04.12.2017

Кайталангыс басылмалар кайталангыс бааларда!



Эң ажарлуу майрам – Жаңы Жыл жакындап келатат!


Эгерде силер өз туугандарыңаргажана жакындарыңаргабелектержөнүндө али ойлоно элек болсоңор, бизде силер үчүн мыкты сунуш бар!

Силер ушул жылдын 25-декабрына чейин гана биздин кызыктуу китептерибизди 10%дан 30%га чейинки жеңилдетүү менен сатып ала аласыңар.






«Манас сүрөттөрдө» - орус тилиндеги сүрөттүү китеп, аны окуу учурунда сизде жана сиздин балаңызда баатырларда мейманда болуу, салгылашуулардын күбөсү болуу жана Кыргызстанжана анын тарыхы жөнүндө көптөгөн кызыктуу нерселерди билүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Анда кадимки эле буюмдарга жан кирет жана алар өзүндөгү сыйкырдуу касиеттерди ачат. 2017-жылдын8-сентябрында басылма Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Москва шаарындагы IXэл аралык конкурсунда «Сүрөт тартуу көркөм өнөрү» номинациясында II даражадагы Дипломменен сыйланды.


 




«Балерина» (орус жана кыргыз тилдеринде) – бийлегенди абдан жакшы көргөн Бүбүсара деген кичинекей кыздын өмүрү жөнүндө сонун китеп. «Балерина»бийлегенди жакшы көргөндөр, балет жана сахна жөнүндө эңсегендерүчүн гана эмес, ошондой эле өз мекени, анын мыкты жана таланттуу адамдары жөнүндө, эмгек жана өжөрлүк жөнүндө, атак-даңктын туу чокусуна карай жол канчалык татаал, бирок ошондой эле кызыктуу экендиги жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалаган бардык балдарга арналат. Балдар үчүн китептерди даярдагандыгыжана чыгаргандыгы үчүн 2017-жылдын 8-сентябрында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Москва шаарындагы IXэл аралык конкурсунда Фонд АТАЙЫН ДИПЛОМ менен сыйланды.


 




«Досторум конокко чакырат» (кыргыз тилинде) – таанып-билүү китеби, анда башкы каарман – Бекжан деген бала, ал окурмандарды өзүнүн досторуна мейманга чакырат. Китептин бөлүмдөрү Кыргызстанда жашаган этностордун тарыхында болгон кызыктуу фактылар, маданий мурасынын эстеликтери, салттуу костюмдары, музыкасы, оюндары жөнүндө айтып берет. Балдар ар бир тилде бир нече сөздү жаттап, ошондой эле кызыктуу тапшырмаларды аткара алат.


 



«Балдарга базарлык» (кыргыз тилинде)– балдар жана алардыната-энелери үчүн китеп, ал эң маанилүү дүйнөлүк тарыхый окуялар жана ар кандай доорлордогу улуу адамдар жөнүндө жөнөкөй жана жалпак тил менен баяндайт.


 



«Менин атам Дэн Сяопин» (кыргыз тилинде) – Кытайтын тарыхындагы улуу адамдын өмүрү жөнүндө китеп жана Дэн Сяопинменен гана чектелбейт. Китепти анын кенже кызы Дэн Чжунь жазган.





«Махатма Ганди» (кыргыз тилинде) – Индиянын улуттук боштондук кыймылынын лидерлеринин бири – Мохандас Карамчанд Гандижөнүндө кызыктуу китеп. Гандинин идеялары Индиянын көп миллиондогон калкынын аң-сезимин өзгөртүп, улуттук өзүн-өзү аңдап-түшүнүүсүнүн өсүшүнө, конфессиялар аралык жана касталар аралык диалогго, өлкөнүн тынч өнүгүшүнө карай бурулуш болуп калган.


 



«Үч жаштан кийин кеч» (кыргыз тилинде) – балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүүчөйрөсүндөяпон новатору, «Сони» корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири Масару Ибуканын китеби.


 



Силердин заказыңарды: 0312-66-03-82, 0552-08-51-61, ЭЛСОМ 0700-64-89-04 телефондору боюнча

же: Бишкек шаары, Чүй проспекти 106, Тыныстанов көчөсү менен кесилиште,

КР Экономика министрлигинин имараты, 1-кабат, 108-каб.дареги боюнча күтөбүз.

www.roza.kg

@knigifonda

Книги МОФ «Инициатива Розы Отунбаевой»


Акыркы жаңылыктар

23.05.2018

Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди «Баатыр Эне» ордени менен сыйлады жана көрүнүктүү кыргызстандыктардын энелерине ыраазычылык катты тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 18-майда, Энерлер күнүн майрамдоонун алдында Кыргызстандын бардык региондорунан келген көп балалуу энелерди салтанаттуу кырдаалда «Баатыр Эне» ордени менен сыйлады, ошондой эле эл аралык аренада өлкөнү даңазалаган жана өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон кыргызстандыктардын энелерине ыраазычылык катты тапшырды.   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун атынан Дамира ...
21.05.2018

«Мезгил ыргактары» поэзия кечеси болуп өттү

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон белгилүү акындар Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын, Алыкул атындагы жана “Алтын калем” адабий сыйлыктарынын ээси Мукан Асаналиевдин ...
20.05.2018

VI Билим фестивалынын бардык боектору биздин фоторепортажда

Ишембиде Бишкекте филармониянын жанында 2018 - «Маданий көп түрдүүлүк: менин досторума мейманга» VI Билим фестивалынын экинчи күнү өттү.   Фестивалда борбордун тургундары жана меймандары боло алды. Жаш артисттер өз алдынчалуу музыкалык жана бий номерлерин көрсөттү. Элдик уздар өз буюмдарын алып келди – ар бир каалаган адам сувенирлерди сатып ала алды. Фестивалдын меймандарын көргөзмөлөр жана концерттик номерлер аркылуу ар түрдүү ...
18.05.2018

Кыргызстанда «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» 1-Улуттук Форуму ишин аяктады

«Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 15-16-майында «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» биринчи Улуттук Форуму ишин аяктады.   Иш-чара Кыргызстандын Өкмөтүнүн колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Ага Хан Фонду менен өнөктөштүктө өттү.   Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева, ...
17.05.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Инновациялык долбоорлордун конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан жана экономика жана мамлекеттик башкаруу тармактарына инновациялык технологияларды алга илгерилетүүдө кыз-келиндердин жигердүү катышуусу үчүн алардын демилгелерин колдоого багытталган Инновациялык долбоорлордун конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталгандыгы ...
15.05.2018

Кыргызстанда балдардын эрте куракта өнүгүүсүнө арналган форум башталды

Бүгүн, 15-майда Кыргызстанда балдардын эрте жашта өнүгүүсүнө байланыштуу биринчи улуттук форум башталды. Анда балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалуусу, адистердин даярдалышы, ата-энелердин баланын өнүгүүсүндө таасирлеринин тегерегинде сөз болот.   Иш-чара Юнисеф балдар уюму, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду жана Ага Хан фондунун өнөктөштүгү менен уюштурулууда.   Уюштуруучулардын айтымында, форумдун жыйынтыгында ...
11.05.2018

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү» VI Билим фестивалынын экинчи күнүнүн программасы

Билим фестивалынын «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү:досторума мейманга» деген темасы бекеринен тандап алынган жок. Кыргызстанда өзүнүн маданиятын, тилин жана салттарын алып жүргөн 80ден ашык ар түрдүү этностордун өкүлдөрү жашайт. Бул көп түрдүүлүк жалпы өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчүжана байлыгы болуп саналат. Биз ааламдашкан дүйнөдө жашап жатабыз, биздин өлкөдө көптөгөн чет өлкөлүк студенттер жана башка өлкөлөрдүн ...
10.05.2018

Бишкекте Балдарды эрте өнүктүрүү маселелери боюнча 1-Улуттук Форум

Пресс-релиз  Бишкекте Балдарды эрте өнүктүрүү маселелери боюнча 1-Улуттук Форум өтөт   БИШКЕК, 2018-жылдын 15-16-майы – Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Ага Хана Фонду менен өнөктөштүктө Кыргызстан Өкмөтүнүн колдоосу астында «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» 1-Улуттук форуму өтөт.   «Ар кандай өлкөдө кедейликтен арылуу ...
08.05.2018

«Мезгил ыргактары» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон белгилүү акындар Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын, Алыкул атындагы жана “Алтын калем” адабий сыйлыктарынын ээси Мукан Асаналиевдин жана СССР ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Фестиваль образования 2018

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»