02.02.2020

Кеннединин мурасы - кыргыз саясатчыларына «алиппе»

Бишкекте АКШнын 35-президенти президенти Жон Кеннединин "Каармандык өрнөктөрү" китебинин кыргызча котормосунун бет ачаары болуп өттү. Аны которгон белгилүү окумуштуу жана коомдук ишмер Тынчтыкбек Чоротегин. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду тарабынан демилгеленип, жарыкка чыкты.


Жон Кеннединин атактуу китебинин кыргызча котормосу саясатчыларга, окумуштууларга саясий ишмердиктин маданияты жана жоопкерчилиги жөнүндө ой жоруп, талкуу баштоого өзүнчө бир жем таштады. Экс-президент Роза Отунбаева Кеннединин китебин кыргыз саясатчылары үчүн өзүнчө бир "алиппе" деп атады.


"Саясатчы болом деген адамдарга суудай керектүү. Кыргызстандагы ар бир депутат жана депутат болом деген ар бир адам ушул китепти окуса болот. Ушул китепти окуганда көрөт элеңер, кандай татаал болгонун булардын саясий турмушу. Бул китептеги сегиз сенатордун баскан жолу абдан татаал учурда болгон экен",-деди экс-президент.


 


"Баалуулуктар шкаласы"

Бет ачаарга келген белдүү саясатчылардын ичинен "Ата Мекен" партиясынын лидери Ɵмүрбек Текебаев сөз сүйлөдү. Конституциянын атасы атыккан саясий ишмер азыркы чын-жалганы аралаш маалымат кайнаган доордо кыргыз саясатчылары үчүн чыныгы моралдык баалуулуктарды адашпай табуу актуалдуу болуп жатканын айтты:


"Качан адам өзүнө жоопкерчилик алып өлүмгө да барат. Качан ал өзүнүн туура иш жасап жатканына ишенгенде. Эмне коньюнуктура, эмне түбөлүктүү экенин билбей турсак, андай кадамга барбайбыз да. Роза Исаковна басып чыгарган китеп моралдык ориентир гана эмес, баалуулуктардын шкаласы".


"Ыйманыңарды уккула"

Китепти тажрыйбалуу котормочу которгон. Тарых илимдеринин доктору, журналист Тынчтыкбек Чоротегин өз кезегинде Кеннединин китебинде баяндалган окуялар жана адамдар жашоодо акыйкат үчүн, чындык үчүн күрөшүүнүн, баатырдык көрсөтүүнүн өзүнчө бир өрнөгү боло аларын айтты.


"Ким коркпой баатыр болот? Ар бирибиз. Кеннединин ушул сөзү жакты - "ар бирибиз". Ал үчүн эмне кылыш керек? Чечүүчү учурда өзүңөрдүн абийириңерди, ыйманыңарды, ички дүйнөңөрдү уккула дагы, партиябыз бул чечимге каршы болуп жатат же жердештердин ою мындай экен, биздин уруунун акскалдарынын ою башкача экен дебей, жок, мен жалпы улуттук кызыкчылык үчүн ушундай гана кадамды туура көрөм, керек болсо карыялардын бир беткей пикирине баш ийүүдөн баш тартам деп чыга турган учур баарыбызда болот",-деди Чоротегин.


Саясий көз караштарды урматтоо

Жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу саясатчылардын ортосундагы өз ара урмат-сый мамилени калыптандыруу маселесин козгоп, жыйырманчы кылымдагы залкар мамлекеттик ишмер Жусуп Абдракмановдун өрнөгүн эске салды.


"Кара-кыргыз автономиялуу областы түзүлөрдө анын чек арасы кандай болот, борбору кайда болот, кайсыл республиканын курамында болот деген биздин элибиздин тагдырына байланыштуу терең маселе талкууга коюлуп калган учурда Жусуп Абдракмановдун ошол замандагы айыгышкан душмандарына жасаган урмат-сый мамилесиен айтайын. Абдракмановдун күндөлүгүн окусаңыздар, "Мен барып Кудайкуловдун акыбалын сурап келдим. Ага моралдык колдоо көрсөттүм "дейт. Ошол учурдагы партиянын биринчи катчысы Шубриков деген угуп калып, эскертүү бергенде Абдракманов өзүнүн позициясынан баш тартпай, "эгер ушул маселе боюнча ызы-чуу салып, Кремлге айта турган болсоңор, анда мен кызматынан кетем" дейт. Муну мен эмнеге баса белгилеп атам: Бизде ошол саясатчылардын бири-бирине болгон урмат-сыйы, саясий көз караштарды урматтоо биз үчүн бүгүн аябай керек болуп турат".


Совет заманында Кыргызстан үчүн Батыштын, асыресе АКШнын саясий ишмерлери жөнүндө китептер, маалыматтар жабык болуп келген. Эгемендик келген чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери деле кыргыз тилинде дүйнөнүн жалпы эле маданий, саясий кенчине айланган атактуулардын баскан жолу, калтырган мурасы жеткиликтүү боло элек. Бул жагынан Кеннединин атактуу китебинин кыргыз тилинде жарык көрүшү ушул өксүктү азайтуунун, кыргыз элине дүйнөлүк асыл-нарк мурастарды жеткирүүнүн өзүнчө бир жакшы салымы болуп калды. (КС)

https://www.bbc.com/

Акыркы жаңылыктар

25.02.2020

Түркия мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. 2-бөлүк

16-февралдан 18-февралга чейинки сапардын программасы жөнүндө материалдын биринчи бөлүгү мурдагы макалада, шилтеме боюнча: https://roza.kg/ 19-февралда делегация Кучукчекмедже Муниципалитетиндеги “Папатия” балдар бакчасына барды, ал, башкаларга салыштырганда, чоң аянтка ээ. Балдар бакчасынын аймагында кемпинг үчүн участоктор, өрдөктөрдү, коендорду жана башкаларды багуу үчүн участоктор, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн участоктор бар жана кала берсе ...
21.02.2020

КР мектепке чейинки билим берүү тутумунун өкүлдөрү Түркияда таанышуу сапары менен жүрөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору», долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга сапар алмашуу сапардын программасы Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу (TDBB) колдоосу менен уюштурулуп жатат. КРнын билим берүү тутумунун 12 өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитет теринин билим берүүсүнүн мектепке ...
19.02.2020

Тынчтыкты жана тынчтыкты орнотууну колдоо маселелери Женевада каралып жатат (Швейцария)

2020-жылдын 18-19-февралында Женева шаарында (Швейцария) Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу архитектурасын обзору боюнча тематикалык консультациялар өтүп жатат, ал изилдөө борборлордун тобу менен уюштурулган, тактап айтканда, тынчтык орнотуу боюнча Женеа платформасы тарабынан Швейцария Өкмөтү менен биргеликте. Консультациянын максаты БУУнун тынчтык орнотуу боюнча соңку 5 жылдык иштерине обзор кылуу.БУУнун башкы катчысы А.Гуттериш 5 көрүнүктүү эл ...
18.02.2020

Сиздерди 2020-жылдын 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышууга чакырабыз

БФ өткөрүүнүн датасы жана убактысы:  2020-ж. 18-апрель (суббота), саат 10:00дөн 18:00гө чейин.  Жери:  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын аймагы жана  айланасындагы 10дон ашуун аянтчалар,  Кыргызстандын Эл аралык Университети (КЭУ). Сизге маалым болгондой, Бишкек шаарында  жыл сайын соңку 7 жылдын ичинде шаардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган жана анын жакшы салттарынын бирине айланган Билим берүү фестивалы өткөрүлүп ...
11.02.2020

Кечээ борбордо «Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү» белгиленди

10-февралды бүткүл дүйнө “Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү” катары белгилөөдө. Бул күн кыздардын адатынча “эркектердин” деп эсептелинген илим, техника, технологиялар жана IТ менен байланыштуу кесиптерди тандоодогу кыздардын укуктарын коргоого арналган. Бишкекте бул күндү илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү аялдар-илимпоздордун, ошондой эле илимди жана IT ни кесип кылып тандап алган жана өз жаатында ийгиликтерге жетишкен ...
08.02.2020

8- Билим берүү фестивалын тосуп алуу: жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулар

4-8-февралда программалык камсыздоолорду жана тейлөөлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясынын жана IT академиясынын негиздөөчүсү А. Абакировдун № 91, 96 жана 28 мектептеринин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулары улантылды. Презентациянын жүрүшүндө А. Абакиров санариптик дүйнөдө билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, окуучуларды Кыргызстандагы IT рыноктун өсүшү менен тааныштырды, мындан тышкары заманбап дүйнөдөгү жоголуп бара ...
07.02.2020

Бишкекте тынчтыкты жана социалдык биримдикти сактоодо билим берүүнүн ролу талкууланды

Бишкекте 6-февралда “Социалдык биримдик жана тынчтык үчүн билим берүү” конференциясы өттү. Конференциянын иши мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн, билим берүү жана илимий-изилдөө институттарынын, билим берүү жаатындагы жаш активисттердин, эксперттердин жана практиктердин арасындагы социалдык биримдик жана тынчтык, туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында билим берүүнүн негизги аспекттери боюнча тажрыйба, билим жана идеялар менен алмашууга көмөктөшүүгө ...
06.02.2020

«КҮТТҮРГӨН ЖАЗ» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте жумурай журтка таанымал белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече эсеп боюнча кыркынчы жана ал акындар Курманалиева Бактыгүл, Сыдыкбекова Айсалкын жана Токтосунов ...
04.02.2020

«Модерн vs Классика» концерт-презентацияга чакырабыз

"Бий – бул дененин кыймылы аркылуу бошолуп чыккан жан сезимдеринин чагылдыруусу” – деп, бийди, тактап айтканда заманбап/модерн бийди мүнөздөгөн хореограф Марта Грэм. Сиздердин ар бириңиздер бийдеги жандуу кыймылдан кийин ушул эркиндикти, жыргалчылыкты, жеңилдикти сезген болсо керек. Билим берүү системасында балдарды дүйнө таануу, жаратылыштын, же химиялык процесстердин мыйзамдары менен тааныштырууга көп убакыт бөлүнөт, бирок баланын өзүн жана өз ...
04.02.2020

Джон Кеннединин «Каарманды көрнөктөрү» (Профили мужества) китебинин бет ачаары болуп өттү

Жакында КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында Джон Кеннединин англис тилинен кыргыз тилине которулган «Профили мужества» - "Каарманды көрнөктөрү" китебинин бет ачаары болуп өттү. Китепти белгилүү тарыхчы, котормочу жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Аталган китеп Джон Кеннеди сенатор учурунда, 1956-жылы жазылган. Ошондон бери китеп 50 ирет кайрадан басылып чыккан. Иш чара учурунда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР ...
03.02.2020

Жогорку технологиялар паркындагы «Z муундар менен меймандык жолугушуулар»

Бүгүн 3-февралда «Z муундар менен меймандык жолугушуулар» акциясынын алкагында Бишкек шаарынын №84 мектебинин жогорку класстын окуучулары жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барышты, ал жерде алардын астында ЖТПнын директору Алтынбек Исмаилов сөз сүйлөдү. Ал ЖТПнын иштердүүлүгү, анын 2019-жылдагы жетишкендиктери жана натыйжалары, IT тармагындагы талап кылынган кесиптер жана кадрлар тууралуу айтып берип, азыркы учурдагы Кыргызстандагы ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»