24.07.2018

«Мекендештер-2018» форуму дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мигранттарды Чолпон-Атада чогултат

Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда 8-августтан 9-августка чейин ар жылдагы «Мекендештер-2018» форуму өтөт. Алдыдагы иш-чарадан күткөн үмүт-тилектери жөнүндө анын уюштуруучулары Бишкектеги пресс-конференцияда айтып берди.

 

Программа жөнүндө маалымдоо алдында брифингдин уюштуруучулары жана катышуучулары «Азаттык» радиосунун курман болгон журналисти Улан Эгизбаевди бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерди.

 

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов алдыдагы окуянын маанилүүлүгү жөнүндө айтып, форум эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн кайталангыс аянтча болуп калат деп белгиледи.

 

«Бул аянтчада алар өзүнүн жүрөгүн өйүгөн нерселерди жана көйгөйлөрдү мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар менен бөлүшө алат. Форумдун жыйынтыктары боюнча биз эң ийгиликтүү жана иштиктүү сунуштарды тандап алабыз жана, иштелип чыккан чечимдерге ылайык, биз андан аркы позицияны аныктай алабыз», - деп айтты Токтоболотов.

 

Ал бардыгын ушул форумга жигердүү катышууга чакырды жана ал мурдагылар сыяктуу эле кыйла кызыктуу өтөт деген ишеничин билдирди.

 

«20 чамалуу өлкөдөн өкүлдөр келет жана мигранттар тигил же бул өлкөдө кандай көйгөйлөргө кабылып жатканын айтып бере алат. Бизге эмгек мигранттарынын ар бир добушу, ар бир пикири өтө кызыктуу. Ар биринин айтканын иштеп чыгабыз жана угабыз», - деп ишендирди Токтоболотов.

 

Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен журналисттердин алдында сөз сүйлөп, ушул форумду мамлекеттин тышкы саясий органы колдой тургандыгы жөнүндө билдирди.

 

«Биз дайыма форумду өткөрүүгө, уюштурууга жана анын өзүнө түздөн-түз катышабыз. Биз ушул форумду даңазалоого, ал аркылуу катышуучуларды тартууга иш жүзүндө чет өлкөлөрдөгү бардык мекемелерибизди тарттык. Форумга ошондой эле Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн башчылары келет. Биз Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан иш боюнча соңку маалыматтарды бөлүшөбүз», - деп кошумчалады ал.

 

Форумду башкы уюштуруучунун атынан «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун директору Догдуркуль Кендирбаева быйылкы жылы негизги басым өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын салымына жасалат деп айтты.

 

«Кыз-келиндер миграциясына тиешелүү маселелерди талкуулоо дагы бир багыт болуп калат. Белгилүү болгондой, Кыргызстандан чыккан эмгек мигранттарынын 40%ын кыз-келиндер түзөт. Алардын арасында айрым ийгиликтерге жетишкендери бар жана алар форумга катышуу менен ушулар жөнүндө айтып берет», -деп кошумчалады Кендирбаева.

 

Форумдун координатору Алена Муховикова быйылкы жылы программа иш-чараларга кыйла бай деп белгиледи. Ал бир катар пленардык жыйналыштардан жана секциялык дискуссиялардан турат, бул пикирлерди кеңири камтуу үчүн максималдуу шарттарды түзөт, ошондой эле катышуучулардын ар бирине кызыктырган маселелер боюнча пикирин айтууга мүмкүндүк берет.

 

«Ушул секциялык дискуссиялардын натыйжасында кийинки 2020-жылдагы форум боюнча эки жылдык план иштелип чыгат, анын сунуштамалары Кыргызстандын Өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке жана өкмөттүк эмес уюмдарга жөнөтүлөт деп күтүп жатабыз», - деп оюн бөлүштү Муховикова.

 

Мындан тышкары, анын маалыматтары боюнча, форум кеңири маданий программаны жана экскурсиялык кыдырууларды камтыйт. Белгиленген иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон локациялар жана логистика ойлонулуп бүттү, деп ишендиришти уюштуруучулар.

 

Маалымат: «Мекендештер» форуму – чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештердин, кыргызстандыктардын бирикмелеринин, диаспораларынын иштиктүү диалогу үчүн заманбап аянтча. Ал Швейцариялык эл аралык кызматташтык боюнча бюросунун грантынын алкагында КРдагы Миграция эл аралык уюмунун колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан 2012-жылдан бери эки жылдык мезгилдүүлүк менен өткөрүлүп келатат.

 


Акыркы жаңылыктар

15.02.2019

Жоопкерчиликтүү ата-эне болуунун жолдору

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду “Балдарга, кыздарга, аялдарга жасалган зомбулукту алдын алууда, үй-бүлөнү пландоодогу жоопкерчиликтүү ата-энелик” аталышында Бишкек шаарынын он жаңы конуштарындагы Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрүнө тренинг өткөрүүдө. Тренингдин максаты – дени сак, ар тараптан өнүккөн балдарды тарбиялап өстүрүүдөгү ата-энелердин ролун чечмелөө, жоопкерчиликтүү ата-эненин милдеттери менен ...
13.02.2019

Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары, инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышуу сапары

Үстүбүздөгү жылдын 6-7 февралында «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Д.Ш., долбоордун координатору Маражаббай к. А., "Аскар Салымбековдун Фонду" коомдук фондунун башкы директору Жумадилов А.Ж. жана аткаруучу директору Жумадилов Э.Ж. Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары (МКТ), инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышып келишти. Сапардын максаты - МКТ боюнча алдынкы ...
07.02.2019

«Поэзия поезди» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси Максат Жангазиевдин, акындар Мырзайым Айтимбетованын жана Умар Нусубалиевдин ...
04.02.2019

2019-жылды экология менен улантабыз!

Билим кербени 2019-жылдан тартып Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча лекцияны улантат. Эко команданын лектору Данияр Суйундук уулу быйылкы жылы № 62, 11, 26 жана 71 мектептерге барды, ал жерлерде 8- 9-класстардын окуучулары үчүн экология темасына лекция – презентацияны өткөрдү, ошондой эле эко долбоордун алкагында Фонд тарабынан түзүлгөн эко роликтер көрсөтүлдү. Жогорку класстардын окуучулары активдүүлүгүн жана ...
03.02.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын февралына иш-чараларынын дайджести

Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын февралына   иш-чараларынын дайджести       1-февраль - "Гений" радиоберүүсү Качан: 1-февраль, 13:30дан - 14:00гө чейин Кайда: Биринчи Радио Тема "Ата-эне болуу: укук гана эмес, ошондой эле милдеттер". Спикер - Эльмира Каримова, монтессори-педагог, социалдык педагог, психолог. Тили: орус Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, координатор)     8-февралда -  КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Жеңиш жана ...
31.01.2019

Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын өкүлдөр «Миграция жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарында гендердик теңчилик маселелери» лагеринде окутуудан өттү

2019-жылдын 28-январында «Миграция жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарында гендердик теңчилик маселелери» үч күндүк лагери аяктады. Лагердин ишине Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын өкүлдөрү: айыл аймактарынын башчылары, башчылардын орун басарлары, жооптуу катчылар, айылдык кеңештин депутаттары, аялдар кеңештеринин мүчөлөрү, башкы бухгалтерлер, лидерлер жана активисттер катышты. Лагердин максаты – жергиликтүү өнүктүрүү стратегиясын, анын ...
30.01.2019

STEM - 2019 кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү

29-январда И.Раззаков атындагы КМТУда STEM кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү. Ачылышта ФРГнын КРдагы Элчиси М.Иверсен, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.Ж. Джаманбаев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Д.Кендирбаева, КРдагы ДААД маалымат борборунун аткаруучу директору К.Тевс, КГТИнин директору А.А. Усупкожоева саламдашуу менен сөз сүйлөдү. Сөз сүйлөгөндөр техникалык багыттар боюнча окутуунун келечектери жөнүндө, ...
27.01.2019

«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен өттү

2019-жылдын 25-январь күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын Кичи залында белгилүү акын Мирлан Самыйкожонун «Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен болуп өттү. Жүздөгөн поэзия сүйүүчүлөрү кечеге келип, залга батпай калды. Аталган ыр кече буга чейинкилерден өзүнүн сценарийинин кызыктуулугу жана динамикалуулугу менен айырмаланды. Мирлан Самыйкожо өзүнүн кечесин кыргыз поэзиясынын атактуу өкүлдөрүнө арнаган ыры ...
26.01.2019

Роза Отунбаева: Креативдүү индустрия музейлерден башталат

Туризм өлкөнүн ички дүң продукциясына 5 пайыздык киреше алып келет, бул чек эмес, башталышы десек туура болчудай. Бийликтин “Ачык асман” жөнүндөгү чечими да буга кол кабыш кылмакчы: кыймылдардын интенсивдүүлүгү көбөйөт, адамдардын, жүктөрдүн ички жана эл аралык каттоолору күчөйт. Бүгүн эле Кыргызстан: кышкысын жана жайкысын кыска мөөнөттүү эс алууну, трекингдерди жана хайкингдерди (узун жана кыска багыттуу жөө туризми), лыжа туризмин сунуштаган ар ...
23.01.2019

«50+»долбоору «Мобилдүү технологиялар» курстарына чакырат

«50 ПЛЮС» долбоору – өз ниеттерин жүзөгө ашырууну, кызыктуу, жигердүү, узак жашоону каалагандар үчүн!     Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү,   Сиздер мобилдүү телефонду пайдаланууда ишенимдүү болууну, социалдык тармактар аркылуу баарлашууга, электрондук почтаны пайдаланууга үйрөнүүнү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү үйдөн чыкпай туруп телефон аркылуу төлөөнү каалайсыздарбы?   Биз Сиздерди «Мобилдүү технологиялар» курстарына чакырабыз, ал жерде ...
23.01.2019

КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди

2019-жылдын 18-январь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Садык Шер «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомлук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштурган «Китеп билим булагы, билим өнөр чырагы» акциясынын алкагында Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназиясында балдарга китеп окуп берди. Эл өкүлү окуган «Ынтымак сыры» китебин аталган мектептин 200 дөн ашуун окуучулары өтө кунт коюп, зор ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»