыргызстан жарандарынын көйгөйлөрүн камтыган ар кандай өлкөлөрдөгү кыргыз диаспорасы, үйдө, ошондой эле чет өлкөлөрдө Кыргызстан жарандарынын көйгөйлөрүн чечүүдөгү анын ролу, мекендештер Кыргызстандын өсүшүнүн, гүлдөп-өнүгүшүнүн процесстерине кошо ала турган байланыштары жана маанилүү салымы сыяктуу темаларга багытталган.


Форум ар бир эки жылда бир жолу өткөрүлөт. «Мекендештер» форумунун биринчи конференциясы 2012-жылы Бишкекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташтыкта өткөрүлгөн, ал эми ага дүйнөнүн 20дан ашык ар кандай өлкөлөрүнөн мекендештер келген. Презентациялардын жана дискуссиялардын темалары бир нече секцияларга бөлүнгөн, экономика жана бизнес, транспорт, коммуникациялар, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, туризм, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга карата мамлекеттик саясат сыяктуу темаларды камтыган.


«Өлкөгө пайдалуу бол» – бул алдыдагы экинчи «Мекендештер» форумунун урааны, ал 2014-жылдын июлунда Бишкек шаарында өтөт.


«Окуу иш сапарлары» - долбоор, анын алкагында студенттер, жарандык активисттер, бизнесмендер, коомдук уюмдардын, ар кандай ассоциациялардын, ЖМКлардын өкүлдөрү жана Кыргызстандын мамлекеттик кызматчылары окуу иш сапарынын форматында Европа жана Азия өлкөлөрүнө барат. Иш сапарлар билим берүүчү, изилдөөчү жана маалыматтык-тааныштыруучу мүнөздө болот. Бул иш сапарлардын учурунда катышуучулар глобалдык бизнестин, ошондой эле ар кандай өлкөлөрдүн социалдык жагдайынын кең-кесири маалыматын алат. Фонд кыргызстандыктардын маалымдар болушун өнүктүрүүнү колдойт, анткени келечектеги кесипкөйлөр үчүн дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндөгү жана региондорундагы маданиятты, социалдык ченемдерди жана бизнес практикасын түшүнүү маанилүү. Бардыгы болуп 12 окуу иш сапары уюштурулган, аларга 60тан ашык адам катышты.


Ар түрдүүлүк жана маданият дүйнөлүк дөөлөттөргө жеткиликтүүлүк катары: Кыргызстанда көркөм өнөрдүн, музыканын, адабияттын жана элдик кол өнөрчүлүктүн жеткиликтүүлүк деңгээлин колдоо жана элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана ынтымакты чыңдоого, чөйрөдөгү социалдык, улуттук, диний чыр-чатактарды четтетүүгө көмөктөшүү.


Балдар үчүн «Көркөм өнөрдүн сыйкыры же кош келипсиздер ата-энелер» мастер-класстары. 3000ден ашык жаш шаардыктар колдонмо көркөм өнөрдүн ар кандай түрлөрү боюнча мастер-класстарга барды, ал жума сайын Г. Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде өткөрүлүп турат. Уюштурулуп турган сабактардын максаты – баланын инсанын байытуу, анын жеке чыгармачыл дараметин көркөм сүрөт өнөрүнүн каражаттары менен өнүктүрүү. Чыгармачыл студиядагы иш музейдин экспозицияларын көрүү балдарда эмоциялык кабылдоону, ассоциативдик ой жүгүртүүсүн, көрүп жаттап калуусун, сүрөт тартуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Көп түрдүү көркөм материалдар жана техникалар менен таанышуу ар бир баланын потенциалын өнүктүрөт жана өзүнүн чыгармачыл максатын ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Биргелешкен чыгармачыл жана таанып-билүү ишинде балдардын жана ата-энелердин өз ара аракеттенүүсү баланы эртелеп өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналат жана аны менен чоң кишинин ортосундагы шайкеш эмоциялык мамилелерди түзүүгө көмөктөшөт.


«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору чоң кишилер балдарга китеп окуп беришин жайылтуу, кенже куракта китеп окутуу жана китепке болгон сүйүүнү каныктыруу максатында коомдук жерлерде жана балдар мекемелеринде балдарга үн чыгарып китеп окуу иш-чараларын жана акцияларын камтыйт, ошондой эле маданий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана урматтоо максатында үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.


Бул иш-чараларды жүргүзүүгө кеңири коомчулук, атап айтканда, белгилүү мадиалык адамдар, саясатчылар, артисттер, балдар жазуучулары жана акындары, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, мектепке чейинки билим берүү жагындагы эксперттер, тарбиячылар, ошондой эле ата-энелердин жана балдардын өздөрү тартылат.


2013-жылда республика боюнча 1200дөн ашык бала үчүн китеп окуп берүү боюнча 40ка жакын ар кандай акциялар жана иш-чаралар өткөрүлдү.


«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсү. «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсү – коомубуз жана мамлекетибиз үчүн актуалдуу жана өлкөнүн маданий турмушунда уникалдуу окуя болуп саналат. Көзгөзмөнүн ачылышы Мамлекеттик тарых музейинин базасында 2014-жылдын июнуна пландаштырылып жатат. Башкы максат – немецтерди Кыргызстандын аймагына көчүрүүнүн тарыхын; биздин өлкөнүн өнүгүшүнө немецтердин эмгектик, интеллектуалдык, руханий салымын көрсөтүү. Жаңы муунду Кыргызстанда жашаган бардык этносторду теңдеш, эркин өнүктүрүү духунда тарбиялоо жана сабырдуу, адилеттүү көп улуттуу коомду калыптандыруу үчүн Кыргызстан калкынын көп улуттуу мүнөзүнүн маанилүүлүгү.


Көргөзмөнүн алкагында жаштар жана балдар үчүн интерактивдүү акциялар өткөрүлөт жана мастер-класстар уюштурулат, мындан тышкары, илимпоздордун, маданият жана көркөм өнөр ишмерлеринин катышуусу менен эл аралык илимий конференцияны өткөрүү болжолдонууда. Конференциянын алкагында талкуулоо үчүн негизги темалар - Сабырдуу, адилеттүү көп улуттуу коомду калыптандыруу; Көп улуттуу Кыргызстан жана анын эл аралык кызматташтыктагы ролу; Маданияттар ортосундагы диалог – тынчтыкта жанаша жашоонун негизи катары.


«Бөбөк ыры» - авторлордун жана композиторлордун арасында кыргыз тилинде балдар үчүн ырлардын республикалык конкурсу. Конкурстун максаты – Кыргыз Республикасынын балдары руханий жактан өнүгүшүнө жана кыргыз тилин алда канча терең өздөштүрүүгө көмөктөшө турган кыргыз тилиндеги балдар ырларынын учурдагы репертуарын түзүү, ошондой эле ыр жана поэтикалык чыгармачылык жагындагы жаңы өнөрпоздорду ачууга көмөктөшүү; чыгармаларды жазуу; балдарды жана ата-энелерди ырлар менен камсыз кылуу; балдар ырларынын аудио-, видеодискалары жана жыйнактары аркылуу кеңири чагылдыруу менен балдар ырларын жайылтуу. 2013-жылы конкурска балдар ырларынын 100дөн ашык авторлору менен композиторлору жана 200дөн ашык аткаруучу катышты. Чыгармаларды ар кандай региондук, шаардык чыгармачыл бирикмелерден жана балдар бакчаларынан келген балдар аткарды.


Балдар үчүн музыка:

• Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы балдар үчүн классикалык музыканын концерттери

2013-жылы фонд Кыргыз улуттук консерваториясы менен бирдикте Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы мектептерден келген балдар үчүн классикалык музыканын 9 концертинен турган серияны өткөрдү. Программага жаңы конуштардын 10 мектебинен 400дөн ашык бала катышты.

Программанын максаты – балдарды жана өспүрүмдөрдү, өзгөчө социалдык жактан чабал топтордогу балдарды классикалык музыкалык маданият аркылуу дүйнөлүк маданиятка аралаштыруу. Жаш угуучулар дүйнөлүк классик композиторлордун мыкты чыгармалары менен таанышты. Программанын өзгөчөлүгү аны өткөрүүнүн формасы – жөн гана концерттер эмес, анын маалыматтык бөлүгү болду, ал балдарга композиторлор жана алардын өмүр баяны, тигил же бул музыкалык чыгарманын тарыхы, музыкалык жанрлар, музыкалык аспаптардын түрлөрү жана топтору, алардын угулушу жөнүндө маалымат берди.


• «Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасы

2014-жылы фонд «Музыка – элдин дили» программасын Кыргызстан калкынын Ассамблеясы жана Консерватория менен бирдикте баштады, ал Кыргызстандагы диаспоралардын музыкалык маданиятына арналган. Концерт-презентация формасындагы 11 концерт пландаштырылган, алардын музыкалык жана маалыматтык бөлүктөрү бар. Программанын максаты – этностордун музыкалык маданияты – ырлары, бийлери, музыкасы аркылуу Кыргызстандын маданий ар түрдүүлүгүн ачып көрсөтүү.


«Балет чакырат» - балеттин башаттары, белгилүү оюндар, атактуу артисттер, дүйнөнүн эң кооз театрлары жана балет өнөрүнүн дүйнөсүндөгү көптөгөн башка нерселер жөнүндө лекциялардын сериясы. «Балет чакырат» долбоору калкты маданий агартууга, сахнанын балет сыяктуу түрүнө кызыгууну каныктырууга жана аны жайылтууга багытталган. Жаш бишкектиктер, алардын ата-энелери жана жөн гана бардык катышуучулар лекторийдин катышуучусу боло алат. Лекцияларды кыргыз балетинин атактуу аткаруучулары жана Кыргызстандын иштеп жаткан артисттери алып барат.


Фонд «Бардыгы үчүн адабият» деген жалпы аталыштагы бүтүндөй бир катар төмөнкүдөй иш-чараларды демилге кылат жана өткөрөт:

• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен бирдикте кыргыз тилинде көркөм окуунун ар жылдагы Республикалык конкурсун, анын максаты китеп окууну, дүйнөлүк, ошондой эле ата-мекендик көркөм адабиятты жайылтуу, ошондой эле китепти көркөм окуу жана өлкөбүздүн жана дүйнөнүн көрүнүктүү калем чеберлеринин чыгармаларынан үзүндүлөрдү кайра айтып берүү аркылуу кыргыз тилин өнүктүрүү болуп саналат.


«Поэзия кечеси» - жыл сайын 8-Марттын алдында өткөрүлүүчү иш-чара жаш акындардын чыгармачылыгын колдоого, элдин маданий жана руханий дөөлөттөрүн алга илгерилетүүгө жана пропагандалоого, поэзия аркылуу биздин аялдардын масштабын жана тереңдигин, руханий эркиндигин жана күчүн баалай алышы үчүн чыныгы поэзияга кызыгууну ойготууга багытталган.


Кыргызстан балдарынын жана жаштарынын арасында жаш китеп окуучулардын «Маданият аркылуу тынчтык» жалпы шаардык конкурсу – кыргыз, россиялык жана чет өлкөлүк авторлордун поэтикалык жана прозалык чыгармаларынан үзүндүлөрдү үнүн чыгарып окуу (декламация) боюнча мелдеш иш-чарасы. Конкурстун алкагында катышуучуларга өздөрү тандаган чыгармалардан үзүндүлөрдү кыргыз, орус же дүйнөнүн башка тилдеринде окуп берүү сунуш кылынат.


«Айтматовду окуйбуз» жумалыгы – Айтматовдун чыгармаларын пропагандалоо жана жайылтуу боюнча акция, ал бүткүл республиканын масштабында өттү жана балдарга да, чоң кишилерге да Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы жаңы өңүттөрдү ачууга мүмкүндүк берди. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Айтматовду окуйбуз» акциясынын алкагында кенже, орто, жогорку класстардын окуучулары, колледждердин окуучулары жана ЖОЖдордун студенттери үчүн СД-дискада «Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуйбуз» деген электрондук методикалык окуу куралын чыгарды.


Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»