03.12.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2017-жылдын декабрында иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси»

эл аралык коомдук фондунун

 

2017-жылдын декабрына

 

иш-чараларынын дайджести




Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

Качан: шейшемби жана бейшемби

Кайда:Бишкек шаарынын мектептери

6-7-класстардын окуучулары үчүн «Жаш бишкектиктинэко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтеринжана «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.

Тили: кыргыз жана орус

Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, эко-акциянынкоординатору), 0556 205305 (Мария Колесникова, эко-долбоордун PR менеджери)



18-декабрда «Туулгандан тартып үч жашка чейин балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарына жана жети жашка чейинки балдарды өнүктүрүү күндөлүгүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу аркылуу кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү алга илгерилетүүнү күчөтүү» темасына КР Жогорку Кеңешинде комитеттик угуу.

Кайда: КР Жогорку Кеңеши

Социалдык маселе боюнча комитеттин депутаттарынын, билим берүүжана саламаттык сактоо министрлеринин, мамлекеттик жана жеке ЖОЖдордун ректорлорунун, МБУлардын педагогдорунун жана тарбиячыларынын, стандартты жана күндөлүктү иштеп чыгуучулардын, ошондой эле ЮНИСЕФтин жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын кызматкерлеринин катышуусу менен КР Жогорку Кеңешиндеги парламенттик угуу. Бул «Туулгандан тартып үч жашка чейин балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын жана жети жашка чейинки балдарды өнүктүрүү күндөлүгүналга илгерилетүүжана киргизүү» долбоорунун уландысы.

Тили: кыргыз жана орус

Телефон: 0555 151851 (Кайыкова Р.Ж, долбоордун координатору), 0555004240 (Осмоналиева А. долбоордун ассистенти).



14-декабрда - Балдар филармониясы

Качан: 14-декабрдасаат 11:00дө

Кайда:Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониясынын кичи залы

Эдвард Григдин «Новегияжомоктору» концерт-презентациясы

Телефон: 0772800376 (Джакыпбекова Асель, долбоордун координатору)



15-декабрда– Поэзия кечеси

Качан:15-декабрдасаат 17:00дө

Кайда:Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониясынын кичи залы

Калича Жакыпованын жана Жылдызбек Турсунбаевдин «Поэтерапия» поэзии кечеси

Телефон: 0772800376 (ДжакыпбековаАсель, долбоордун координатору)



5-15-декабрда–Мобилдүү өнүктүрүү борбору

Качанжана кайда:

Биринчи Май району № 16МТУ

5,13-декабрда (убактысы 11:00-13:00)– Ак-Босого турак-жай конушу, №81орто мектептин базасында

5, 13-декабрда (убактысы 14:00-16:00) - Калыс-Ордотурак-жай конушу, №86 орто мектептин базасында

Ленин району №13МТУ

6,14-декабрда (убактысы 11:00-13:00) - Ала-Тоотурак-жай конушу, №82 орто мектеби

6,14-декабрда (убактысы 14:00-16:00) –Ак-Ордо турак-жай конушу

Октябрь району №6МТУ

8,15-декабрда (убактысы 11:00-13:00)- Кара-Жыгачтурак-жай конушу,№91 мектептин базасында

8,15-декабрда (убактысы 14:00-16:00) –ФАПтын бош жайынын жана №72 башталгыч мектептин базасындаРухий-Мурас


Долбоордун максаты Бишкек шаарынын 8 турак-жай конушунда мектепке чейинки курактагы балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу аркылуу билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү. Акцияга турак-жай конуштарында жашаган ата-энелер жана балдар катышат.

Телефон: 0559737373,0705500586 (Абдраимакунова Чынара, долбоордун координатору)



АР БИР ИШЕМБИДЕ - ата-энелер үчүн "Радио мектеп"

Качан: 10:00-10:30

Кайда: Кыргыз радиосу

Бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана КТРКнын «Кыргыз радиосу» радиостанциясынын биргелешкен жаңы долбоору – «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» багытында «Ата-энелер үчүн радио мектеп». Бул долбоордун алкагында күнүнө эки жолу эфирде ата-энелер үчүн пайдалуу кеңештер уктурулат, ал эми ар бир ишембиде угармандарга балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү боюнча адистердин интервьюсу сунуш кылынат.

Бул долбоордун максаты – ата-энелерди, өзгөчө жаш ата-энелерди пайдалуу маалымат жана балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү жагындагы адистердин кеңештери менен камсыз кылуу.

Телефон: 0552 855 710 (Топчугуль Шайдуллаева)




АР БИР ЖУМА КҮНҮ - "Гений" радио берүүсү

Качан: ар бир жума күнү саат 13:30дөн 14:00гө чейин

Кайда: Биринчи Радио

Телефон: 0552 600 738, asanasyl@gmail.com

Акыркы жаңылыктар

24.02.2018

«Ырперия» поэзия кечеси чоң аншланг менен өттү

2018-жылдын 23-февралында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин поэзия кечеси чоң аншлаг менен болуп өттү. Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Кеченин жүрушүндө Э.Иманалиевдин поэтикалык саптары “Айтыш” фондунун акындар мектебинде билим алып жаткан жаштардын айтуусунда көрүүчүлөргө тартууланды. Ошондой эле ...
23.02.2018

У.Черчиллдин кыргыз тилинде чыккан китебинин бет ачаары болуп өттү

2018-жылдын 22-февралында Бишкек шаарында У.Черчиллдин кыргызча которулган китебинин бет ачаары болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн экс-премьер министрлери, экс-спикерлери, элчилер жана башка коомдук , мамлекеттик ишмерлер, чыгармычыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышышты. Белгилей кетсек, даңазалуу саясатчы, мамлекеттик ишмер , Нобель ...
22.02.2018

ЖМК биз жөнүндө: Түркия: Балдарды өнүктүрүү - мамлекеттин башкы максаты

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун уюштуруусу менен алыскы Ат-Башы, Алай, Кочкор, Талас райондорунун, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы бала бакча, мектеп, билим берүү башкармалыктын, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери Стамбул шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып кайтышты. Бул иш-сапарды Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин биримдиги колдоду (TDBB).    Түркия ...
22.02.2018

Китептин бет ачары: Уинстон Черчилл «Асти сынбагыла»

Эртең, 22-февралда, Бишкек шаарынын “Орион” отелинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китебинин бет ачарын өткөрөт. Аталган китеп 2017-жылдын аягында жарыкка чыккан. Кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” ...
21.02.2018

«Көчмө өнүгүү борборунун» күндөлүгүнөн. Көңул борборунда - коопсуздук

2018-жылдын 21-февраль күнү “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Көчмө өнүгүү борбору” өзүнүн кезектеги ишмердигин коопсуздук маселесине буруу менен улантты. Бишкек шаарындагы №94 орто мектепте “Дордой” жана “Ак бата” жаңы конуштарынын наристелери жана ата-энелери үчүн атайын адистерден турган топ Жол коопсуздугу, Өрт коопсуздугу жана Жалпы коопсуздук темалары боюнча тренингдерди өткөрүштү. Тренингдерде кызыктуу ...
19.02.2018

Уинстон Черчиллдин «Асти сынбагыла« китебинин бет ачаары болот

2018-жылдын 22-февралында Бишкек шаарындагы “Орион” отелинде Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери У.Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китебинин бет ачаары болот. Аталган китеп 2017-жылдын акыркы айында жарыкка чыккан. Китептин кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилегеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында ...
13.02.2018

«Ырперия» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал төкмө акын, манасчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына ...
08.02.2018

2018-жылдын февралына «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун иш-чараларынын дайджести

2018-жылдын февралына   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун   иш-чараларынын дайджести 8-9-февраль– «Баткен областында туризмди өнүктүрүү» семинар-тренинги Кайда: Баткен шаары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагыЫйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О Саттарованын катышуусу менен КРдагы Юнисон Топтун колдоосундагы семинар–тренинг. Иш-чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм ...
06.02.2018

Февралда Баткенде туризмди өнүктүрүүгө арналган семинар-тренинг өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2018-жылдын 8-9-февралында Баткен областында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О Саттарованын катышуусу менен КРдагы Юнисон Топтун колдоосунда 2 күндүк семинар-тренингди өткөрүүнү пландаштырып жатат. Иш-чарагаошондой эле КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору А. Жаманкулов, Юнисон Топтун Ош шаарындагы региондук офисинин ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Фестиваль образования - 2017. День 1.

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»