25.11.2014

Немистер Кыргызстандын тарыхында

Айткан убакытта так келип, өзүнүн ишине өтө эле тың адамды «Немис экен» деп коймоюбуз бар. Мыкты сапаттагы үй сатып алсак дагы «Мурда немистин үйү болчу экен» дейбиз. Көп сүт берген ала уйларды «Немис пародасындагы уй» деп мактап калабыз. Мунун баары эмнеден? Кыргызстанда жашаган немис улутундагылардын бизге өзүнүн тактыгы, эмгекке берилген, маданиятты сүйгөн сапаттары менен көп тарабынан үлгү болуп келгени жашыруун эмес.


20-ноябрь күнү Мамлекеттик тарых музейинде «Кыргызстан-Германия: Кыгызстандын тарыхында жана өнүгүүсүндөгү немис диаспорасынын ролу» аттуу илимий-практикалык тегерек үстөл өттү. Аталган иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Кыргызстандагы Германия элчилиги, Аденауэр фонду, Интергласс компаниясы, Мамлекеттик тарых музейи жана «Кыргызстандагы немистердин элдик кеңеши» уюштурган. Тегерек үстөл буга чейин уюштурулуп, коомчулукта өзгөчө кызыгууну жараткан «Кыргызстандагы немистер» аттуу жаңы стандарттар менен жасалган көргөзмөнүн уландысы болуп саналат. Конференцияга Кыргызстандагы Германия элчиси Гудрун Срэга, ыргызстандагы немис диаспорасынын өкүлдөрү, Кыргызстандын тарыхчылары, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.


Кыргызстандын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева конференцияны ачып жатып Кыргызстанда жашаган немистер өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошконун белгилеп өттү. «Бир кездерде тагдыр немистерди Кыргызстанга алып келген, бул жерде алар биз менен бирге ысыкка күйүп, суукка тоңду, экономикалык турмуш, адамдардын бакубаттуулугу оңолушунун күбөсү болду. Алар биздин өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушту. Миңдеген этностук немистер – илимпоздор, инженерлер, мугалимдер, куруучулар бүгүнкү күндө дагы биздин арабызда жашап, иштеп жатышат. Биздин немистер – биздин элдин бир бөлүгү. Мурда Кыргызстанда 100 миңдей немис улутунун өкүлү жашаган болсо, азыр алар 10 миңдей калыптыр. Ал эми Германияга барып иштеп, окуп жаткан мекендештерибиздин саны дагы ушул көрсөткүчкө жетип калыптыр. Бул эки өлкөнүн гармонияда жашап жатканынын далили. Биз – эки мамлекет, эки эл азыркы тарыхыбыздан көп нерселерди алып, бардык күч-кубатыбызды, билимибизди ар бирибиздин өсүшүбүзгө, өнүгүшүбүзгө жумшай алабыз» деди Отунбаева.


Кыргызстандагы Германия элчиси Гудрун Срэга өз сөзүндө Кыргызстан менен Германия маанилүү өнөктөштөрдөн экенин айтты. «Кыргызстандагы немистер элдин азчылыгын түзбөйт. Бул немистер Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, өлкө элинин бөлүнбөгөн бир бөлүгүнө айланган. Германия бүгүнкү күндө Кыргызстандын негизи өнөктөштөрүнүн бири. Аны менен катар эле Германия үчүн дагы Кыргызстан маанилүү өнөктөштөрдүн бири болуп эсептелет» дейт элчи айым.


Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Кыргызстандын белгилүү тарыхчылары Тынчтыкбек Чоротегин, Ташмамбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбековдор Кыргызстанга немистердин келип калуу тарыхын, Кыргыз элинин маданиятына, өнүгүүсүнө кошкон салымдары тууралуу докладдарын окушту. Немис режиссеру Ханс-Эрих Виеттанын Кыргызстандагы немис тектүүлөрдүн турмушун чагылдырган «Сүт жана бал» аттуу документалдык тасмасы көрсөтүлдү.


Немистер Кыргызстанга кандайча келип калган?


Орто Азиядагы алгачкы немис конуштары Түркстандын генерал-губернатору Константин Петрович Кауфмандын колдоосу менен 1880-жылдардын башталышында Сыр-Дарыя облусунун Аулиета уездинде пайда болгон. Аларды Таврия губерниясынын Новоузенск уездинин, Самара жана Бердянск уездинин меннонит немистери негиздеген. Меннониттердин жүзгө жакын үй-бүлөсү Талас өрөөнүндө 1882-жылы төрт айылды (Николайполь, Коппенталь, Гнаденталь, Гнаденфельд) негиздеген, алар бир Никола йполь коомуна бириккен. Андан кийин дагы Россиянын немис колонияларынын ичинен XIX кылымдын 60-70-жылдары Кыргызстанга массалык түрдө көчүп келе башташкан. Бул айыл советтик мезгилде Ленинполь айылы аталып калган. Немис айылдары негизинен дыйканчылык жана мал-чарбачылык менен дагы алектенген. Динге берилген, тартипти сүйгөн, билимге умтулган, таза калк катары өздөрүн көрсөтө алган. Көчкүн немистер өздөрү менен бирге малдын жакшыртылган пародаларын жана үрөндүн жакшы сортторун алып келип, аларды жергиликтүү шартта пайдаланышкан. XIX кылымдын аягында – XX кылымдын башталышында Кыргызстандын аймагында «Братья Крупп», «Жалпы электр компаниясы», «Густав лист», «Дейуксел», «Руд жана акка» жана башкалар германиялык өнөр жай ишканалары иштеп турган. Аны менен катар эле немис өндүрүшчүлөрү Кызыл-Кыядагы көмүр өнөр жайын иштетүүгө, аны менен катар эле соода иштеринин өнүгүшүнө дагы дагы өз салымын кошкон. 90-жылдары бул жактагы немистер массалык түрдө көчүп кетип учурда, расмий маалыматтарга караганда, 10 миңдей немис калган.


Немистердин кыргыз маданиятына кошкон салымы


Немис элинин өкүлдөрү Кыргызстандын маданиятынын өнүгүшүнө да зор салым кошушкан. Мисалы, Василий Радлов Манас таануунун башында туруп, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү биринчи болуп жарыялаган. Ал үзүндүлөр алгачкылардан болуп немис тилинде жарыяланган. В.А. Каллаур Таластагы руникалык жазуусу бар эстеликтерди ачса, В.Кляйн суу астындагы археологияны изилдеген. Ал эми Василий Бартольддун эмгектери болсо Кыргызстандын тарых илими үчүн чоң табылга. Немистер кыргыздардын музыкалык чыгармачылыгын изилдөөгө да кайрылган. Орто Азиянын элдеринин, анын ичинде кыргыздардын музыкалык фольклоруна кайрылган европалык музыканттардын ичинен биринчиси Пржевальскидеги аскердик оркестрдин капельмейстери А.Эйхторн болгон. Ал аскердик үйлөмө аспаптар оркестри аткарышы үчүн аймактын түпкү тургундарынын мелодияларын жана күүлөрүн аранжировкалаган.


Азыркы немистер тууралуу


Бүгүнкү күндө Кыргызстан Германия менен өтө тыгыз байланышта. Кыргыз-герман ишканалары, германия каржылаган долбоорлор, мамлекеттик программалар тууралуу көп угуп келебиз. Германия Кыргызстанга колдон келген жардамын берип келет. Социалдык коргоо тармагында Кургак учукка, СПИДге каршы күрөшүү боюнча, эне жана баланы коргоо программалары, Милдеттүү түрдө медициналык коопсуздандыруу фонду, тез жардам кызматын жакшыртуу боюнча программалар активдүү каржыланып келатканы Кыргызстанга чоң жардам болуп эсептелет.


Кызыл Чырым немис уюму бүгүнкү күндө Кыргызстандын медициналык мекемелерине жана социалдык структураларына жардамын аябай келет. Немистик маркадагы товарларды, мисалы, машине, тиричилик техникаларын, тиричилик химияларын, кийимдерди, азык-түлүктөрдү Кыргызстандын ар бир бурчунан, көбүнчө борборубуз Бишкектен жолуктурууга болот. Аны менен катар эле бир катар билим берүү долбоорлору иштеп келет.


«Жаңы дем» журналисттик агенттиги, Дильбар Алимова


Акыркы жаңылыктар

06.02.2020

«КҮТТҮРГӨН ЖАЗ» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте жумурай журтка таанымал белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече эсеп боюнча кыркынчы жана ал акындар Курманалиева Бактыгүл, Сыдыкбекова Айсалкын жана Токтосунов ...
04.02.2020

Джон Кеннединин «Каарманды көрнөктөрү» (Профили мужества) китебинин бет ачаары болуп өттү

Жакында КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында Джон Кеннединин англис тилинен кыргыз тилине которулган «Профили мужества» - "Каарманды көрнөктөрү" китебинин бет ачаары болуп өттү. Китепти белгилүү тарыхчы, котормочу жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Аталган китеп Джон Кеннеди сенатор учурунда, 1956-жылы жазылган. Ошондон бери китеп 50 ирет кайрадан басылып чыккан. Иш чара учурунда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР ...
03.02.2020

Жогорку технологиялар паркындагы «Z муундар менен меймандык жолугушуулар»

Бүгүн 3-февралда «Z муундар менен меймандык жолугушуулар» акциясынын алкагында Бишкек шаарынын №84 мектебинин жогорку класстын окуучулары жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барышты, ал жерде алардын астында ЖТПнын директору Алтынбек Исмаилов сөз сүйлөдү. Ал ЖТПнын иштердүүлүгү, анын 2019-жылдагы жетишкендиктери жана натыйжалары, IT тармагындагы талап кылынган кесиптер жана кадрлар тууралуу айтып берип, азыркы учурдагы Кыргызстандагы ...
03.02.2020

Роза Отунбаева: «Жон Кеннединин китеби кыргыз саясатчылары үчүн алиппе болушу мүмкүн»

30-январь күнү КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин “Өмүрү өрнөк инсандар” катар китептерди которуу программасынын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусуну тарабынан чыгарылган АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннединин “Каармандык өрнөктөрү” аттуу китебинин көрсөтмөсү болуп өттү.  Китептин көрсөтмөсүнө экс-президент Роза Отунбаева катышып, “Каармандык өрнөктөрү” китеби ...
02.02.2020

Кеннединин мурасы - кыргыз саясатчыларына «алиппе»

Бишкекте АКШнын 35-президенти президенти Жон Кеннединин "Каармандык өрнөктөрү" китебинин кыргызча котормосунун бет ачаары болуп өттү. Аны которгон белгилүү окумуштуу жана коомдук ишмер Тынчтыкбек Чоротегин. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду тарабынан демилгеленип, жарыкка чыкты. Жон Кеннединин атактуу китебинин кыргызча котормосу саясатчыларга, окумуштууларга саясий ишмердиктин маданияты жана жоопкерчилиги жөнүндө ой ...
01.02.2020

КР Экс-президенти Р.И.Отунбаева Швециянын парламенттик делегациясы менен жолугушту

28-январда КР Экс-президенти Р.И.Отунбаева Швеция Королдугунун Риксдагынын (парламенттин) биринчи вице-спикери АсойЛиндестам баштаган парламенттик делегациясы менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Роза Отунбаева меймандарга “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФнын ишмердүүлүгү, билим берүү, маданият, инновациялык технологиялар, гендердик теңдик жаатындагы жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди. Өз кезегинде делегациянын башчысы, ...
01.02.2020

«Z муундар менен меймандык жолугушуулар» борбор каалабыздын № 9 жана № 37 мектептеринде өттү

30 жана 31-январда №9 жана №37 ОТКда «Z муундар менен меймандык жолугушуулар» акциясынын алкагында жогорку класстын окуучулары менен программалык камсыздоолорду жана тейлөөлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясынын жана IT академиясынын негиздөөчүсү Абакиров Азис жолугушуп, “Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө менен иштөө” презентациясын сунуштады. “Санариптик сабаттуулук” VIII- Билим берүү фестивалына карата ушул жылдын январынан ...
01.02.2020

Жон Кеннединин ишмердиги тууралуу китеп кыргыз тилине которулду

АКШнын 35-президенти Жон Кеннединин өмүрү жана ишмердиги тууралуу “Каармандык өрнөктөрү”- деген китеп кыргыз тилинде чыкты. Бул “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Өмүрү өрнөк адамдар” түрмөгүнөн чыгарган 5-китеп. Аны АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин китеп которуу программасы алкагында каржылаган. Жалпы 2000 нускада басылып, учурда 1500 китеп өлкөнүн бир катар китепканасына берилгенин уюштуруучулар билдирди. Зинакан ...
31.01.2020

Отунбаева: Инстаграм 50 жашта экенсиң деп иштебей койбойт - BBC Kyrgyz

Орто жаштагылар интернет, түрдүү тиркемелерди кандай колдонушат? Экс-президент Роза Отунбаева технологиянын жетишкендиктерин жапырт үйрөнүү зарыл дейт. Би-Би-Синин видео баяндарын толугураак сайтыбыздан көрүңүз: http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/
30.01.2020

Жаңы котормо: Жон Кеннеди баалаган каарман сенаторлор

Америкада жана дүйнөдө каармандар барбы, деги? АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннеди 1956-ж. сенатор кезинде жарыялаган «Каармандык өрнөктөрү» китеби коомдогу каармандык тууралуу жаңы өңүттө ойлонууга түртөт. Тарыхчы жана котормочунун блогу. Китептин автору жана анын көмөкчүсү тууралуу Ошентип, көптөн күткөн учур да келип жетти. АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннеди (John Fitzgerald «Jack» Kennedy; ...
29.01.2020

Президент Джон Ф. Кеннединин «Каармандык өрнөктөрү» китебинин кыргыз тилиндеги котормосу

ПРЕСС-РЕЛИЗ Президент Джон Ф. Кеннединин “Каармандык өрнөктөрү” китебинин кыргыз тилиндеги котормосу 30 январь, 2020-жыл, 14.30 КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын лекторийи Джон Фицджеральд Кеннеди – АКШнын 35 - президенти 20 - кылымдын эң көрүнүктүү саясатчыларынын бири болуп келе жатат. Анын өмүр таржымалы, Кеннеди үй бүлөсүнүн тарыхы азыркы күндө да олуттуу роль ойноп, көптөгөн китеп жана көреөм тасмаларга негизги тема ...
27.01.2020

«Гений» радиоуктуруу: Балдар үчүн «Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланды

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп белгиленди. Албетте, балдарды коргоо багытында, аларга эрте жаштан билим берүү, Кыргызстандын региондорун таанытуу, жаратылышты жакшы көрүп аны коргоо жаатында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2019-2020-окуу жылында “Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз” аттуу эки тилдеги усулдук колдонмо менен дидактикалык материалдан турган Билим сандыгы Бишкек ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»