25.12.2017

Кыргызстандын Экс-президенти Р.И.Отунбаева Индияда

16-18-декабрда Висакапатнам шаарында, Андра-Прадеш штаты, Индия, Туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү, 4-максат, 7-милдет, жолунда бейпил жана туруктуу коомду түзүү максатында санариптик педагогика боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Тынчтык жана туруктуу өнүктүрүү максатында конференция ЮНЕСКОнун Билим берүү боюнча Махатма Ганди атындагы Эл аралык институту тарабынан чакырылды жана уюштурулду жана аны Индия өкмөтүнүн Адамдык ресурстарды өнүктүрүү министрлиги, ошондой эле Андра-Прадеш штатынын өкмөтү колдоду. Конференцияга бүткүл дүйнөдөн илимпоздор менен эксперттер, жаштар, билим берүү, маалымат, коммуникация министрликтери, мамлекеттик кызматчылар, ишкерлер, билим берүүчү технологиялар менен камсыз кылуучу ведомстволор жана бизнестер, мугалимдер, билим берүүнүн психологдору, мээнин нейрондору боюнча изилдөөчүлөр жана илимпоздор чогулду. Конференция төмөнкүдөй ондогон форматтарда өттү: панелдик дискуссиялар, семинарлар, е-постерлер, академиялык изилдөөлөрдүн презентациясы, окуу зоналары. 


21-кылым эбегейсиз зор санда келип түшкөн маалыматтарды сиңирүү зарыл болгон окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы жөндөмдөрдү талап кылат. Дал ошондуктан натыйжаны өлчөө үчүн инновациялык каражаттар, санариптик платформалардын негизинде мугалимдердин тренинги, сабактарда жаңы технологияларды колдонуу керек. 


21-кылымда инклюзивдик, бирдей жана сапаттуу билим үчүн мектептер керек. Ал эми булар: 

- санариптик оюндар, санариптик педагогика жана баа коюу; 

- социалдык жана эмоциялык окутууну чыңдоо маанилүү; 

- ой жүгүртүүнүн тутумдук ыкмасына жана дизайнына окутуу үчүн санариптик платформаларды пайдалануу керек. 


21-кылым билим берүү системасында санариптик педагогиканы имплементациялоо жана колдонуу үчүн саясатты талап кылат. Бул үчүн төмөнкүлөрдү өнүктүрүү жана колдонуу зарыл:

- ушул тажрыйбаны колдонууда, финансылоодо жана ишке ашырууда мыкты практиканы жана моделдерди; 

- билим берүү системасында жамааттардын базасына негизделген ыкмаларды; 

- санариптик теңчилик маселелерин жана көйгөйлөрүн чечүү; 

- интеллектуалдык укуктун жана санариптик педагогиканын маселелерин. 


Конференцияга 1000ден ашык адам, дүйнөнүн 65 өлкөсүнүн өкүлдөрү, Батыш өлкөлөрүнөн жана Индиядан маалыматтык жана билим берүү технологияларынын дүйнөгө таанымал эксперттеринин чоң тобу катышты. Интернет – бул биздин санариптик дүйнөбүз деп басым жасоого зор көңүл бурулду, ал бизди маанилүү көйгөйлөрдү чечүүгө карай алга илгерилетүү менен катар, ошондой эле өзүнө байлап (санариптик героин), биздин коопсуздугубузга байланыштуу (агрессивдүү оюндар жана кылмыштар) тынчсызданууну пайда кылууда. 


Технологиялар – булар шаймандар, билим берүүнүн чордону болуп адам саналат деп ондогон баяндамаларда жана сүйлөнгөн сөздөрдө бир нече жолу айтылды. Окутуу – бул бүткүл денең менен тажрыйба алуу, ошондуктан санариптик окутуу пассионардуу, эмоциялуу, жан-дилден болууга тийиш. Эгерде окутуу процессине баш, кол жана жүрөк тартылган болсо, анда жүрөк дайыма алдыда жүрүүгө тийиш деп ырастады сөз сүйлөгөндөрдүн бири Сара Престиж. Билимге караганда интуицияга көбүрөөк ишенгиле; акыл-эс, баш жан-дил менен үзөңгүлөш жүрүүгө тийиш, анткени технологиялар бейтарап эмес. 


"Дасаран" компаниясынын негиздөөчүсү Сурен Алоян айтып берген Армениянын тажрыйбасы, билим берүүнүн жаңы горизонттору өзгөчө таңдандырды. 2006-жылдан тартып алар Армениядагы бүткүл 30 миң мугалимдин ичинен (Армениядан бардыгы болуп 1484 орто мектеп бар) мугалимдердин 81%ын компьютердик билимдерге окута алган. Алар ошондой эле маалымат чогултуу жана окутууга баа берүү, билим берүүнүн абалын талдоо боюнча софтверди түзгөн, аны Армениянын билим берүү министрлиги колдонот. Класс дегенди билдирген Дасаран география, тарых, математика боюнча, конституция боюнча, сууну, энергияны жана башкаларды сактоо сыяктуу темалар боюнча 50дөн ашык билим берүүчү оюндарды түзгөн.


1 млрд 300 миллион калкы бар Индияда санариптик окутууда ажырым бар экендиги түшүнүктүү, джунглидеги уруулардын арасында жашаган төрт миллион бала камтылбаган бойдон калууда. Индияда толук жабдылган лаборатория-класстар жогорку класстардын 30%ында гана бар, орто мектептерде бул инфраструктура жок.


Индиянын айылдарында Интернетти электрондук почта, фейсбук, вотсап үчүн колдонушат. Анткени Индияда көп сандагы окуучулар көбүрөөк интерактивдүүлүккө жетишүү үчүн көп учурда Google Classroom сыяктуу софтверди пайдаланат. Тармактагы башка, бош Kahoot продукту окутуу процессин кызыктуу кылат, анимациялык кат-кабардын өңүтүндө аватарлар билимге баа берүү процессин кызыктуу оюнга айлантууга мүмкүндүк берет. ЮНЕСКОнун тизмесинде эсептелген улуттук эстеликтерди иликтөө, сыпаттоо аркылуу маалыматтык технологиялар менен таанышуунун индиялык тажрыйбасы кызыктуу, балдардын санариптик дүйнө менен биринчи жолугушуусу ак-кара режимде эмес, түстүү түрдө, көп учурда 3Д өлчөмүндө жүрөт.


Билим берүү технологиялары боюнча бүткүл дүйнөгө таанымал белгилүү илимпоз, ТЕД 2013түн жеңүүчүсү, 20-кылымдын 90-жылдарынын ортосунда индиялык метрополитендин жакыр аймактарында дубалга бекитилген экранга жана металл менен кыюуланган клавишалуу доскага тикирейген миңдеген балдарга түздөн-түз тиешеси жагынан тажрыйбасы менен белгилүү Сугата Митра биз соңку 200 жылда боло элек иш берүүчүлөр үчүн студенттерди даярдап жатабыз деп айткан. Студенттерди баалоо 200 жылдан ашык мурда болгон жумуш ордуна окшош, ал кезде жардам берүүчү технологиялар болгон эмес жана офистик клерктер жайбаракат жана бир калыпта иштөөгө тийиш болгон. Бүгүнкү күндө Митра отличниктер гана эмес, креативдүү бүтүрүүчүлөр жогору бааланат деп ишенет. Мектеп класстарындагы Интернеттин ишенген адвокаты болуу менен ал Интернет жакын арада экзамендерде колдонулат деп ишенет. Интернет – бул миллиарддаган адамдардын жамааттык акыл-эси жана окуучулар өзүнүн келечегин калыптандыруу үчүн өзүнө идеяларды тандоого жана аларды түшүнүүгө тийиш, деп эсептейт ал. Бардыгын бир нерселер менен алмаштырууга болот, бирок идеяны эч качан алмаштыра албайсың. Азыркы билим берүү – бул идеялардын сага шык бериши. Балдар үчүн терс же тыюу салынган «Экрандын өлчөмүн чоңойткула. Мобилдүү телефондор менен планшеттерден Интернетти алып салгыла, аны чоң экранга кошкула, аны жалпы бөлмөдө колдонгула» деген мазмундагы анын позициясы кызыгууну пайда кылат. Коркунуч өтүп баратат, дейт Митра.


Орегон университетинин (АКШ) профессорунун ассистенти Ривер Найт панелдик сессияда роботту көрсөтүп, келечекте роботтор эмоциялык жактан маанилүү роль ойнойт деп белгиледи. Азырынча алар зор көлөмдөгү маалыматты чогултуу жана кайталанган кыймылдарды аткаруу үчүн жакшы. Алар адам коомуна «кызмат кылуу» үчүн жолдорду жана социалдык чөйрө кандай түзүлгөндүгүнүн структурасын түшүнүүгө тийиш. Азырынча болсо роботтор коопсуз, анткени азырынча биз алар кандай өнүгүп кетээрин билбейбиз. 


«Муундардын ортосундагы билим берүү жөнүндө диалог» сессиясында билим берүүнүн келечеги жөнүндө айтуу менен, дүйнөнүн ар башка континенттеринен келген 9 жаш адам улуу муундагы үч адам менен технологиялар билим берүүдөгү ажырымды кыскартууга жардам бере тургандыгы жөнүндө кеп кылышты. Р.Отунбаева ушул диалогго катышып, Кыргызстан мектепте санариптик билим берип жаткандыгы жөнүндө айтты, кантип көп сандагы мугалимдерди, балдарды жана алардын ата-энелерин компьютердик окутуу менен камтуу керектиги жагынан бир катар идеяларын айтты.


Р.Отунбаева ЮНЕСКОнун атынан Махатма Ганди Институтунун Кеңешинин мүчөсү катары Висакапатнамда Тех-2017 эл аралык конференциясын кириш сөз менен ачты.


Бул кызыктуу:




Дополнительные материалы по теме:


https://instagram.com/p/Bc2RwEineDe/ 

https://www.facebook.com/mgiep/posts/1696663750364163 

https://guidebook.com/guide/118316/album/76370/

Акыркы жаңылыктар

23.04.2018

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» билим фестивалынын биринчи күнүнүн пост-релизи

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» ПОСТ-РЕЛИЗИ  Өткөн жума күнү, 2018-жылдын 20-апрелинде, Бишкекте ушундай тема астында ар жылдагы Билим фестивалынын биринчи күнү алтынчы жолу өттү. Быйылкы жылы Фестивалды өткөрүү орду К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети болуп калды, анын имаратында төмөнкүдөй иш-чаралар өттү: дүйнө элдеринин концерттери жана бийлери, студенттердин катышуусу менен ...
23.04.2018

«Жаштык ыры» студенттик поэзия кечеси болуп өттү

2018-жылдын 20-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында поэзия мейкининде жаңыдан канат кагып келе жаткан жаштар Зухра Сарногой кызынын, Мирлан Аскаровдун, Юруслан Азимжановдун, Жакшылык Имановдун жана Бүкалча Маматали кызынын “Жаштык ыры” аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү. Кече «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Улуттук Филармония менен биргеликте уюштурулду. Кече ...
22.04.2018

Балдар филармониясы: «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы

20-апрелде «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы өттү. Концерт наристелер үчүн. Алып баруучу байыркы Греция биз колдонуп жүргөн көптөгөн сөздөрдүн мекени болгону жөнүндө айтып берди. Байыркы гректер Олимп тоосундаАпполонжана тогуз муза жашаган деп ишенишкен. Апполон кифараны черткен. Тааныш сөз, чынбы? Ал эми музалар көркөм өнөрдүн тогуз түрүнүн колдоочусу болгон. Олимпиада менен Олимпиадалык оюндар да байыркы Грецияда жаралган. Театр ...
19.04.2018

Ак-Өргөөдө «Көчмө өнүгүү борборунун» кошмо жыйыны болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Ак-Өргөо конушундагы №84 мектепте “Көчмө өнүгүү борборунун” кошмо жыйыны болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева жана ошондой эле Бишкек шаарынын мээриясынан, райондук акимчиликтеринен жооптуу жетекчилер, өнөктөштөр, эксперттер, Бишкек шаарынын 8 жаңы конуштарынан 300дөн ашуун ата-энелер, кварталдык ...
19.04.2018

VI БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ «КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮГҮ: досторума мейманга»

20-апрелде К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде мектеп окуучуларынын жана студенттердин, мамлекеттик жана эл аралыкуюмдардын, Кыргызстанда аккредитацияланган элчиликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга» 2018 - Билим фестивалынын биринчи күнүнүн расмий ачылышы болот. 2013-жылдан тартып ар жылдагы Билим фестивалыөткөрүлүп келүүдө, ал 2014-жылдан тартып ...
18.04.2018

Кыргызстандын элдери: Орустар

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»VIБилим фестивалына даярдыктын алкагында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө байкоолордун циклин улантабыз. Бүгүн сөз орустар менен кыргыздардын маданияттарынын өз ара жуурулушужөнүндө болот.   Кыргызстанда орустар 100 жылдан ашык, падышачылык Россиянын учурунан бери жашап келатат. Андыктан, эгерде алгачкы орус көчмөндөрүнө жергиликтүүкалктын мамилеси сак болсо, СССР ...
18.04.2018

Мекендештердин «2018 - Мекендештер» форумуна каттоо башталды

Урматтуу мекендештер! «Мекендештер» форумунун уюштуруу комитети Сизди урматтаганын билдирет жана Сизди «2018 – Мекендештер» форумунун ишине катышууга чакырат, ала үстүбүздөгү жылдын 8-августунан 9-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт. Мекендештердин «2018 – Мекендештер» дүйнөлүк форуму төртүнчү жолу дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү мекендештерди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маселелерин талкуулоо үчүн мамлекеттин, ...
17.04.2018

VI Билим фестивалында күтөбүз!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы, Бишкек шаарынын мэриясыжана К.Карасаев атындагы БГУ менен бирдикте эл аралык, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын колдоосу менен алтынчы Билим фестивалын өткөрүп жатат. Быйылкы жылы Фестивалдын темасы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» болуп калды.
16.04.2018

Кыргызстандын элдери: Немецтер

2018-жылы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»деген жалпы тема астында өтө турган VIБилим фестивалынын алдында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө баамдоолордун циклин ишке киргизебиз.   Кыргызстан –бай маданий ар түрдүүлүгү бар көп улуттуу өлкө, анда көп сандаган ар башка маданияттары, салттары жана тилдери бар 80ден ашык ар түрдүү этностор жашайт. Бул көп түрдүүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

ФЕСТИВАЛЬ ОБРАЗОВАНИЯ-2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»