28.06.2018

Бешик ырлары.

Канышай Капарова

Уктай койчу бөбөгүм

Ак бешикке бөлөйүн

Уктаганча жөлөгүм

мээримимди төгөйүн

Алдей, алдей ак балам,

Ак бешикке жат балам

Умай энеӊ кайтарсын

Душманыңды майтарсын

Түшкө кирип энекең

Мээрим менен таң атсын

Алдей,алдей ак балам

Ак бешикке жат балам

Апакеңе өбөк бол

Атакеңе жөлөк бол

Эл керекке жараган

Ак жолтойлуу бөбөк бол

Алдей,алдей ак балам

Ак бешикке жат балам

Ак сүтумдү ийгеним

Ак батамды бергеним

Актаса деп үмүтүм

Аруу тилек тиледим

Алдей ,алдей ак балам

Ак бешикке жат балам

 

Ысмайыл Кадыров

Жаш кезектен белегим

Кагылайын тирегим

Калк сыйлаган кадырман

болсо экен деп тилеймин

Ак бешигиң арчадан

уктай койгун берекем

Алпештейин көлөкөм

Алдей, алдей ак бөпөм

Айнектейим тунугум

Элге болсун жугумуң

Асыл адам боло көр

Алдей, алдей кулунум

Ак бешигиң арчадан

Уктай койгун берекем

Алпештейин көлөкөм

Алдей, алдей ак бөпөм

Түптүу кыргыз урпагы

экениңди биле жүр

Айкөл Манас атаңды

көңүлүңө түйө жүр

Ак бешигиң арчадан

уктай койгун берекем

Алпештейин көлөкөм,

Алдей,алдей ак бөпөм

Алдей, алдей ардагым

Бал татыган жандайым

Эл намысы каныңда

Ойноп турсун ар дайым

Элдик ыр

Алдей,алдей ак балам

Арка жөлөөр жан балам

Кунан койдун куйругу

бышты жегин жан балам

Алдей,алдей ак балам

Ак бешикке жат балам.

Аман-эсен чоңоюп,

атакеңе бол жөлөк.

Атаң барса айылга

куржун толо эт келет

Энең барса айылга

Эмчек толо сүт келет

Кунан койду сой балам

Куйругуна той балам

Алдей, алдей ак балам,

Тердик токуур жан балам

Сал,сал сал билек

сары майга мал билек

Коён коштуу кош билек

кошкон майга мал билек

Алдей,алдей ак балам

ак бешикке жат балам

Энекеңди кыйнабай,

уктап калчы жан балам,

уктай койчу ак балам

 

Жүрсүн Кененбаева

Алдей, алдей ак бөпөм

Умай энең колдосун

Кунан койду сой бөпөм

Куйругуна той бөпөм

Умай энең колдосун

Алдей балам, ыйлаба

Энекеңди кыйнаба

Сакадай жаным сен үчун

мен кетейин садага

Алдей,алдей ак бөпөм

Ак бешикке жат бөпөм

Элин багып, сыйлаган

Эмгекчил болгун ак бөпөм

Эне сүтун актаган

Камкор болгун, ак бөпөм

 

Жыпаргүл Пайзуллаева

Адырдын гүлүн терейинби

Алмадан үзүп берейинби

Ажарлуу аппак жүзүңө мен

Айланып сага кетейинби

Кызгалдак гүлүн терейинби

Кызыма арнап берейинби

Кыргыздын намыстуу кызы бол деп

Ата-энең айтат тилегини

Ай кызым менин Перизат

Атыңа затың жарашат

Ар дайым сага каалаймын

Өмур , сүйүү, махабат

Тоолордун гүлүн терейинби

Толкундап сага берейинби

Тагдырың тайкы болбосун деп

Ата-энең айтат тилегини 

Өмүрдүн гүлүн терейинби

Өзүңө арнап берейинби

Өмүрүң узун болсун деп

Энекең айтат тилегини

Ай кызым менин периштем

Ак жүзүң сага келишкен

Оролуп турсаң мойнумда

Аселим, ширин дедирген

Ай кызым менин Перизат

Атыңа затың жарашат

Ар дайым сага каалаймын

Өмүр, сүйүү, махабат

 

Элдик ыр

Асманда ай чар тарап

Тегерете ай жар салат

Алдей,алдей бөпө жан

Сен да укта магдырап

Алдей,алдей жаш бөпөм

Сен да укта магдырап

Бат чоңойгун жетилип

Баса койгун тебишип

Басаар, качан минет деп

Тайың турат секирип

Сен бөлөнгөн бешигиң

Ырыскылуу кешигиң

Алдей, алдей жата кой

Таттуу уйкуга бата кой

Таңкы чолпон бата элек

Таттуу уйкуң кана элек

Алдей,алдей жаш эрмек

Уктатайын мен термеп

 

Айымкан Кенжеева

Алдей, алдей ак балам ай

Ак бешикке жат балам ай

Апаң шырдак ойгондо эй

Уктай турчу, жан балам ай

Умай эне уйку берчи

Бешик эне бек кармачы ай

Алдей,алдей ак баатыр ай

Ак бешикке чак баатыр ай

Бабаң Манас атаңдай ай

Баатыр болгун, шер болгун эй

Умай эне уйку берчи ай

Бешик эне бек кармачы

Алдей, алдей Ай балам ай

Ак бешикте өс балам ай

Китебин оку Чынгыздын ай

Кызматын кылгын кыргыздын ай

Умай эне уйку бергин

Бешик эне бек кармачы ай

 

Гүлжамила Шакирова

Тупкү аталар нурунан

Уюп келген жан балам

Түпкү энелер ырынан

Муюп келген жан балам

Алдей балам алдей , алдей балам алдей, ай балам

Канатынды жайгын, жай балам

Алдей, алдей, алдей, алдей , алдей, алдей ак балам

Ак бешикте уктап жат балам

Элиң үчүн кам көргөн

Байкер болоор бекенсин

Баатыр Манас атаңдай

айкөл болоор бекенсин

Жаман бала болбо

Жакшыларды жолдо, жан балам

Ак бешикте уктап кал балам

Бешенеңе нур жаап

Бешигиңе ыр жаап уктагын

мага керек аман турганың

Эл журтуңду ойлогон

Эр азамат болгунуң

Кызмат кылып элиңе

бак дөөлөткө конгунуң

Алдей балам алдей , алдей балам алдей ,ай балам

Канатыңды жайгын, жай балам

Алдей, алдей, алдей , алдей, алдей, алдей ак балам

Ак бешикте уктап жат балам

Уктап калчы чырдабай

Умай энең көшүтсүн

Апакендин тилегин

Аруу дүйнөң эшитсин

Жаман бала болбо

Жакшыларды жолдо жан балам

Ак бешикте уктап кал балам

Бешенеңе нур жаап,

Бешигиңе ыр жаап уктагын

Мага керек аман турганың

Алдей, алдей, алдей, алдей, алдей, алдей ак балам,

Ак бешикте уктап жат балам,

Алдей, алдей ,алдей алдей , алдей, алдей ай балам,

Уктап калчы, уктап жай балам.

 

Кененбаева Жүрсүн

Алдей, алдей ак балам

Атаң арнап жасаган

Ак бешикке жат балам

Арча бешик ак жолтой

болот деген чон атаң

Алдей, алдей садагам

Алдей балам, ак балам

Апаң арнап жасаган

Ак олпокко жат балам

Бата берди чон апаң

Акыл эстүү өссүн деп

Бата берди чоң атаң

Алдей балам, аппагым

Ай нурундай ак таңым

Ата-энеңдин үмүтүн

аман жүрүп актагын

Апакендин ак сүтүн

Эр жеткенде актагын

Алдей, алдей аппагым

Ананайын ак шамым

Алдей, алдей аппагым

 

Нургуль Иманбердиева

Спи сыночек маленький наступает ночь

Все печали прежние пусть уходят в прочь

В сумраке стихают всё, в небе тишина

А за темным облаком прячется луна

Там, над нашей юртаю в небе звездный свет

Яркая звезда уркер шлет тебе привет

Светит для тебя сынок, чтобы ты крепко спал

Чтобы вырос сильным ты и батыром стал

Пусть приснится мой сынок тебе дивный сон

Край высокогорный наш где ты здесь рожден

Над долиной чуйскою

Ветру есть простор

В окружении Ала-тоо

белоснежных гор

Там среди лугов цветных вдаль бежит река

и орел парящий где-то зоркий в облаках

Над вершиной снежною солнышка встает

Солнечные искорки конь из речки пьет

а на том коне сидит мой родной сынок

Ты всевышний сбереги маленький росток

Дай сыночку силы ты быстро засыпай

Спи сыночек милый мой, баю-баю бай , спи сыночек, бай

 

Жеӊишкүл Озбекова

Алтындан тумар тагамын

Ак бешикке саламын

Аман-эсен чоңоюп

Эл ишине жарагын

Алдей, алдей ак балам, ак бешикке жат балам

Эл ишине жарагын

Күмуштөн топчу тагамын

Гул бакчада багамын

Күчкө толуп өссө деп

Күтүп жатат заманың

Алдей, алдей ак балам, ак бешикке жат балам

Күтүп жатат заманың

Теңир атаң жолдосун

Умай энең колдосун

Узун өмүр бак берип

Кыдыр болсун жолдошуң

Алдей, алдей ак балам

Ак бешикке жат балам

Умай энең колдосун

 

Элмира Абдыбекова

Алдей, алдей алдей алдей берекем

Орун басчу көлөкөм,

Ата атын данктаган

Инсан болоор бекенсин,

Кыргыз элин сактаган

Кыраан болоор бекенсин

Алдей, алдей, алдей, алдей берекем

Таттуу уйкуда жатканың

эл тынчтыгы билемин

Келечеги баламдын

кең болоорун тилеймин

Алдей, алдей, алдей, алдей берекем, алдей, алдей берекем

Орун басчу көлөкөм

Ата атын даңктаган инсан болоор бекенсин

Кыргыз элин сактаган кыраан болоор бекенсин,

алдей алдей алдей,алдей берекем

 

Элдик ыр

Алла балам алла ёоо, алла

жаным балам алла ёоо

эрмакгинам алла ёоо

Тойчакгинам алла ёоо алла

Алла болам ахти борим жоним болам алла ёоо алла

Ётагига тахти борим жоним болам алла ёоо

Отаси юу, онаси барим, бахти борим, жаним болам алла ёоо алла

Аймома юзиң алла ёоо алла

Юлдизлар кузиң алла ёоо, алла

Ота-онаң гүл болса жоним болам

Гунчаси узиң, жоним болам алла ёоо алла

Алла деп аа опайин оо алла

Киясиңни топайин жоним болам алла ёоо алла

Тишиң чыгып нон йесаң

Күнда күлча япайин жоним болам алла ёоо алла

Эрмакгинам алла ёоо алла

Онаман у , онаман жоним болам алла ёоо алла

Болам учин янаман оо алла

Болам тинчликла усса агар

Арзууларга канаман жоним болам алла ёоо

Тойчагим болам алла ёоо алла

У янимга койаюн аа жоним болам алла ёоо алла

Бу янимга койаюн оо алла

Гулдай ширин исинга ёоо жоним болам

Хидлап, хидлап тойайин оо жоним болам алла ёоо алла

Алла айтсам яйрайсаң оо алла

Кулип,кулип карайсаң жоним болам алла ёоо алла

Палван кылып устурсам жаним болам

Бир күнимга ярайсиң оо жоним болам алла ёоо алла

Аллалор айтсам аллалор богин

Жоним болам алла ёоо алла

Аллолар айтсам ухла ,жоним кузим,

ухлап когин алла ёоо алла

 

Жекшенбай Курманов

Бийик болуп дайының

Билим менен байыгын

Эр жеткенде каралдым

Элге тийсин жарыгың

Алдей,алдей ыйлаба

Апакеңди кыйнаба

Жаңы эле ачкан чанагың

Жайнайт гүлдөй жамалың

Жамалыңдан жыттасам

Жанга кубат аламын

Алыстабай жаныңдан

алдей айтып жалынам

Күлкүң уксам тазарам

Кундө беш маал жашарам

Акыл угуп таалим ал

Апаң менен атаңден

Узун түндө термейин

Укта, укта эрмегим

 

Гүлзада Рыскулова

Ай балкып жайнайт асманда

Асылым уктап жатканда

Аруулап шоола чачырайт

Арбалып таттуу уйкуӊа

Алдей, алдей, алдей, алдей алдей, алдей жан балам

Бешиктеги ай наристем

Бек болсочу деп мен тилейм

Элине эмгек өтөгөн эр болсунчу деп мен тилейм

Алдей, алдей, алдей, алдей, алдей , алдей жан балам

Талпынып калса данегим

Жайнайт го менин карегим

Ак сүтүм берип балкыдым

Аман бир өссүн тирегим

Алдей, алдей, алдей, алдей,алдей, алдей жан балам

Жарыгын чачса чырагым

Жайнабай кантип турамын

Жараткан берген белегим

Данегим менин, данегим

Алдей, алдей, алдей, алдей , алдей жан балам 

Акыркы жаңылыктар

21.03.2019

Чыгыш мейманы - жаркын Нооруз майрамы!

Күн менен түн теңелген жаз күнүндө, узакка созулган кыштан кийин күн узактыгы боюнча түндү кубалап жеткенде, дүйнөдөгү бардык мусулмандар эң сүйүктүү майрамдардын бирин – жазгы Нооруз майрамын тосуп алат.   Күн менен түн теңелген жаз күнү, жаз майрамы жашоонун жаңыланышын билдирет! Нооруз Сиздин турмушуңузга кандайдыр-бир жаңы жана жакшы нерселерди алып келип, жаңы жетишкендиктер жана максаттар пайда болушунун башталышы жана символу болуп ...
20.03.2019

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Кыз-келиндер илимде жана техникада» аталышындагы жолугушуу болду

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында “Кыз-келиндер илимде жана техникада” аталышындагы университеттин табигый илимдер факультетинин ...
18.03.2019

Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

2019-жылдын 5-28-апрелинде Г. Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө көрүүчүлөрдүн баарына арналган. Көргөзмөнүн идеясы: Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү. Бул болсо адамдар ...
15.03.2019

Жетинчи Билим фестивалы 2019 жакын арада кайрадан меймандарды чогултат!

Силерге салам!     Биз эң сонун жаңылыктар менен келдик – алдыдагы  Жетинчи Билим фестивалы 2019  жөнүндө айтып берүүнү баштайбыз!       Фестиваль 13-апрелде шаарыбыздын алдыңкы жана кызыктуу ЖОЖдорунун биринин – Асанбай кичи районунда жайгашкан АУЦАнын (Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин) аймагында өтөт.   Экинчи күн – 4-май биз жакшы көргөн жерде – "Курманжан Датка" эстелигинин жанындагы башкы сахна, ал эми ...
12.03.2019

Жергиликтүү кеңештерде аялдар азайды

Бийлик башчылары аялдардын мамлекеттин коомдук-саясий турмушка аралашуусуна кайдыгерби же кыз-келиндердин пассивдүүлүгү кедергисин тийгизип жатабы, дегеле аялдардын коомдогу ролун көтөрүү үчүн дагы эмне кылуу керек?Азаттык
11.03.2019

КР ЖК депутаты Эмил Токтошев балдарга китеп окуп берди

Үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Эмил Токтошев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштуруп келе жаткан, китеп окуп берүү акциясынын алкагында Бигкек шаарындагы №91 мектепте балдарга залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндү окуп берди. Аталган чыгарманы китеп окууга ынтызар болгон 200 дөн ...
06.03.2019

Отунбаева: жалаң эркектерди дайындаган өкмөт башчыга нааразыбыз (видео)

Кыргызстанда жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындалбай жатат. Мындай сын 6-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева көп учурда Кыргызстандын жүзүп көрсөтүп, желегин аялдар көтөрүп жатканын белгиледи:   - Аймактык диалогдо кара түндөй болуп отурган эркектерди көрүп чочуп да кеттик. Эркек парламент келген учурда да мындай эмес эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат ...
04.03.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын мартына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын мартына иш-чараларынын дайджести        1-март - "Гений" радиоберүүсү Качан: 1-мартта саат 13:30 - 14:00дө Кайда: Биринчи Радио Темасы "Баланы музыкалык жактан өнүктүрүү". Спикер - Виктория Юртаева, музыкант, "Prima" коомдук фондунун президенти, "Tengri Music" фестивалын негиздөөчү Тили: орус Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, координатор)     6-март - «КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын ...
04.03.2019

КР экс-Президенти Роза Отунбаева балдарга китеп окуп берди

2019-жылдын 1-март күнү Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы китепканада Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева балдарга китеп окуп берди. Р.Отунбаева окуп берген Ч.Айтматовдун “Балалыгым” чыгармасы, С Жусуевдин ырлары, “Балерина” жана “Кыргызстанды кыдырабыз” китептери балдарда чоң кызыгууну жаратты. Ар бир китеп тегерегинде алар менен баарлашуу болду. С.Жусуевдин “Шаар тартиби” ырынын бүгүнкү күндөгү маанисине чогуу ...
01.03.2019

Бишкекте журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү

2019-жылдын 28-февралында борбордогу отелдердин биринде журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү. Окутууну «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУнун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (БУУ ФАО) колдоосу менен уюштурду. Тренингдин негизги милдети азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу темасын чагылдырууда ЖМКнын ...
01.03.2019

Педагогдого жана кызыкдар ата-энелерге эске тутууну жана китепти тез окууну өнүктүрүү методикаларына арналган лекторий өткөрүлдү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана И. Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасы «Академия Роста» инновациялык өнүктүрүү борбору менен бирдикте 2019-жылдын 27-февралында брифинг-аянтчанын ишинин алкагында эске тутууну жана китепти тез окууну өнүктүрүү методикаларына арналган лекторийди өткөрдү.   Ага мектепке чейинки, башталгыч, мектептеги билим берүү системасынын кызматкерлери, ЖОЖдордун ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»