30.04.2019

Конуштардын тургундары активдүү жашоо үчүн!

Ушул жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарындагы Каражыгач паркында шаарыбыздын 10 жаңы конушунун тургундары дене тарбия боюнча норматив тапшырышты.


Иш-чаранын максаты – спорттук мелдештер аркылуу конуштар ортосундагы ынтымакты, тынчтыкты бекемдөө, социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү, жаштарга спортко, ден соолукту чыңдоого багыт берүү.


Дене тарбия боюнча нормативтерди “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкектин 10 жаңы конуштарынын (Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Калыс-Ордо, Көлмө, Рухий-Мурас, Жеңиш, Мурас-Ордо, Эне-Сай) 18 жаштан 69 жашка чейинки тургундары тапшырышты. Мелдешке аял жана эркектер өздөрүнүн жаш курагына жараша беш группага бөлүнүп, 60-100 метрге чуркоо, ордунан узундука секирүү, өз салмагы менен отуруп туруу жана спорттун башка түрлөрү боюнча катышышты.


Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары Чынара Борбашева, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун координатор-мобилизатору Чынара Абдыраимакунова сөз сүйлөшүп, катышуучуларды спорт менен машыгууга чакырышып, аларга ийгиликтерди каалашты.


Мелдешүүнүн активдүү катышуучусу, Кѳлмѳ конушунун тургуну, Коомдук ден соолук комитетинин мүчѳсү, 61 жаштагы Ордогүл Доскулова нормативтерди тапшыруу спорттун сүйүүчүлөрүнө өтө оор деле болбогондугун айтып, төмөндөгүлөргө токтолду: Көптөн бери мындай зарядкаларды кылбай жүргөнгө, кичине гана денем ооруп калды. Буга карабастан, мен спортту абдан жакшы көрөм. Денени чыңалтуу үчүн иштелген спорттук кыймылдарга көп убактымды бөлө албасам дагы, аны жасоого ар дайым аракет кылып келем. Бул иш-чарада спорттун керектигин чын жүрөгүм менен сездим. Көлмө конушунун командасынын эң улуусу мен болдум, айтаарым жаштар биздин жашка келгенче спорт керек экендигин туура түшүнүшүп, “бизден улуу кишилер катышып жатса, биз эмнеге катышпайбыз” деген ой пайда болсо экен деген ниет менен бүгүнкү иш-чарага катышып жатам. Спорт биринчиден ден соолукка керек, жаш карыга карабай, ар кайсы конуштардын тургундары менен бирге ынтымактуу нормативтерди тапшырып жатабыз.


Конуштардын тургундарын шыктандыруу максатында шахмат боюнча Азия чемпиондору сегиз жашар Айжан Съездбекова менен шахмат, дзюдо, каратэ боюнча чемпион Руслан Съездбеков мастер класс өтүштү. Чемпиондордун атасы Съезбек Таштакеев конуштардын тургундарына лекция окуп берип, балдарга канча эмгек жумшалса, ошончо үзүрү болоорун айтты.


“Ар бир балада ар кандай талант бар. Ар бир ата-эне булактын көзүн ачкандай, баласынын талантын убагында байкап, аны шыктандырып, багыт көрсөтсө сөзсүз ийгилик болот. Ошондуктан ата-энелер, мугалимдер убакытты текке кетирбешибиз керек. Бул жерде турган ар бир медалдын артында талыкпаган эмгек бар”, - деп айтты чемпиондордун атасы С.Таштакеев.


Тогуз баланы татыктуу тарбиялап, өстүрүп, системалуу түрдө машыктырып келе жаткан С.Таштакеевке анын кызы Айжанга жана баласы Русланга ак сакалдар мындан ары да ийгиликтер коштоосун жана дүйнөнүн чемпиону болушун каалап, баталарын беришти.


20-апрелде ачылган Лига “Ынтымактуу конуштар” спартакиадасынын алкагында конуштардын тургундары 4-11-майларда Ак-Ордо, Эне-Сай жаңы конуштарында футбол, волейбол боюнча мелдештерди өткөрүшөт. “Ынтымактуу конуштар” спартакиаданын салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 18-майда өтөт.

Акыркы жаңылыктар

18.05.2019

«Дүк-дүк жүрөк» поэзия кечеси өтөт

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду элибизге таанымал акындардын жана жаңыдан эл сүймөнчүгүнө ээ болуп келаткан жаш таланттардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Мындай кеченин кезектегиси белгилүү акын, жазуучу, “РухЭш” сайтынын негидөөчүсү Олжобай Шакирдин чыгармачылыгына арналат. О.Шакирдин “Дүк-дүк жүрөк” поэзия кечеси 2019-жылдын 22-май күнү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында өтөт. ...
15.05.2019

Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги экинчи Аялдар форумуна катышты

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги экинчи Аялдар форуму өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоева, Казакстандын премьер-министринин орун басары Гульшара Абдыкаликова, Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Танзила Нарбаева, Бүткүл кытайлык аялдар Федерациямсынын төрагасынын орун басары Ся Цзе, Россиянын Аялдар бирлигинин төрагасынын орун ...
15.05.2019

Азия чемпиондору Бакай-Ата жаңы конушунда

14-майда шахмат боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, Азиянын чемпиону Айжан Съездбекова менен шахмат, дзюдо боюнча чемпион Алмаз Съездбеков Бакай-Ата жаңы конушунун №85 орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.   Бул жолугушуунун негизги максаты – жаңы конуштун жаштарын шыктандыруу, убактыларын туура пайдаланууга багыт берүү жана кыздарга өзүн өзү коргоого мүмкүнчүлүк түзүп берүү.   Алгач “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык ...
14.05.2019

Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү

13-апрелде жана 4-майда Бишкек шаарында «Кыргызстандагы санариптик муун: билим берүүдөгү Маалыматтык Коммуникациялык Технология (МКТ) жана IT билим берүүсү» деген темадагы эки күндүк VII Билим Фестивалы өттү. Билим Фестивалы – бул эң кеңири аудиторияга, алардын ичинде балдарга, өспүрүмдөргө, студенттерге жана ата-энелерге арналган майрам. 4-майда, Билим Фестивалынын экинчи күнү 16 билим берүү аянтчаларынан түзүлдү. Аталган аянтчалар Курманжан ...
14.05.2019

Талас шаарында Искусство фестивалы болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 11-май күнү Талас шаарында Балдардын искусство фестивалы болуп өттү. Иш чаранын максаты - Талас облусундагы балдарды, жаштарды жана жалпы элди искусствонун ар кандай түрлөрү менен тааныштыруу, кызыгуусун арттыруу жана искусство менен алектенгиси келген таланттуу балдарга колдоо көрсөтүү. Искусство фестивалын КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева жана КР ...
13.05.2019

Тынчтык, ынтымак үчүн уюштурулган «Ынтымактуу конуштар» спартакиада максатына жетти!

2019-жылдын 11-майында Бишкек шаарынын 10 жаңы конушунун арасында өтүп жаткан “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын финалдык оюндары өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен тарта өтүп жаткан спартакиадада “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу, ынтымакты бекемдөө” долбооруна пилоттук болуп кирген Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Эне-Сай, ...
11.05.2019

Таласта «Маданият сенден башталат» аттуу фестиваль өтүп жатат

Таласта «Маданият сенден башталат» деп аталган балдардын искусство фестивалы өтүп жатат.   11-майда Талас шаарынын борбордук аянтында 19 боз үй, 30га чукул чатыр тигилип, адистер алардын ичинде кол өнөрчүлүк, шахмат, сүрөт тартуу өңдүү өнөрлөрүн башкаларга үйрөтүүдө.   Иш-чарага президенттик аппараттын «Манас» оркестри да катышып, концерттик программаларды тартуулап жатат.   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган ...
06.05.2019

Лига «Ынтымактуу конуштар» спартакиаданын жарым финалына чыккан конуштар аныкталды

2019-жылдын 4-майында Бишкек шаарынын 10 жаңы конушунун арасында өтүп жаткан “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын жарым финалына чыккан конуштардын командалары аныкталды. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен тарта өтүп жаткан спартакиадада “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу, ынтымакты бекемдөө” долбооруна пилоттук болуп кирген Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, ...
03.05.2019

ГСВ үчүн позитивдүү ой жүгүртүү боюнча тренинг

Үстүбүздөгү жылдын 29-30-апрелинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Медициналык кызматкерлердин пациенттер менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу» темасына эки күндүк тренинг өткөрдү. Бул тренингге ГСВнын жетекчилери, медициналык кызматкерлер, РЦУЗ, БЦУЗдун адистери жана «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн ...
03.05.2019

Жибек жолу: Музей - мамлекеттин жүзү

Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү 5-апрелде башталган. Жыйырма күнгө созулган бул көргөзмөдө Жибек жолу аралап өткөн өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада-салты, тамак-ашы, биомаданий өзгөчөлүктөрү жана кен байлыктары көрсөтүлдү. Музей жетекчилигинин маалыматына караганда 15 миңге жакын көрүүчү келип, рекорддук көрсөткүч болду. Көргөзмө "Бүгүнкү күндөгү музейлердин абалы" ...
01.05.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын майына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын майына   иш-чараларынын дайджести   4-май – «Кыргызстандын санариптик мууну: ИКТ билим берүүдө жана IT билим берүү» темасына жетинчи Билим фестивалы Качан: 4-май (ишемби, Билим фестивалынын 2-күнү) Кайда: Бишкек шаары Өткөрүү аянтчасы: Эмен Паркы, «Сейтек» Балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору, К. Баялинов атындагы Республикалык китепкана, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театры Жыл сайын ...
01.05.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ чыгарган көркөм өнөр жөнүндө балдар китептеринин сериясы «Китеп көркөм өнөрү» деген улуттук конкурстун Гран-присин алды

Бишкекке К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканада Китептин жана автордук укуктун бүткүл дүйнөлүк күнүн салтанаттуу белгилешти, ал быйылкы жылы «Китеп окуган бала – бул гүлдөп-өнүккөн Кыргызстан» деген девиз астында өтүп жатат.   Бардык меймандар жана кичинекей окурмандар үчүн концерттик программа уюштурулду, ал эми «Китеп көркөм өнөрү» деген улуттук конкурстун жеңүүчүлөрүнө баалуу байгелер жана белектер ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»