30.11.2018

Эне мектептерине жакындан жардам

Өлкөбүзгө жаңы системанын кирип келиши менен көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Айрыкча менчиктештирүү балдарды камкордукка алууга кедерги берди. Себеби көптөгөн бала бакчалар менчиктештирилип кетти. Ушундан улам балдар бала бакчаларга барыша албай калышты. Андан сырткары жумушсуздуктун айынан сырткы жана ички миграция күч алды. Бала бакчалар жоюулганы аз келгенсип, миграциядан улам балдарга ата-энелер тарабынан камкордук көрүү да солгундай баштады. Россия, Казакстанга, башка чет өлкөлөргө кеткен ата-эне өздөрүнүн ата-энелерине, жакын туугандарына балдарын таштап, иш издеп кете башташты. Балдар өз ата-энелеринин тарбиясын көрбөй, мээримине тойбой калып жатышат. Чындыгында мындай көрүнүш мамлекеттин келечегине балта чабышы да мүмкүн. Балдарыбызга кам көрбөө – бул мамлекетибиздин келечегине кам көрбөө менен барабар. Келээр-кетээр дүйнө дегендей улуу муундар түбөлүктүү жайыбызга кете баштайбыз, кичүү муундар, тактап айтканыбызда биздин балдарыбыз биздин ордубузду басып, мамлекетибизди кармап, андан ары өнүктүрүп кетүүчүлөр деп аларга үмүт артабыз. Ошондуктан ар бир кыргызстандык балдарыбызга кам көрүүнү ыйык милдетибиз катары карообуз абзел деген ойду айткыбыз келет.


Биздин уюм 20 жылдан ашуун айыл жериндеги жөнөкөй, карапайым катмар менен иштеп келүүдөбүз. “Эрайымдын” ишмердүүлүгүндөгү негизги максаттарга жаш муундарга камкордук көрүү да кирип кетет. Себеби балдар – биздин келечегибиз. Ошондуктан биз Кыргызстандын түштүк элинде 2010-жылдагы улут аралык кагылышуудан бери элдердин ынтымагын, тынчтыгын, достугун, биримдигин бекемдөө багытында “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарында, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарына караштуу Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусунда, Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында өз жардам топтору, эне мектептери, балдардын руханий дүйнөсүн байытуудагы ар кандай ийиримдер, психологиялык, юридикалык компоненттерди колдонуу аркылуу өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп келүүдөбүз. Биз мектеп жашына чейинки балдарга камкордук көрүүдө долбоордун негизинде 40 эне мектебин уюштурдук. Эне мектептерин долбоор аймагында алгачкы убактарда уюштуруп жаткан кезде жергиликтүү бийликтердеги кээ бир түшүнбөгөн кызматкерлер бир топ тоскоолдуктарды жасашкан эле. Ошондо биз “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондуна кайрылганбыз. Фонддун негиздөөчүсү өзү уюшулуп иштеп жаткан эне мектептерине барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Экс-президент Р.И.Отунбаева келген учурда Кара-Суу районундагы бүт бийликтегилер да катышкан. Баягы эне мектептерин ачтырбоого аракет кылып тоскоолдук жасагандар да келген эле, бул жолугушууга. Ошондо экс-президент мындай деген: “Балдардын келечегин ойлосок, аларды кароосуз калтырбай, алар үчүн ар тараптуу камкордуктарды көрүүбүз, жалпыбыз биргеликте аракеттерди жасашыбыз керек. Азыркы мотурайган балдар, эртеңки мамлекет башчысы, экономикабызды көтөрө турган ишкер жана эл жүгүн аркалаган, элдин атын алыска тааныта турган белгилүү адам болуп чыгаарына ишеним арталы. Ал эми сиздер ачып, өз демилгеңиздер менен ишке киргизип жаткан эне мектептери азыркы учурдун талабы. Анткени, турмуштук зарылчылыктан улам канчалаган жаштар балдарын калтырып, сыртка иштегени кетип жатышат. Балдар кароосуз калып, алардын билими, тарбиясы эске алынбай калды. Андыктан мындай маселени көтөрүп жана ишке ашырып жаткан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин бул аракетин чын дилимден колдоймун жана биргеликте иш алып барууга даярмын”. Ошол күндөн тартып, тоскоолдуктар жоюулуп, бир эне мектептин артынан экинчиси ачыла баштады. Бул биздин мектеп жашына чейинки балдарга камкордук көрүүгө жасаган аракетибизге “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун берген моралдык чоң жардамы болгон.



Азыркы күндө 40 эне мектепке 2000дей бала барат. Эне мектептердин сапатын жакшыртууга “Р.И.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду эң алгач моралдык жактан жардамдарды берсе, кийинчерээк материалдык да жардамдарды бере баштады. Фонд тарабынан эне мектептерине ар кандай оюнчуктар, китептер таркатылды. Эне мектептерине берилген китептер боюнча долбоордун Жалал-Абад дубанынын эне мектеби боюнча тирекчиси Дилфуза Назаралиева мындай дейт: «“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан берилген китептер, журналдар, көрсөтмөлүү куралдар бизге абдан керек болуучу. Анткени балдарга сабак өтүүдө тарбиячылар китеп табышпай, кыйналып келишкенин жашырууга болбойт. Ошондуктан эми алар бул окуу куралдарынын жардамы менен балдарга билим берүүнүн сапатын жогорулата алышат деген ишенич бар».

 

Ал эми долбоордун Ош дубанынын эне мектептери боюнча тирекчиси Жолдубаева Гулкайыр: «“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан берилген оюнчуктар эне мектебинин тарбиялануучуларына күтүлбөгөн чоң белек болду. Чындыгында эне мектептердин көбүндө оюнчуктар жок эле. Бул оюнчуктар эки райондо иштеп жаткан 40 эне мектебине тең бөлүнүп берилди».



Мындан сырткары фонд тарабынан уюштурулган Кыргызстан аялдарынын форумунда эне мектептери тууралуу маалымат берүүгө шарт түзүлдү. Форумда атайын эне мектептери боюнча уюмдун эксперти Д.Майгулакова эне мектеби тууралуу бет ачар жасаганга мүмкүнчүлүк алды. Форумдун катышуучулары эне мектеби тууралуу кеңири маалымат алышты. Мындан сырткары фонддун жардамы менен Д.Майгулакова Түркия өлкөсүнө мектеп жашына чейинки балдарга камкордук көрүү боюнча тажрыйба алып келди. Ал тажрыйбасын эне мектептеринин жетекчилерине айтып берип, алар өз ишмердүүлүктөрүндө колдонуп жатышат.

 

Ушул жылдын 10-сентябрында КРнын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева Ош мамлекеттик университетине иш-сапары менен келип, билим берүү тармагында акыркы маалыматтар, илим, техника жана инновация жаатындагы жаңылыктар, дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөр тууралуу кызыктуу лекция окуду. Лекция окуудан сырткары ал “Эрайым” тарабынан түштүктө ачылган эне мектептери тууралуу айтып келип, балдар тарбиясына көңүл буруу бүгүнкү күндүн негизги муктаждыгы экендигин айтып, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош жана Жалал-Абад дубандарынан келген кызматкерлерине ОшМУнун алдында уюшулган “Enactus” уюмунун жаш активистерин тааныштырып, аларды “Эрайым” менен чогуу иш алып барууга жана көмөктөшүүгө чакырды. Бүгүнкү күндө “Эрайымдын” түштүктөгү кызматкерлери жаштардын бул уюму менен кызматташууда.



Жакында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду 150000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү грантты жардам иретинде берди.



Грант “Эрайым” уюму тарабынан тең өлчөмдө муктаж эне мектептерине, тактап айтканыбызда Жалал-Абад дубанынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы “Акылдуу наристе” эне мектебине суу чыгаруу жана ажааткана куруу үчүн 74816,40 (жетишим төрт миң сегиз жүз он алты) сом 40 тыйын, ал эми “Даткайым илим эне мектебинин” архитектуралык документтерин бүткөрүү үчүн 74816,40 (жетишим төрт миң сегиз жүз он алты) сом 40 тыйын бөлүнүп берилди. Берилген гранттык жардамды туура пайдаланышып, “Акылдуу наристе” таза суу чыгарып, ажаткана куруп алды. Ал эми “Даткайым илим эне мектеби” архитектуралык документтерин бүткөрдү. Бул документтер бүтмөйүнчө Мады айыл өкмөтү өз карамагына албоону билдирген. “Даткайым илим эне мектебинин” архитектуралык документтери бүткөн соң, Мады айыл өкмөтү өз карамагына алып, кызматкерлерине айлык маянасын, балдардын тамак-ашынын жарымын төлөй баштады.

 

“Эрайым” уюмунун жамааты, эне мектептеринин жетекчилери, ата-энелер жана балдар “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондуна эне мектептерине көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Ракыя Жусупова, 

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси

Кутбилим

Акыркы жаңылыктар

15.02.2019

Ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуучу тренинг

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду “Балдарга, кыздарга, аялдарга жасалган зомбулуктун алдын алууда, үй-бүлөнү пландоодогу жоопкерчиликтүү ата-энелик” аталышында Бишкек шаарынын он жаңы конушундагы Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрүнө тренинг өткөрүүдө. Тренингдин максаты – дени сак, ар тараптан өнүккөн балдарды тарбиялап өстүрүүдөгү ата-энелердин ролун чечмелөө, жоопкерчиликтүү ата-эненин милдеттери менен ...
13.02.2019

Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары, инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышуу сапары

Үстүбүздөгү жылдын 6-7 февралында «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Д.Ш., долбоордун координатору Маражаббай к. А., "Аскар Салымбековдун Фонду" коомдук фондунун башкы директору Жумадилов А.Ж. жана аткаруучу директору Жумадилов Э.Ж. Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары (МКТ), инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышып келишти. Сапардын максаты - МКТ боюнча алдынкы ...
07.02.2019

«Поэзия поезди» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси Максат Жангазиевдин, акындар Мырзайым Айтимбетованын жана Умар Нусубалиевдин ...
04.02.2019

2019-жылды экология менен улантабыз!

Билим кербени 2019-жылдан тартып Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча лекцияны улантат. Эко команданын лектору Данияр Суйундук уулу быйылкы жылы № 62, 11, 26 жана 71 мектептерге барды, ал жерлерде 8- 9-класстардын окуучулары үчүн экология темасына лекция – презентацияны өткөрдү, ошондой эле эко долбоордун алкагында Фонд тарабынан түзүлгөн эко роликтер көрсөтүлдү. Жогорку класстардын окуучулары активдүүлүгүн жана ...
03.02.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын февралына иш-чараларынын дайджести

Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын февралына   иш-чараларынын дайджести       1-февраль - "Гений" радиоберүүсү Качан: 1-февраль, 13:30дан - 14:00гө чейин Кайда: Биринчи Радио Тема "Ата-эне болуу: укук гана эмес, ошондой эле милдеттер". Спикер - Эльмира Каримова, монтессори-педагог, социалдык педагог, психолог. Тили: орус Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, координатор)     8-февралда -  КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Жеңиш жана ...
31.01.2019

Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын өкүлдөр «Миграция жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарында гендердик теңчилик маселелери» лагеринде окутуудан өттү

2019-жылдын 28-январында «Миграция жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарында гендердик теңчилик маселелери» үч күндүк лагери аяктады. Лагердин ишине Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын өкүлдөрү: айыл аймактарынын башчылары, башчылардын орун басарлары, жооптуу катчылар, айылдык кеңештин депутаттары, аялдар кеңештеринин мүчөлөрү, башкы бухгалтерлер, лидерлер жана активисттер катышты. Лагердин максаты – жергиликтүү өнүктүрүү стратегиясын, анын ...
30.01.2019

STEM - 2019 кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү

29-январда И.Раззаков атындагы КМТУда STEM кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү. Ачылышта ФРГнын КРдагы Элчиси М.Иверсен, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.Ж. Джаманбаев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Д.Кендирбаева, КРдагы ДААД маалымат борборунун аткаруучу директору К.Тевс, КГТИнин директору А.А. Усупкожоева саламдашуу менен сөз сүйлөдү. Сөз сүйлөгөндөр техникалык багыттар боюнча окутуунун келечектери жөнүндө, ...
27.01.2019

«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен өттү

2019-жылдын 25-январь күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын Кичи залында белгилүү акын Мирлан Самыйкожонун «Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен болуп өттү. Жүздөгөн поэзия сүйүүчүлөрү кечеге келип, залга батпай калды. Аталган ыр кече буга чейинкилерден өзүнүн сценарийинин кызыктуулугу жана динамикалуулугу менен айырмаланды. Мирлан Самыйкожо өзүнүн кечесин кыргыз поэзиясынын атактуу өкүлдөрүнө арнаган ыры ...
26.01.2019

Роза Отунбаева: Креативдүү индустрия музейлерден башталат

Туризм өлкөнүн ички дүң продукциясына 5 пайыздык киреше алып келет, бул чек эмес, башталышы десек туура болчудай. Бийликтин “Ачык асман” жөнүндөгү чечими да буга кол кабыш кылмакчы: кыймылдардын интенсивдүүлүгү көбөйөт, адамдардын, жүктөрдүн ички жана эл аралык каттоолору күчөйт. Бүгүн эле Кыргызстан: кышкысын жана жайкысын кыска мөөнөттүү эс алууну, трекингдерди жана хайкингдерди (узун жана кыска багыттуу жөө туризми), лыжа туризмин сунуштаган ар ...
23.01.2019

«50+»долбоору «Мобилдүү технологиялар» курстарына чакырат

«50 ПЛЮС» долбоору – өз ниеттерин жүзөгө ашырууну, кызыктуу, жигердүү, узак жашоону каалагандар үчүн!     Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү,   Сиздер мобилдүү телефонду пайдаланууда ишенимдүү болууну, социалдык тармактар аркылуу баарлашууга, электрондук почтаны пайдаланууга үйрөнүүнү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү үйдөн чыкпай туруп телефон аркылуу төлөөнү каалайсыздарбы?   Биз Сиздерди «Мобилдүү технологиялар» курстарына чакырабыз, ал жерде ...
23.01.2019

КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди

2019-жылдын 18-январь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Садык Шер «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомлук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштурган «Китеп билим булагы, билим өнөр чырагы» акциясынын алкагында Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназиясында балдарга китеп окуп берди. Эл өкүлү окуган «Ынтымак сыры» китебин аталган мектептин 200 дөн ашуун окуучулары өтө кунт коюп, зор ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»