21.09.2017

«РухЭш» сайтынын бир жылдык аземи маданий иш-чара менен белгиленет!

Урматтуу биздин туруктуу окурмандар жана күйөрмандар! «РухЭш» сайтынын тушоо кесүү аземине баарыңыздарды чакырабыз!


Адабий-музыкалык аземибиз ушул жылдын 1-октябры күнү (жекшемби), саат 11.00дө борбор шаарыбыздын «Манас» кинотеатрынын чоң залында белгиленет. Рухий коом агартуу багытында канат жайып келаткан сайтыбыздын бир жылдык аземин куттуктоого төкмө акындар жана жазма акындар, ошондой эле эл аздегине айланган ырчылар катышат.


Сайттын бир жылдыгы менен катар белгилүү адабиятчы, сынчы, окумуштуу Салижан Жигитов менен мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы сыйлыктар эки адамга гана ыйгарылат. Бул наамдар ар дайым улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп, жалпы коомчулуктун мүдөөсүнө шайкеш багыттагы туруктуу позицияны карманып келаткан инсандарга жыл сайын ыйгарылмакчы.


Жана наам ээси деп табылган эки инсанга 100 000 (жүз миң) сомдон 200 000 (эки жүз миң) сом ыйгарылат.


Иш-чаранын максаты – улут абийри саналып, улутка руханий эш болуп келаткан прогрессчил көзкараштагы күчтөрдү калыптоо.


Салижан Жигитов жана Ишенбай Абдуразаков атындагы наамга кимдер татыктуу экендиги коомчулукка 1-октябрь күнү гана шардана кылынат.


Бул иш-чара менен катар «Көркөм адабияттын ролу учурда кандай абалда?» аттуу темада адабиятчылар баяндама жасап, алар сайтыбыздын туруктуу авторлорунун бири, таланттуу жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына токтолмокчу. О.э. Т.Шайдуллаеванын жакында жарык көргөн «Кызыл өрүк» аттуу китебинин бетачары белгиленет.


Салтанат соңунда акындардын поэзия таймашы уланып, анда ар бир акын өзүнүн эң мыкты делген бирден ырларын адабият күйөрмандарына окуп бермекчи! Бул маданий иш-чара ЭлТР каналы аркылуу түз ободо да чагылдырылат.


Каалоочуларга эшик ачык, кирүү акысыз.  

http://ruhesh.kg/

Акыркы жаңылыктар

24.02.2018

«Ырперия» поэзия кечеси чоң аншланг менен өттү

2018-жылдын 23-февралында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин поэзия кечеси чоң аншлаг менен болуп өттү. Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Кеченин жүрушүндө Э.Иманалиевдин поэтикалык саптары “Айтыш” фондунун акындар мектебинде билим алып жаткан жаштардын айтуусунда көрүүчүлөргө тартууланды. Ошондой эле ...
23.02.2018

У.Черчиллдин кыргыз тилинде чыккан китебинин бет ачаары болуп өттү

2018-жылдын 22-февралында Бишкек шаарында У.Черчиллдин кыргызча которулган китебинин бет ачаары болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн экс-премьер министрлери, экс-спикерлери, элчилер жана башка коомдук , мамлекеттик ишмерлер, чыгармычыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышышты. Белгилей кетсек, даңазалуу саясатчы, мамлекеттик ишмер , Нобель ...
22.02.2018

ЖМК биз жөнүндө: Түркия: Балдарды өнүктүрүү - мамлекеттин башкы максаты

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун уюштуруусу менен алыскы Ат-Башы, Алай, Кочкор, Талас райондорунун, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы бала бакча, мектеп, билим берүү башкармалыктын, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери Стамбул шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып кайтышты. Бул иш-сапарды Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин биримдиги колдоду (TDBB).    Түркия ...
22.02.2018

Китептин бет ачары: Уинстон Черчилл «Асти сынбагыла»

Эртең, 22-февралда, Бишкек шаарынын “Орион” отелинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китебинин бет ачарын өткөрөт. Аталган китеп 2017-жылдын аягында жарыкка чыккан. Кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” ...
21.02.2018

«Көчмө өнүгүү борборунун» күндөлүгүнөн. Көңул борборунда - коопсуздук

2018-жылдын 21-февраль күнү “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Көчмө өнүгүү борбору” өзүнүн кезектеги ишмердигин коопсуздук маселесине буруу менен улантты. Бишкек шаарындагы №94 орто мектепте “Дордой” жана “Ак бата” жаңы конуштарынын наристелери жана ата-энелери үчүн атайын адистерден турган топ Жол коопсуздугу, Өрт коопсуздугу жана Жалпы коопсуздук темалары боюнча тренингдерди өткөрүштү. Тренингдерде кызыктуу ...
19.02.2018

Уинстон Черчиллдин «Асти сынбагыла« китебинин бет ачаары болот

2018-жылдын 22-февралында Бишкек шаарындагы “Орион” отелинде Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери У.Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китебинин бет ачаары болот. Аталган китеп 2017-жылдын акыркы айында жарыкка чыккан. Китептин кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилегеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында ...
13.02.2018

«Ырперия» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал төкмө акын, манасчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына ...
08.02.2018

2018-жылдын февралына «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун иш-чараларынын дайджести

2018-жылдын февралына   «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун   иш-чараларынын дайджести 8-9-февраль– «Баткен областында туризмди өнүктүрүү» семинар-тренинги Кайда: Баткен шаары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагыЫйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О Саттарованын катышуусу менен КРдагы Юнисон Топтун колдоосундагы семинар–тренинг. Иш-чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм ...
06.02.2018

Февралда Баткенде туризмди өнүктүрүүгө арналган семинар-тренинг өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2018-жылдын 8-9-февралында Баткен областында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О Саттарованын катышуусу менен КРдагы Юнисон Топтун колдоосунда 2 күндүк семинар-тренингди өткөрүүнү пландаштырып жатат. Иш-чарагаошондой эле КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору А. Жаманкулов, Юнисон Топтун Ош шаарындагы региондук офисинин ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Фестиваль образования - 2017. День 1.

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»