13.07.2018

Оргочор айылында тренинг болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 9-10-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында “Мигранттар үчүн маалыматтык-миграциялык борборду ачууга жана аны туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында “Мигранттар үчүн маалыматтык-миграциялык борборду ачууда айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин депутаттарынын ролу” аталышында тренинг болуп өттү.Тренингдин жыйынтыгы боюнча иш чара өз максатына жетти. Эскерте кетсек, тренингдин максаты платформа катары мигранттар үчүн маалыматтк-миграциялык борборду пайдалануу менен кызмат көрсөтүүдө жергиликтүү жамааттардын, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин депутаттарынын билим деңгээлин көтөрүү жана ролун аныктоо болгон эле. Катышуучулар келечекте, баарынан мурун, айылдык аймактар Адам үчүн, анын кызыкчылыгы үчүн болушу керек деген бир жыйынтык ойго келишти.


Биринчиден, аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешине жана өнүгүүсүнө төмөнкүдөй баалуулуктарды орнотуу: өмүрдү сактоо баалуулуктары, экономикалык жүрүм-турум баалуулуктары, коомдук жүрүм-турум баалуулуктары, маданият жана руханий жаатындагы баалуулуктар. Ошондой эле катышуучулар “Миграциядагы гумандуулук жана тартип мигранттарга да жана аларды кабыл алган коомдорго да пайда алып келиши керек”деген Эл аралык миграция уюмунун принциптерин ишке ашырууну жана калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү зарыл экендигин белгилешти.


Тренингди эксперт, бюджет жана финансылык анализ боюнча улуттук консультант Асия Таранчиева өткөрдү.


Аталган иш чара “Роза Отунбаеанын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Фонддун аткаруучу директору Д.Кендирбаева тренинг учурунда сүйлөгөн сөзүндө айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин депутаттарынын тренингде коюлуп жаткан маселени чечүүдө ролу жогору экендигин белгиледи жана катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Д.Кендирбаева ушул аймактын кулундары болгон миграцияда жүргөн Т.Жукешовдун жана А.Сарыгуловдун Тосор айылындагы ийгиликтүү тажырыйбасына токтолду. Алар да бир кезде өздөрү жашаган аймакта мыкты адис болгонуна карабастан жумушсуздуктун айынан аргасыз бири Кытайга, бири Түркүяга эмгек мигранты болуп кетишкен. Бүгүнкү күнү алар өз айылын өнүктүрүүгө туруктуу салымын кошуп жатышат.


Ошондой эле тренингке Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МОМ) өкүлү да катышып, ал бул уюмдун миссиясы, Маалыматтык-миграциялык борбордун алдыда аткарыла турган иштери тууралуу маалымат берди. Эртеңки күнү аталган Борбордун милдети тынымсыз миграцияга кетип жаткан адамдарга мыйзам чегиндеги туура жана керектүү , зарыл маалыматтарды алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналаары баса белгиледи.


презентацияны шилтеме боюнча жазып алууга болот >>>


Акыркы жаңылыктар

22.10.2018

Пост-релиз «Ыймандай сыр» поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында таанымал акын, журналист КР Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынын судьясы Жедигер Саалаевдин “Ыймандай сыр” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда акын Ж.Саалаев поэзия күйөрмандарына өзүнүн Мекен, атуулдук жана философиялык темалардагы “Жайлоо жана ыр”,”Мен-кыргызмын”, “Алтын күз”, “Бейит башындагы ыймандай сыр”, “Биз дүйнөгө эмне ...
19.10.2018

Экс-Президент Р.Отунбаева Лиссабондо «Биргелешкен коомдо билим берүү жагынан саясатты иштеп чыгуу боюнча диалогдор» форумунун ишине катышты

Экс-Президент Р.Отунбаева 16-17-октябрда Лиссабондо, Португалия, Мадрид Клубу уюштурган «Биргелешкен коомдо билим берүү жагынан саясатты иштеп чыгуу боюнча диалогдор (shared society)» форумунун ишине катышты. Диалогдун көңүлүнүн борборунда качкындардын, мигранттардын жана убактылуу көчкөн адамдардын билим алуусунун көйгөйлөрү, жаштарда зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу, анын ичинде санариптик сабаттуулук аркылуу алдын алуу көйгөйлөрү турду.   Р.И. Отунбаева ...
15.10.2018

Пресс релиз «Ыймандай сыр» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын , журналист Жедигер Саалаевдин чыгармачылыгына арналат. Кече 2018-жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз ...
11.10.2018

Кор кылба элим кызыңды.

05.10.2018

Сузак районунун тургундарын ар түрдүү азыктардан тамак жасоого үйрөтүштү

«Кыргыз Республикасында улуттук деңгээлде азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелери боюнча маалымдар болууну жана аны жактоону арттыруу» долбоорунун алкагында 1-октябрдан 3-октябрга чейин Жалал-Абад областынын Сузак районунун Багыш, Сафаровка, Октябрь айылдарында улуттук ашкананын 25 тамак-ашын жасоо боюнча иш (мастер-класс) жүргүзүлдү.   Белгилеп кетели, 25 бенефициарийдин ортосунда туура тамактануу боюнча мурда иштелип чыккан ...
05.10.2018

«Ак-Ордодогу»

2018-жылдын 4-октябрь күнү Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду , ЮНФПА жана Тынчтыкты куруу фонду тарабынан “Акындар Бишкек шаарынын жаңы конуштарында тынчтык, биримдик үчүн” деген аталыштагы иш чара уюштурду. Аталган иш чара бул конуштагы №96 жаңы мектептин чоң залында өтүп, ага кыргыз элине таанымал акындар Зайырбек Ажыматов, Бердибек Жамгырчиев, ...
04.10.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести       1-3-октябрь - "25 салттуу тамак" рецепттер китебин даярдоо Кайда: Жалал-Абад областы, Сузак району Иштелип чыккан салттуу тамактарды даярдоо боюнча Сузак районундагы (Сафаровка, Багыш, Октябрь) 25 бенефициар менен иштөө. Телефон: 0555004240 (Осмоналиева А., долбоордун ассистенти)     4-октябрь - Турак-жай конуштарынын тургундары менен жолугушуу ...
04.10.2018

Отунбаева: Ысык-Көл форумунун актуалдуулугу азыр да курч

4-октябрда “Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” аталышындагы III эл аралык Ысык-Көл форуму башталат. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун мамлекетинен жазуучулар, окумуштуулар, Айтматов изилдөөчүлөр жана саясатчылар катышары күтүлүүдө. Отуз жылдан ашуун убакыттан бери келе жаткан Ысык-Көл форумунун негизги мааниси тууралуу экс-президент Роза Отунбаева менен маектештик. Берүүнү Майраш Базлакунова алып барды.   — ...
03.10.2018

Отунбаева: «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форумунун» мааниси өтө зор

«Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форумунун» мааниси өтө зор. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Маалыматка ылайык, эртең «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форуму»: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу» аттуу III эл аралык жыйыны башталат. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун мамлекетинен жазуучулар, окумуштуулар, Айтматов изилдөөчүлөр жана саясатчылар катышары күтүлүүдө. Роза ...
01.10.2018

«Жолдогу сентябрь» поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 28-сентябрь күнү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Т.Сатылганов атныдагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын кыздар Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын чыгармачылыгына арналган “Жолдогу сентябрь” поэзия кечесин өткөрдү. Азыркы учурда Москвада жашап, эмгектенген акын кыздар Н.Гургубаева жана ...
26.09.2018

Мектепке чейинки мекемелердин методисттери жана тарбиячылары үчүн «Балдардын ишмердигинин бардык түрлөрү аркылуу экологиялык тарбиялоо» тренинги өттү

Өсүп келаткан муунду тарбиялоодо мектепке чейинки мекеменин тарбиячысы өзгөчө роль ойнойт. Балдарыбыздын келечеги анын көз карашына, маалыматты берип, балдарды шыктандыра алышына, эмгекке үйрөтө билишине байланыштуу.   Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Методикалык кеңеши «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Кор кылба элим кызыңды

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»