29.09.2019

Ошто коопсуз миграция маселелерин талкуулоо болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Түштүк резиденциясында USAID’дин «Татыктуулук жана укук» долбоорунун алкагында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн жана кайтып келген мигранттардын ичинен коомдоштуктардын келечектеги лидерлеринин ортосунда диалог болуп өттү.

 

Диалогго 40тан ашык адам, анын ичинде өз коомдоштуктарында волонтер/ активист болууну каалаган демилгелүү мигранттар, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана өлкөнүн бардык региондорунан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ошондой эле КР Өкмөтүнүн Ош областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, КРӨгө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын, НПОнун, МОМдун/ БУУнун Миграция боюнча агенттигинин жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын өкүлдөрү жана областтык жана райондук деңгээлдердеги башка мамлекеттик кызматчылар катышты.

 

Диалогдун максаты – кайтып келген активдүү мигранттарды бир столдун четине чогултуу жана мигранттык жамаат менен ЖӨБнын ортосунда мамилелерди түзүү үчүн аянтчаны берүү, бул адамдын укуктарын алга илгерилетүүдө алардын жамаатынын көйгөйлөрүн жана маселелерин чечүү, жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери, адамдарды сатуу/контрабандасы жөнүндө маалыматты таратуу, ошондой эле тобокелдиктерди четтетүү жана мигранттарды реинтеграциялоо маселелерин талкуулоо аркылуу ишке ашырылат.

 

Диалогдун катышуучулары өлкөнүн миграциялык саясатын жакшыртуу жагынан өз пикирин жана көз карашын билдирип, кайтып келген мигранттардын жана жергиликтүү бийликтин өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы жактарын таба алды. Ошентип, катышуучулар кайтып келген мигранттардын волонтёрдук кыймылынын улуттук платформасын түзүү зарылчылыгын белгиледи, ал жерде мигранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен өзүнүн жеке тажрыйбаларын бөлүшүп жана акча табуу үчүн чет өлкөлөргө кетүүнү пландаштырып жаткан адамдарга коопсуз миграция жагынан сунуштамаларды бере алат.

 

Диалогдун алкагында мигранттар миграциянын учурунда жана мекенге кайтып келгенден кийин өздөрү кабылган көйгөйлөр жана оорчулуктар жөнүндө маалыматты айта алды. Эмгекке татыктуу акысы бар ишти издөө жагындагы оорчулук коомдоштукка реинтеграциялоо жагынан айтылган негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Активисттер ошондой эле мамлекет мектепте билим берүү системасына практикалык турмуштук жөндөмдөргө ээ болуу боюнча сабактарды, мисалы, улан-кыздар мектепти аяктагандан кийин мекенинде өз потенциалын ишке ашыра алышы үчүн бизнес-башкарууну киргизүү зарыл деп белгиледи.

 

Бүтүндөй алганда, диалогдун катышуучулары бул жолугушуунун форматынын актуалдуулугун жана мигранттардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ортосунда дискуссиялык аянтчаларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү зарылчылыгын белгиледи. Мигранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коопсуз миграция жана мигранттардын укуктары жөнүндө маалыматты таратуу боюнча волонтердук колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

 

Бул диалогдун алдында мигрант-активисттер үчүн адам укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө окутуучу эки жайкы лагерь өткөрүлдү. Лагерлердин ишине 7 областтан келген, мигрант болуп көргөн жана коомдоштуктун лидери болууга жана алардын өнүгүшүнө өз салымын кошууга даяр болгон социалдык жактан активдүү 30 жаран катышты.

 

Бул диалогду «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МОМ)/ БУУнун Миграция боюнча агенттиги ишке ашырып жаткан «Татыктуулук жана укук» долбоорунун алкагында өткөрдү.

 

Акыркы жаңылыктар

13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду. Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык ...
05.12.2019

«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал ...
04.12.2019

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Бишкектеги жыйында айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзү кызуу талкууга түштү. Би-Би-Си Кыргызстандын экс-президентинин өзү менен ушул темада кенен маек курду. Би-Би-Си: Айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзүңүз абдан талаш-талкуу жаратты. Айрымдар сизди туура маселени көтөрдү десе, дагы бирлери сизди эмоцияга алдырып жиберди деп жатышат. Аныгында кандай болду? Р. Отунбаева: Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин ...
04.12.2019

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

Кымбаттуу достор! Жаңы Жылдын алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кызыл Жарым Ай жана «Active volunteers» волонтердук уюму менен бирдикте «Пенсионерге смартфон тартуула!» кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатат. Акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Силер тартуулаган, иштеп жаткан абалдагы ар бир смартфон Кызыл Жарым Ай аркылуу аз ...
03.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Үчтөн кийин кеч” аттуу маалымат баракчалары жана үч жашка чейинки баланы кандай өнүктүрүү керектиги жөнүндө эксперттер менен маек курдук.  
30.11.2019

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту

20-ноябрда Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Роза Отунбаеванын окуучулар менен жолугушуусу болду. Жолугушуу 5-11-класстардын окуучуларынын алдыңкыларын шыктандыруу максатында уюштурулуп, "Балдарга турмушка багыт берүүдөгү лидерлердин ролу" теманын тегерегинде балдар менен ой-пикир бөлүштү. Р.Отунбаева мультимедиа кабинети, ...
26.11.2019

БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

Бай терек бой кере бийик өсүшү үчүн тамыры тереңдеши, мөмөлүү дарак бутактары жайкалып, жемиши мол болушу үчүн тамыры кенен жайылышы керек. Бул үчүн багбан кыртышты табигый, нукура азыктар менен багып, семиртиши, бакты бир тамчы да зыяндуу зат кошулбаган мөлтүр тунук суу менен сугарышы зарыл. Өзөгүндө улуттук дөөлөттөр сакталган, эзелки рухий башаттын эскирбес касиети менен каныккан таалим да балдарыбыздын ар тараптан эркин инсан болуп жетилишине ...
25.11.2019

«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү

22-ноябрда «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында концерт-презентация өттү. Концерт-презентация Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жайлуу театрында өттү. Презентация жаш көрүүчүлөрдү негизги балет терминдери: фондю, батман, гран-батман, фуэте жана башкалар менен тааныштырды. Андан соң балеттин келечектеги жаш чеберлери өздөрүнүн меймандары үчүн чакан концерт берди. Презентацияны ...
23.11.2019

«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 22-ноябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган белгилүү акын , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналган “Кеч күздөгү кусалык ” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда акындар ...
22.11.2019

ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

Ак-Босого конушундагы "Санарип 50+" долбоорунун окуу борборуна бүгүн журналистер баш багышты. Тренер Курманбек Нураков конуштун кадырлуу жаш курагындагы тургундарына санариптик жана каржылык сабаттуулуктун негиздерине үйрөттүдө.
21.11.2019

Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду

Биринчи радионун "Күндүн темасы" программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду.   Учурда дүйнөдө технологиялык прогресстер өтө тез өнүккөндүгүнө байланышуу жаңы чакырыктар менен бирге эле кооптонулар жаралды   Кыргызстандын санариптештирүүгө болгон аракети, жасалып жаткан иш тажрыйбасы жана сунуштар боюнча баарлашууга биз КР экс-Президенти, Мадрид клубунун мүчөсү, БУУ генералдык катчысынын Евразия аймагы боюнча ...
19.11.2019

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КICB банк менен бирге улуу муундагы адамдар үчүн “Санарип 50+” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – 50 жаш курагындагыларга, дегеле бардык каалоочуларга смартфондун функцияларын, смартфон аркылуу маалыматтарды издөөгө, социалдык тармактарда баарлашууну, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле каржылык санариптик куралдардын негизинде электрондук ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»