10.10.2019

«Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эко-долбоору 2018-жылы – Аймактарды өнүктүрүү жылы – 5-10 жаш курактагы балдар үчүн "Изучаем наш Кыргызстан" жана "Кыргызстаныбызды кыдырабыз" аттуу кооз иллюстрацияланган китептерди кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды. Башкы каармандар Эркинай менен Бекжан жана алардын ата-энесинин саякатына ортоктош болуп, окурман биздин өлкөнүн баардык облустарын кыдырат да, ар кайсы аймактардагы кайталангыс сонундар менен тааныша алат. Бул китеп балдардын Кыргызстандагы биомаданий ар түрдүүлүктү таанып билишине жол ачат. Китеп жөнүндө балдар, ата-энелер, китепканачылар, педагогдор жана эксперттер, жалпы эле окурмандар, ошондой эле туристтер жакшы пикир айтышты.

 

Мектепке чейинки мекемелер менен иштөөнү улантып, педагогдордун сунушу боюнча жаӊы (2019-2020-чы) окуу жылдын башталышына карата “Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз” аттуу эки тилдеги усулдук колдонмо менен дидактикалык материалдан турган Билим сандыгы (өзүнчө 2 комплект) иштелип чыкты. Анын максаты – балдардын туулган жерин жана жаратылышты жакшы көрүүгө тарбиялоо, курчап турган чөйрөдөгү баардык жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө кызыгуусун ойготуу жана аларды коргоого дилгирлентүү аркылуу экологиялык таалим берүү, ошондой эле кыргыз элинин салттуу билимдери жөнүндө баштапкы билим берүү. Сунушталып жаткан көргөзмөлүү-оюн материал кыргыз элинин каада-салттары, тиричилик маданияты, улуттук таалим-тарбиянын өрнөктөрү менен тааныштырат.

 

А3 жана А4 форматында басылып чыккан бул комплектеги көргөзмөлүү-дидактикалык материалдын төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү бар:

- салттуу жана заманбап кийимчен чоӊ ата менен чоӊ эне баштаган кыргыз үй-бүлөсү алгач ирет башкача сүрөттөлдү;

- үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү карточка түрүндө сүрөттөлдү;

- “Жыл мезгилдерин” чагылдырган улуттук кийимчен аял бейнелери иштелип чыкты;

- кыргыз элинин салттары боюнча сюжеттик 5 иллюстрация иштелип чыкты;

- Кыргызстандын жана республиканын 7 облусунун карталары балдардын кабылдоосуна ылайыкталып, сүрөттөр менен коштолуп, эки форматта иштелип чыкты.


Бул материалдардын баары кыргыздардын эзелки боз үйүндөгү салттуу буюм болгон сандыкка салынды.

 

Өнөктөш мамилеге ылайык, “Кыргызстаныбызды

окуп-үйрөнөбүз - билим сандыгынын" 41 комплекти

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына

акысыз өткөрүп берилет.

Мунун ичинен 30 комплект мектепке чейинки

билим берүү уюмдарына,

10у мектептерге жана

1өө Бишкек шаарынын билим берүү

башкармалыгынын ресурстук борборуна берилет.

Бул китеп мектепке чейинки билим берүүнүн усулчуларына жана тарбиячыларына, ошондой эле башталгыч мектептин педагогдоруна кеп өнүктүрүү, айлана чөйрө менен тааныштыруу боюнча каалагандай сабакта/оюнда колдонушу үчүн универсалдуу көмөкчү болот. Балдарга ылайыкталып тартылган Кыргызстандын географиялык картасын камтыган жана анын жети облусу, элибиздин каада-салттары, эӊ жөнөкөй математикалык түшүнүктөрү менен тааныштырып, кыргыз жана орус тилдерин үйрөтүү, көркөм адабият дүйнөсүнө аралаштыруу, чаптама, курак, оймо-чийме өнөрлөрүн үйрөтүү ишинде пайдаланууга болот.

 

Усулдук колдонмонун материалдары “Кыргызтелеком” ААК Балдарды тарбиялоо жана өстүрүү борборунда, Бишкек ш. №47 балдарга билим берүү уюмунда сынактан өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикадагы педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана аларды кайра даярдоо институтунун (РПККЧКИ) мектепке чейинки жана башталгыч мектептеги билим берүү кафедрасынын, ошондой эле И. Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү технологиялары кафедрасынын окутуучуларынын жактыруусуна арзыды.

 

“Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз билим сандыгы" аттуу долбоор “Туруктуу өнүгүүнүн стратегия институту” коомдук фонду жүргүзүп жаткан түндүк жана ички Тянь-Шандагы биомаданий ар түрдүүлүктү илгерилетүү боюнча “Туруктуу келечек үчүн жаштар демилгеси” жергиликтүү демилгелер программасынын алкагында, Кристенсен фондунун (АКШ) колдоосу менен жүзөгө ашырылды.

 

   


Усулдук окуу куралынын материалдары “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан кыргызстандын региондору жөнүндөгү балдардын «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» аттуу сүрөттөр менен коштолгон китебинин жана кристенсен фонду колдогон ««Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоору аталыштагы экологиялык долбоордун жыйынтыктарына таянып иштелип чыкты.

 


"Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз - билим сандыгы"

E-mail: office@roza.kg

конт.тел: 312 660382, 0555 788825

Акыркы жаңылыктар

27.01.2020

«Гений» радиоуктуруу: Балдар үчүн «Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланды

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп белгиленди. Албетте, балдарды коргоо багытында, аларга эрте жаштан билим берүү, Кыргызстандын региондорун таанытуу, жаратылышты жакшы көрүп аны коргоо жаатында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2019-2020-окуу жылында “Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз” аттуу эки тилдеги усулдук колдонмо менен дидактикалык материалдан турган Билим сандыгы Бишкек ...
27.01.2020

«Шамалдагы от» поэзия кечеси болуп өттү

2020-жылдын 24-январында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган “Шамалдагы от” аттуу отуз тогузунчу поэзия кечеси болуп өттү. Кече жаш акындар Махабат Касеинова менен Турдубек уулу Садырбектин чыгармачылыгына арналды. Төкмө акын Чынгысхан Кожошев кеченин ачылаар алдында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык ...
24.01.2020

Санарип ыкмаларын 2000ден ашык киши өздөштүрдү

Үстүбүздөгү жылдын 23-январында "Санарип 50+" долбоорунун окуу курсунун катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын экс-президенти, "Роза Отунбаеванын десилгеси" Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева жолукту. Р.Отунбаева курстун угуучуларына долбоордун мааниси, максаты, зарылдыгы жана натыйжалары тууралуу кеңири айтып берди. Биринчи кездешүү “Санарип 50+” долбоорунун алкагында ачылган окуу борборунда болду. Окуу курсунун ...
23.01.2020

Р.И.Отунбаева Кара-Балта шаарындагы «Билимкана» мектебинин иши менен таанышты

Экс-президент, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Р.И. Отунбаева 2020-жылдын 15-январында Кара-Балта шаарында жайгашкан «Билимкана-Кара-Балта»* мектебине барды жана мектептин турмушу, окуучулар жана мугалимдер менен таанышты. Бул мектеп толук күн иштейт, 2018-жылы негизделген, анда 200дөн ашык окуучу окуйт. Кыргыз, орус жана англис тилдеринен тышкары, окуучулар экинчи чет тилди тандайт. Визиттин жүрүшүндө ошондой эле «Роза Отунбаеванын ...
23.01.2020

Мектеп окуучуларын экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

«Экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени» өз сапарын улантууда. 2019-жылдын сентябрынан тартып 2019-жылдын декабрына чейин Бишкек шаарынын 20дан ашык мектебине (№ 1, 4, 10, 11, 12, 16, 21, 23, 32, 33, 38, 43, 45, 46, 51, 52, 53, 65, 66) барды жана 6-7-класстардын 1600дөн ашык окуучусун камтыды. Бул акция презентация түрүндөгү интерактивдүү лекцияны билдирет, ал өзүнө ошондой эле дискуссияларды жана маалыматтык командалык оюндарды, ролик көрүүнү камтыйт. Мектеп окуучулары ...
22.01.2020

КРнын мектепке чейинки билим берүү системасынын өкүлдөрү Түркияга ар жылдагы таанышуу сапарына даярданып жатат

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга ишсапар менен сыйланды. Түркияга визиттин программасы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин Бирлигинин колдоосу менен уюштурулуп жатат. КРнын мектепке чейинки билим берүү системасынын 12 өкүлү Түркиянын шаарларынын муниципалитеттеринин мектепке чейинки билим ...
22.01.2020

Балдарды балет боюнча мастер-класска чакырабыз

Достор, балдары – бийлегенди жакшы көргөн уулдары жана кыздары барлардын бардыгын, бардык кичинекей тынчы жок балдарды жана алардын ата-энелерин ишембиде, 25-январда, балет боюнча мастер-класска чакырабыз. Саат 16.00дө башталат. Өткөрүү орду "Антре" студиясы, Орозбеков көчөсү 2.   Мастер-класстын наркы - 100 сом.   Мастер-класста балдар жаш балериналардын сабактарын көрүп жана өз күчүн сынай алат. Мастер-класс "Балдар филармониясы" музыкалык-билим берүү ...
20.01.2020

КАЛКТЫН КАЛЫҢ КАТМАРЫ САНАРИП ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮҮГӨ ТИЙИШ

Жеке эле мугалимдер эмес, 30 жаштан жогорку курактагы ата-энелер санарип ыкмаларын үйрөнүүгө тийиш. «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КICB банкы менен биргеликте кадырман курактагылар үчүн арналган «Санарип+50» долбоорун ишке ашырып жатат.      “Санарип 50+” долбоорунун максаты – улуу муундагы адамдарды жана бардык каалоочуларды смартфон ...
20.01.2020

«Шамалдагы от» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте  жумурай журтка таанымал  белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү  төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече  эсеп боюнча  отуз тогузунчу жана ал жаш акындар  Турдубек уулу Садырбектин жана ...
15.01.2020

Таланттуу балдар «Гений» радиоберүүсүндө

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн 2019-жылга карата жыйынтыктоочу чыгарылышында эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө желбиретип келген таланттуу балдар катышты. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп интернатынын окуучусу Алтынай Белекова ооз комузда, ал эми Сезим Анарбекова менен Наргиза Умарова виолончель аспабында ...
18.12.2019

«Каректеги жаз» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 17- декабрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликтеуюштурган акын,Маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси Жыпар Акунованын жана Билим берүүнүн мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналган “Каректеги жаз” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде алгач акындар өздөрүнүн ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»